Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-майындагы № 264 токтомуна тиркеме |
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын алдындагы Социалдык маселелер боюнча комиссия (мындан ары -Комиссия) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын - шаарлардын мэриялары, айыл өкмөттөрү тарабынан түзүлөт, өз ишин мезгилдүү негизде ишке ашыруучу жумушчу орган болуп эсептелет.
Комиссиянын иши жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан камсыз кылынат жана балдардын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын камсыз кылууга жана үй-бүлөлөрдү колдоого, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды коргоого багытталат.
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексин, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө», «Кыргыз Республикасында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө», «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Комиссия өз ишинде төмөнкүдөй принциптерди жетекчиликке алат:
- баланын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын, улгайган жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын биринчи кезекте таануу;
- расасы, терисинин өңү, жынысы, тили, дини, саясий же башка ишенимдери, улуттук, этностук же социалдык теги, мүлктүк абалы, жарандын ден соолугунун абалы жана төрөлүү белгилери боюнча басмырлоого жол бербөө;
- коомдун тең укуктуу мүчөлөрү катары баланын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын, улгайган жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сыйлоо жана камсыз кылуу;
- баланы уруп-согуунун, психологиялык зомбулуктун, кемсинтүүнүн же кыянаттык кылуунун бардык формаларынан, сексуалдык зомбулуктан, ырайымсыз мамиледен жана ага эксплуатациялоонун бардык формаларын колдонуудан коргоону камсыз кылуу;
- ата-энелердин жана аларды алмаштыруучу адамдардын укуктарын жана милдеттерин сыйлоо;
- балдарга толук кандуу тарбия берүүнү камсыз кылуу, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, аларды коомдо толук кандуу жашоого даярдоо максаттарында үй-бүлөнү колдоо.
4. Комиссиянын негизги милдеттери:
- турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын, улгайган жарандардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын социалдык жардамдын ар кандай түрлөрүнө муктаждык деңгээлин биринчи иретте аныктоо;
- социалдык колдоо, анын ичинде жакыр үй-бүлөлөрдүн социалдык паспортторунун негизинде балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул дайындоо боюнча чараларды аныктоо;
- гуманитардык жардам алуучулардын тизмесин түзүү жана аны даректүү бөлүштүрүүнү камсыз кылуу;
- калктуу конуштун аймагында жашаган жакыр жарандардын эсебин алууну контролдоо, алардын жашоо шарттарын иликтөө;
- тиешелүү аймакта социалдык кызмат көрсөтүүдө калктын керектөөлөрүнө баалоону жүргүзүүгө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына көмөк көрсөтүү;
- турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды алгачкы (убактылуу) жайгаштырууну камсыз кылууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына көмөк көрсөтүү;
- конкреттүү үй-бүлөнү кедейликтен чыгаруу боюнча иштерди уюштурууда, жергиликтүү жамааттын күчү менен социалдык жардамга муктаж, турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдарга жардам берүүнү уюштурууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына көмөк көрсөтүү;
- социалдык жардамга муктаж, турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү маселелери боюнча социалдык жактан коргоонун, саламаттык сактоонун, билим берүүнүн мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү.
5. Комиссия жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчисинин чечими менен түзүлөт.
6. Комиссиянын курамы жергиликтүү кеңештердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн жана айыл башчыларынан түзүлөт.
7. Комиссиянын жеке курамы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.
8. Комиссиянын төрагасы Комиссиянын ишине жетекчилик кылат жана ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Комиссиянын төрагасы компетенциясынын чегинде төмөнкү функцияларды аткарат:
- Комиссиянын жыйындарына төрагалык кылат;
- Комиссиянын жыйындарын чакырат, комиссиянын көчмө жыйындарын уюштурат;
- талкуулоо үчүн Комиссиянын жыйындарына маселелерди киргизет;
- турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын санын азайтуу боюнча практикалык чаралар жөнүндө сунуштарды жергиликтүү кеңешке киргизет (жашоо-тиричилик шарттарын жакшыртуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, социалдык дүкөн ачуу ж.б.);
- учурдагы уюштуруу маселелерин чечет;
- Комиссиянын жыйындарынын протоколдоруна, корутундуларына кол коёт.
9. Комиссиянын мүчөсү:
- Комиссиянын жыйындарына катышат;
- Комиссиянын жыйындарынын протоколдоруна кол коёт;
- сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизет, макул болбогон учурларда өзүнүн өзгөчө пикирин билдирет;
- Комиссиянын компетенциясына кирген маселелерди Комиссиянын кароосуна киргизүүгө укуктуу;
- Комиссиянын жыйындарынын протоколдорунун жана корутундуларынын көчүрмөлөрүн алууга укуктуу.
10. Комиссиянын катчысы компетенциясынын чегинде төмөнкү функцияларды аткарат:
- Комиссиянын жыйындарын уюштурат;
- Комиссиянын жыйындарынын протоколун түзөт, Комиссиянын чечимин тариздейт;
- Комиссиянын төрагасынын тапшырмасы боюнча Комиссиянын жыйынын чакырат, уюштуруу маселелерин чечет;
- Комиссиянын ишин камсыз кылуу боюнча башка функцияларды ишке ашырат.
- Жыйындардын протоколдору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык сакталат.
11. Комиссиянын жыйыны зарылдыгына жараша, бирок бир айда эки жолудан кем эмес өткөрүлөт.
12. Комиссиянын кароосуна оозеки жана жазуу жүзүндө түшкөн маселелер киргизилет.
Комиссиянын жыйынында каралуучу маселелер Комиссиянын катчысы тарабынан түзүлөт жана Комиссиянын төрагасынын кароосуна киргизилет.
13. Комиссиянын төрагасы Комиссиянын жыйынынын иш тартибин аныктайт жана бекитет, ал жок учурда - Комиссиянын төрагасы аныктаган Комиссиянын мүчөсү анын милдетин аткарат.
14. Комиссия жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн материалдарды түшкөн күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде карайт.
15. Маселени мөөнөтүндө кароого мүмкүнчүлүк болбогон өзгөчө учурларда Комиссия 7 календарлык күндөн ашпаган белгиленген мөөнөткө узартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
16. Комиссия ушул Жободо белгиленген компетенциясынын чегинде төмөнкү маселелерди карайт:
- турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдардын кайрылуулары, арыздары жана өтүнүчтөрү боюнча;
- мамлекеттик органдардын аймактык бөлүнүштөрүнүн, коммерциялык эмес уюмдардын кайрылуулары боюнча;
- өз демилгеси менен жалпыга маалымдоо каражаттарынан, коомчулуктан Комиссиянын мүчөлөрүнө белгилүү болгон фактылар боюнча.
Материалдарды кароодо зарыл болгон учурда Комиссия анын ишине керектүү документтерди жана маалыматтарды мамлекеттик уюмдардан жана мекемелерден, коммерциялык эмес жана башка уюмдардан сурап алууга укуктуу.
17. Комиссиянын жыйынына балдардын, ата-энелердин же аларды алмаштыруучу адамдардын кайрылуулары боюнча 10 жашка толгон, иши каралып жаткан баланын катышуусу, ошондой эле бардык кызыкдар адамдардын катышуусу милдеттүү.
Социалдык жардамга муктаж, турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдар аныкталганда, Комиссия бул адамдар кабылган жагдайды жана кырдаалды иликтейт, ошондой эле муктаж болгон адамдарга тиешелүү жардамдарды жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү маселелерин чечет.
Ар бир учурда кароонун жыйынтыгы боюнча Комиссия төмөнкүдөй чечим кабыл алганга укуктуу:
- турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдардын муктаждыгынын деңгээли жөнүндө жана жергиликтүү жамааттын деңгээлинде тиешелүү чараларды, анын ичинде алдын алуу чараларын көрүү жөнүндө;
- турмуштук оор кырдаалда турган баланы алгачкы жайгаштыруу боюнча чара көрүүгө көмөктөшүү жөнүндө;
- балдарынын жана жакын туугандарынын кароосуз калган улгайган жарандарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык стационардык мекемелерге жиберүүнүн зарылдыгын кароону компетенттүү мамлекеттик органга сунуштоо жөнүндө;
- турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдарга пенсия, жөлөкпул дайындоо, ошондой эле социалдык кызматтарды көрсөтүү жана укуктарын коргоо үчүн социалдык колдоого муктаж болгон жана аныкталган үй-бүлөлөргө жана балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга, улгайган жарандарга турмуштук оор абалын чечүү үчүн таандыктыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга билдирүү жөнүндө;
- ушул Жобонун 4-пунктунда белгиленген компетенциясынын алкагында социалдык жардамга муктаж, турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган башка чечим.
18. Комиссиянын жыйынына жыйындын күнүн жана ордун, маселенин маңызы боюнча ишти кароо, жыйынга чакырылган адамдардын келиши жөнүндө жана алардын түшүнүктөрүн, ишке тиешелүү башка маалыматтарды кыскача жазуу, ошондой эле кабыл алынган чечимди жарыялоо жана ага даттануунун тартибин жана мөөнөттөрүн түшүндүрүү жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен протокол түзүлөт.
19. Протоколго Комиссияга төрагалык кылуучу, мүчөлөрү жана Комиссиянын катчысы кол коюшат.
20. Эгерде жыйынга Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн ичинен көпчүлүгү катышса Комиссиянын жыйыны укуктуу болот.
Комиссиянын чечими жыйынга катышуучу Комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, төрагалык кылуучу жана катчы кол коюшат, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан токтом түрүндө таризделет.
21. Комиссиянын чечиминин көчүрмөсү арыз ээлерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына, ошондой эле социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын аймактык органдарына берилет.
22. Ыйгарым укуктарынын чегинде чыгарылган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын чечими тиешелүү аймактарда аткаруу үчүн милдеттүү.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын чечими сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.