Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2001-жылдын 28-декабры № 824
"Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Франция Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну
түзүүчү Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы
Элчилигинин 2001-жылдын 7-декабрындагы № 65/МАЕ нотасына
Кыргыз Республикасыыын Тышкы иштер министрлигинин
2001-жылдын 28-декабрындагы № 011-22/1702 жооп
вотасын ратификациялоо жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору
тууралуу
1. "Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Франция Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2001-жылдын 7-декабрындагы № 65/МАЕ нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2001-жылдын 28-декабрындагы № 011-22/1702 жооп нотасын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин.
2. Бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри М.С.Иманалиев көрсөтүлгөн Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталарында кароо учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | К.Бакиев |
| Долбоор |
1-статья.
"Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Франция Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин 2001-жылдын 7-декабрындагы № 65/МАЕ нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2001-жылдын 28-декабрындагы № 011-22/1702 жооп нотасы ратификациялансын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине Кыргыз Республикасы көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички процедураларды аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|