Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 558 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 21-декабры № 800
"Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын
ишке ашыруу тууралуу
"Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу ооруларга чалдыгуу коркунучу бар аткарылышына байланышкан жана алдын алуу эмдөөлөрдү сөзсүз өткөрүүнү талап кылган иштердин тизмеси;
- Иммунопрофилактикалоо проблемалары боюнча ведомстволор аралык координациялоо комитети жөнүндө жобо.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу дары-дармек менен камсыз кылуу жана медицинамлк техника боюнча департаменти иммунопрофилактикалоо үчүн пайдаланылуучу медициналык иммунобиологиялык препараттардын натыйжалуулук жана коопсуздук сапатын көзөмөлгө алуучу ыйгарым укукту мамлекеттик органы болуп дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2002-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө:
- эмдөөдөн кийинки таталдашууда адамдарды мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринде акысыз дарылоонун тартибин иштеп чыксын жана камсыз кылсын;
- Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында эмдөөдөн кийинки таталдашуу генезин аныктоо, алардын пайда болгон себептерин тактоо жана андан ары болтурбоо максатында иш-чараларды иштеп чыгуу боюнча эксперттик комиссияны түзсүн;
- алдын алуу эмдөөлөрдүн Улуттук календарында каралбаган акы төлөнүүчү алдын алуу эмдөөлөрдү жасоонун тартибин аныктасын;
- эпидемия көрсөткүчтөрү боюнча алдын алуу эмдөөлөрдү жүргүзүүнүн тартибин жана мөөнөттөрүн иштеп чыксын;
- алдын алуу эмдөөлөрдү жүргүзүүдөгү медициналык карама-каршылыктардын тизмесин кайра карап чыксын;
- алдын алуу эмдөөлөрдүн сертификатын иштеп чыксын;
- алдын ала медициналык көрүүнү жана Улуттук календарга киргизилген алдын алуу эмдөөлөрдү жана республиканын граждандарына, чет өлкөлүк граждандарга, граждандыгы жок адамдарга, Кыргыз Республикасынын аймагында такай жашаган же убактылуу болгон качкындарга эпидемия көрсөткүчтөрү боюнча алдын алуу эмдөөлөрдү өткөрүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигн Улуттук календарга киргизилген иммунология препараттарын сатып алуу жана акысыз алдын алуу эмдөөлөрдү, ошондой эле эпидемия көрсөткүчтөрү боюнча алдын алуу эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бюджеттик ассигнованиесинин чегинде финансылык каражаттарды өз учурунда бөлүүнү камсыз кылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | К.Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-декабрындагы № 800 токтому менен бекитилди |
1. Кыргыз Республикасынын аймактарында айыл чарба, гидромелиорациялык, курулуш жана топуракты алуу жана жылдыруу боюнча иштер, адамдарга жана жаныбарларга бирдей жагымсыз инфекциялар боюнча даярдык, өндүрүштүк, геология, изилдөө, экспедиция, дератизация жана дезинсекция иштери.
2. Кыргыз Республикасынын аймактарында адамдарга жана жаныбарларга бирдей жагымсыз инфекциялар боюнча калктын дең-соолугун чыңдоо жана эс алуучу зоналар, жыгач даярдоо, токойду тазалоо жана көрктөңдүрүү боюнча иштер.
3. Адамдарга жана жаныбарларга бирдей жагымсыз инфекциялар боюнча чарбалардан ааднган айыл-чарба чийки заттарын жана продуктыларды даярдоо, сактоо, кайра иштетүү боюнча мекемелердеги иштер.
4. Адамдарга жана жаныбарларга бирдей инфекциялар менен оорулуу малды союу, алардан алынган эт жана эт продуктыларын даярдоо жана кайра иштетүү боюнча иштер.
5. Адамдарга жана жаныбарларга бирдей жагымсыз инфекциялар боюнча мал чарбачылыктардагы мал чарба обьекттерди тейлөөгө жана малды багууга байланышкан иштер.
6. Кароосуз жаныбарларды кармоо жана багуу боюнча иштер.
7. Канализация курулуштарын, жабдууларды жана тармактарды тейлөө иштери.
8. Жугуштуу оорулар менен ооругандарды тейлөө боюнча иштер.
9. Жугуштуу ооруларды козгоочу болгон тирүү культуралар менен иштөө.
10. Адамдын каны жана биологиялык сукжтуктары менен иштөө.
11. Билим берүү мекемелердин бардык түрлөрүндө иштөө.