Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-майы № 252
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн башкаруу тутумун реформалоого байланыштуу, Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-февралындагы № 24 “Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардия менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлерин бириктирүү аркылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы түзүлсүн.
2. Жаңыдан түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардия менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин укук улантуучусу болуп саналары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясына Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын функцияларын, тийиштүү штаттарын, документтерин, имараттарын, курулмаларын, материалдык-техникалык каражаттарын жана башка мүлктөрүн өткөрүп берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясына Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин функцияларын, тийиштүү штаттарын, документтерин, имараттарын, курулмаларын, материалдык-техникалык каражаттарын жана башка мүлктөрүн өткөрүп берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы:
- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган кайра уюштурулуп жаткан юридикалык жактардын өткөрүп берүү актыларын эки айлык мөөнөттө бекитсин.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясына өткөрүлүп берилгенине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн дарылоо-ден соолукту чыңдоо мекемелерин, эс алуу объектилерин жана мектепке чейинки мекемелерин каржылоо маселесин чечсин.
7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |