Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-майы № 253
"Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К. Иманалиев, К.К. Исаев жана К.Ж. Рыспаев тарабынан демилге кылынган "Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12 майындагы № 253 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Иманалиев, К.Исаев жана К. Рыспаев демилге кылган "Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү белгилейт:
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин l-бөлүгү менен "Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин экинчи абзацын жаңы редакцияда баяндоо сунуш кылынган, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү спорттун улуттук түрлөрү жаатында максаттуу мамлекеттик программаларды иштеп чыгат, ишке ашырат жана алардын аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берет, спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүүнү финансылык жактан камсыз кылат. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн спорттун улуттук түрлөрү жаатында максаттуу мамлекеттик программалардын ишке ашырылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берүүсүн караган ченем менен толуктоо сунуш кылынат.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ишинде ушул Конституцияда каралган чектерде Жогорку Кеңешке отчет берет жана анын алдында жооптуу болорун белгилей кетүү керек. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө жыл сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесине, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин бөлүгүнүн 3, 7-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашырууда өнүгүү концепцияларын жана программаларын бекитет, социалдык-экономикалык чөйрөдө, анын ичинде спорт чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат.
Жогоруда аталган ченемдерге ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берүүсү "Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына салыштырмалуу юридикалык кыйла жогору күчкө ээ болгон Кыргыз Республикасынын Конституциясында да, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында да белгиленгендигин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берүүсү боюнча ченемдерди ушул Мыйзам менен бекемдөө максатка ылайыксыз деп ойлойбуз.
2. Муну менен бирге Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгү менен "Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн билим берүү программалары үчүн спорттун улуттук түрлөрү боюнча сабактардын милдеттүүлүгүн регламенттештирүүчү ченемди камтыган экинчи бөлүк менен толуктоо каралган.
Бүгүнкү күндө жалпы билим берүү уюмдарында "Дене тарбия" окуу сабагынын программасы эки бөлүктөн: 48 милдеттүү жана 20 вариациялык сааттан турарын белгилей кетүү керек. Программанын вариациялык бөлүгү спорттун улуттук түрлөрү боюнча сабактарды камтыйт. Мындан тышкары жалпы билим берүү уюмдарында балдар сабактан тышкары убакта спорттун улуттук түрлөрү менен машыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуучу ийримдер иштейт. Ошондой эле республиканын көпчүлүк балдардын-өспүрүмдөрдүн спорт мектептеринде спорттун улуттук түрлөрү боюнча бөлүмдөр бар. Буга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүн алып салууну сунуш кылабыз.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К. Иманалиев, К.К. Исаев жана К.Ж. Рыспаев тарабынын демилге кылынган "Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.