Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 558 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-декабрындагы № 800 токтому менен бекитилди |
Иммунопрофилактикалоо маселелери боюнча ведомстволор аралык координациялоо комитети (мындан ары - МКК) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында түзүлөт. Ведомстволор аралык координация комитетин башкаруу "Иммунопрофилактикалоо" Улуттук программасынын башкы координаторуна, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басарына, Комитеттин төрагасы болгон Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык врачына жүктөлөт.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин структуралык түзүлүштөрү, башка тиешелүү министрликтердин, мамкомитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, тармак боюнча жогорку квалификациядагы адистер МККанын курамына киришет. МККанын персоналдык курамы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилет.
МККанын иштөө тартиби анын төрагасы бекиткен планга ылайык жүргүзүлөт. МККанын заседаниелери үзгүлтүксүз, кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда МКК пландан тышкары чакырылышы мүмкүн.
Заседание МККанын мүчүлөрүнүн же аларды алмаштырган адамдардын теңи болгон учурда укуктуу деп эсептелет.
МККанын чечимдери ачык добуш берүү аркылуу добуштун көпчүлүгү менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет. МККанын чечимдери МККанын мүчөлөрүнүн теңи добуш берген учурда укуктуу деп эсептелет. МККанын ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Добуштар бирдей болгон учурда төраганын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
Иммунопрофилактикалоо маселелери боюнча МКК тарабынан кабыл алынган чечимдерди, сунуштарды, нормативдик документтерди аткаруу Кыргыз Республикасынын бардык саламаттык сактоо органдары жана мекемелери үчүн милдеттүү болуп саналат.
МККанын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- иммунизациялоонун улуттук программасын саясий, техникалык жана финансылык жактан колдоо;
- иммунизациялоонун туруктуу программасын түзүүгө багытталган партнерлордун ишин координациялоо;
- иммунизациялоо кызматын чыңдоо боюнча улуттук милдеттенмелерди пропагандалоо жана жогорулатуу.
МККанын иш-аракет принциптери төмөнкүлөрлү камтыйт:
- иммунизациялоо чаралардын артыкчылыгын аныктоо үчүн мамлекеттик структураларды жана эл аралык партнерлорду бириктирүү;
- маалымат алмашуу, ресурстарды мобилизациялоо жана партнердук колдоону координациялоо.
МККанын чечимдери улуттук мүмкүнчүлүктөрдү жогорулаткан Кыргыз Республикасынын шарттарына жана артыкчылыктарына ылайыкташтырылган функционалдуу, ийкемдүү болуу керек.
МКК иммунизациялоо кызматына тиешелүү маселерди чечүүдө сунуштачуу орган болуп эсептелет жана иммунизациялоо улуттук программасын координациялоо жана мониторинг үчүн инструмент катары пайдаланат.
МКК функциялар катары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- "Иммунопрофилактикалоо" Улуттук программасын колдоо, Кыргыз Республикасында иммунизациялоонун туруктуу программмасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
- ресурстарды натыйжалуу пайдалануу үчүн болгон өнөктөрдү колдоону координациялоо, өлкөнүн муктаждыгын камсыз кылуу үчүн жаңы өнөктөрдү издөө жана тартуу;
- эл аралык өкүлчүлүктөрдүн кызматташтыгынын негизги багыттарын иштеп чыгуу;
- улуттук саясатты иштеп чыгууда, максаттарды коюуда, программанын муктаждыгын аныктоодо сунуштоочу орган катары катышуу;
- иммунизациялоонун мамлекеттик программасын, иштин көп жылдык планын иштеп чыгууда жана ишке ашырууда жардам берүү;
- иммунизациялоо улуттук программасынын тереңдетилген баалоосуна, иш-аракетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн моноторингине катышуу. Программанын туруктуулугунун негизги көрсөткүчтөрүнүн мониторинги жана аларды баалоо;
- сапаттуулукту контролдоо механизмдердин өнүгүүсүнө жана кабыл алынган эл аралык стандарттарга ылайык келишине көмөктөшүү;
- жаңы стратегияларды жана иштеп чыгууларды колдоо, аткарууну жана жетишкендикти көзөмөлдөө.
- саламаттык сактоо системасын реформаладоо иммунопрофилактикалоо кызматын колдоо жана өркүндөтүү боюнча стратегиялык варианттарды иштеп чыгуу жана ишке ашырууда көмөк көрсөтүү.
- балдардын жана калктын башка топторун вакцинаны алдын алуу маселелерге тиешелүү максаттуу программаларды ишке ашыруунун жүрүшүндө финансылык колдоо көрсөтүүнү камсыз кылуу;
- муктаждыкты караштыруу жана кошумча ресурстарды мобилизациялоо;
- иммунизациялоо улуттук программасын финансылык колдоого ар андай агенстволор тарабынан милдеттенмелерди стимулдаштыруу;
- иммунизациялоонун туруктуу алгылыктуу программалары үчүн иммунизациялоо кызматын чыңдоого, ошондой эле башка ооруларды контролдоо же азайтууга жардамды жана керектүү ресурстарды табуу;
- тиешелүү жетектөөлөр, эл аралык стандарттар менен камсыздоо кызматына көмөк көрсөтүү, нускамаларды даярдоодо техникалык жардам көрсөтүү;
- социалдык мобидизация каражаттары менен калкты маалымдоону жогорулатууда көмөк көрсөтүү.
- вакциналоо жана иммунизациялоо боюнча Глобалдык Альянска берилүүчү жылдык, орто мөөнөттүү жана корутунду баяндамаларды кароо жана бекитүү.