Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-майы № 264
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын алдындагы Социалдык маселелер боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 31-беренесинде иштөөсү каралган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын алдындагы Социалдык маселелер боюнча комиссиянын ишин регламенттөө максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын алдындагы Социалдык маселелер боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:
- бул токтомду ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү;
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж. Оторбаев |