Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 17-июнундагы № 240 токтомуна

ылайык күчүн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2001-жылдын 28-декабры № 829

"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык

кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

долбоору тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна макулдук берилсин.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Т.С.Айтбаев бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталарында кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

 

Премьер-министр

К.Бакиев

 

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

Кыргыз Республикасыңын Кылмыш-жазык кодексине

өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

1-статья.

 

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., N 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 201-статьянын "Эскертүүсүндөгү" "жүз жана андан ашык литр" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "элүү жана андан ашык литр" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

2-статья.

 

Бул Мыйзам жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти