Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 10-декабры № 780
Улуу Ата мекендик согуш майыптарынын
жылып жүрүүчү каражаттарды алуусуна
керектүү медициналык көрсөтмөлөрдүн
Тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясын аткарууда жана Улуу Ата мекендик согуштун майыптарын жылып жүрүүчү каражаттар менен жеңилдетилген тартипте камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу Ата мекендик согуш майыптарынын жылып жүрүүчү каражаттарды алууга медициналык көрсөтмөлөрдүн тиркелген Тизмеси бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр | К.Бакиев |
| № 1 Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-декабрындагы № 780 токтому менен бекитилген |
1. Шал оору же бир бутунун көрүнүп турган чала шал болушу (парез), эки өрөөндүн тең эпкиндеши (параплегия), көрүнүп турган парапарез;
2. Бир жак өрөөнүнө эпкин тийүү (гемиплегия), көрүнүп турган гемипарез;
3. Көрүнүп турган иретсиз кыймыл (атаксия), гиперкинетикалык амиостатикалык синдром;
4. Буттагы кан жана лимфа тамырларынын көңдөйүнүн ичкериши, бүтүшү менен жүрүүчү оорулар (тромбооблитерация) кызыл кан тамырлардын өнөкөт жетишсиздигинин II жана андан жогору даражасы менен;
5. Буттагы көк кан тамырларынын оорусу, алардын өнөкөт жетишсиздигинин III даражасы же эки бутунун II-III даражасы менен;
6. Эки бутунун күпчөк болуп шишип кетиши;
7. Эки беш манжанын мултугу жана ампутациянын андан бийик деңгээли;
8. Муун сенектигинин (анкилоз) көптүгү же бир бутунун же болбосо эки бутунун экиден ашпаган чоң суставынын өтө көрүнүп турган тырышуусу (контрактура);
9. Шарп боюнча эки тамандын тең мултугу (таман сөөктөрүнүн баштарын кесип таштоо менен) жана буттардын андан бийик деңгээлдеги мултуктары;
10. Шыйрактын мултугу жана буттун андан бийик деңгээлдеги ампутациясы;
11. Жамбаш менен кашка жиликтин ашташынын тубаса жана кабылданган чыгып кетиши;
12. Тизе муунунун жана жамбаш менен кашка жиликтин ашташынын салаңдашы;
13. Муун сенектиги (анкилоз) же функционалдык келишпеген абалда 150-дөн төмөн жана 170 градустан өөдө бурчу менен тизе муунунун өтө көрүнүп турган тырышуусу (контрактура);
14. Муун сенектиги (анкилоз) же жамбаш менен кашка жиликтин ашташынын өтө көрүнүп турган тырышуусу (контрактура) (кыймылынын көлөмү 10 градустан төмөн);
15. Тамандын туура эмес абалдагы жото жилик менен таман муунунун өтө көрүнүп турган тырышуусу;
16. Сынган эки кашка жиликтин же жото жиликтин туура эмес бүтүшү алардын 170 градустан төмөн бурчта деформацияланышы менен;
17. Бир аягынын патологиясы менен тешиги, секвестр менен көңдөйү бар өнөкөт (эки жылдан ашык) жүргөн остеомиелит түгөйлүү патологиялар;
18. Кичи жото жиликтин 170 градустан төмөн бурчта деформацияланышында жалган муун же кашка жиликтин, эки шыйрактын же чоң жото жиликтин ири сөөк дефекти (туурасынан кеткен же четтеги, сөөк тегерегинин жартысынан көбү камтылган);
19. Жамбаш менен кашка жшшктин ашташынын эндопротези;
20. Эки тизе муундарынын эндопротези;
21. Бир жак аягынын 10 см кыскарышы;
22. Посттравмалык трофикалык бир кыйла бузуулар көптөн бери айыкпаган жара мемен (6 айдан ашык) же шыйрактын 20 см жана андан чоң, тамандын үстүндө 10 см жана андан чоң, тамандын астында 2 см кичи эмес кайталанган жара;
23. Турууга жана басканга өтө оордук көрсөткөн кыр арка сөөгүнүн оорушу, деформацияланышы; функциясынын бузулуусу өтө көрүнүп турган III-IV даражадагы кыр арканын кыйшайышы;
24. Омуртка муундарынын кыймылсыздандыруучу өнөкөт сезгениши (анкилоздонгон спондилоартрит же Бехтерев оорусу) жамбаш менен кашка жиликтин ашташынын көрүнүп турган тырышуусу менен (контрактура).