Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2002-жылдын 1-апрели № 184
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу
Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун,
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана
кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин жана
жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын
айылдык товар өндүрүүчүлөргө берилген
бюджеттик ссудаларды, чет өлкөлүк
кредиттерди жана Япония Өкмөтүнүн
гранттарын өз учурунда кайтарып
берүүнү камсыз кылуу боюнча
иштердин жыйынтыктары
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар айылдык товар өндүрүүчүлөргө берилген бюджеттик ссудаларды, чет өлкөлүк кредиттерди жана Япония Өкмөтүнүн гранттарын өз учурунда кайтарып берүүнү камсыз кылуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында мамлекеттик заемдук каражаттар боюнча карыздардын соңку эки жылда кайтарылып берилишинин көбөйүү тенденциясы байкалгандыгын белгилейт.
2002-жылдын 1-февралына карата 1992-1998-жылдарда алынган жана кайтарылып берилүүгө тийиш болгон бюджеттик ссуда жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн 522,7 млн. сом карызынан (Япония Өкмөтүнүн гранттарын кошпогондо) 350,9 млн. сому же 67,1 проценти төлөнгөн.
Ысык-Көл, Ош жана Чүй областтарында жакшы иштер жасалып, ссуда алуучулардын карыз милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу боюнча жергиликтүү аткаруу бийлигинин ар кандай структураларынын координацияланган иш-аракетинин натыйжасында кайтарып берүү көрсөткүчтөрү тийиштүүлүгүнө жараша 87,5, 72,6, 70,2 процентке жетишилди, бул багыт жалпысынан мамлекеттик тартипти чыңдоонун бир түрү катары колдонулат, ошондой эле өндүрүштү өнүктүрүүгө, өзүбүздүн товар өндүрүүчүлөрдү колдоого, мамлекеттик заемдук каражаттар боюнча карыздарды төлөө эсебине келип түшкөн ресурстарды рекредиттөө аркылуу жакырчылыкты жоюуга ички резервдерди активдүү тартуу жүрүп жатат.
2000-2001-жылдарда кредиттик ресурстарды кайтаруунун бир кыйла салыштырма салмагы белгиленди. Бул карыздарды кайтаруунун эсебинен түзүлүүчү ресурстарды чарбалык жүгүртүүгө тартуу, иштин натыйжасы үчүн областтардын, райондордун жетекчилеринин, айыл өкмөт башчыларынын, ар кандай аткаруу бийлик структураларынын жетекчилеринин жоопкерчилигин ар тараптан жогорулатуунун натыйжасы болду.
2001-жылы 2000-жылга салыштырганда бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча карыздарынын кайтарылышы (Япония Өкмөтүнүн гранттарын кошпогондо) 14,2 млн. сомго же 18,0 процентке көбөйдү. 2002-жылдын 1-февралына карата 92,9 млн. сом кайтарылды же тапшырма 72,0 процентке аткарылды. 2001-жылга бюджеттик ссуда жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча карыздарды кайтаруунун белгиленген тапшырмасы (Япония Өкмөтүнүн гранттарын кошпогондо) Чүй областында 105,8 процентке, Ысык-Көл - 103,4, Жалал-Абад - 75,1, Нарын - 54,1, Ош - 38,0, Талас 37,6, Баткен областтарында - 13,7 процентке аткарылды.
Республика боюнча эки область жана тогуз район карыздарды төлөө боюнча тапшырманын аткарылышын камсыз кылды. Булар Чүй жана Ысык-Көл областтары, Жалал-Абад областынын Аксы жана Ала-Бука райондору, Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз, Тоң жана Түп райондору, Чүй областынын Чүй, Ысык-Ата, Москва райондору. Карыздарды кайтаруу боюнча Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун, Нарындын Кочкор району, Таластын Бакай-Ата району, Чүй областынын Сокулук райондору кыйла иштерди жүргүздү.
Ошол эле учурда бюджеттик ссуда жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча карыздарды кайтаруу жагынан тапшырмаларды аткаруунун деңгээли Жалал-Абад областынын Токтогул районунда (тапшырмага карата 23,8 процент), Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунда (23,6 процент), Нарын областынын Жумгал районунда (41,9 процент), Ош областынын Өзгөн районунда (20,1 процент), Кара-Суу районунда (35,5 процент), Талас областынын Кара-Буура районунда (29,6 процент), Чүйдүн Жайыл районунда (30,8 процент), Баткен областынын Баткен районунда (5,4 процент) болгон. Көрсөтүлгөн райондордо уюштуруу иштери начар жүргүзүлүп, карыздарды кайтарууну камсыздоо, аларды төлөөнүн эсебинен ресурс топтоо, аларды өндүрүшкө тартуу боюнча иш-чаралардын комплекси аткарылган эмес.
2001-жылы бюджеттен тышкаркы мамлекеттик ресурстардын эсебинен (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык ресурстар боюнча мамлекеттик комиссия, товар ресурстарынын заемдук каражаттарын кайтаруунун) жеңилдетилген негизде айылдык товар өндүрүүчүлөргө айдап себүү иштерин жүргүзүүгө 108,7 млн. сом суммасында товардык кредит берилген.
2002-жылдын 1-февралына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв боюнча мамлекеттик комиссиядан карыз алынган 10086,8 тонна азык-түлүк буудайынан 7787,4 тоннасы же 77,2 проценти кайтарылды. Карыз алынган буудайды 14 район же 45,2 проценти толук кайтарып берилди. Булардын ичинде Ош областынын бардык райондору, Нарындын Кочкор району, Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз району, Таластын Кара-Буура, Манас, Бакай-Ата райондору, Жалал-Абаддын Тогуз-Торо району, Чүй областынын Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн райондору бар.
Буудай данын кайтарын берүүнүн 90 проценттен ашыгын Ысык-Көл областынын бардык райондору, Баткен областынын Кадамжай жана Баткен райондору, Талас областынын Талас району түздү. 720 жана 99 тонна дан буудай карыз алышкан жана тийиштүүлүгүнө жараша кайтарып берүүнү 95,9 жана 98,1 процентке камсыз кылышкан Ак-Суу жана Түп райондорунда жүргүзүлгөн уюштуруу иштерин белгилей кетүү керек.
Жалпысынан республика боюнча карыз алынган буудайдын 22,8 процентинен Баткен областынын Лейлек районуна 6,3 проценти, Жалал-Абад областынын Токтогул районуна 6,0 проценти туура келет, алар башкаларга караганда ыңгайсыз жаратылыштык-климаттык шарттардан көбүрөөк жапа чегишкен.
Карыз алынган буудайды Жалал-Абад областынын Сузак району (76,2 процент), Чүй областынын Жайыл (67,4 процент) жана Панфилов (74,5) райондору кайтарып берүүнү камсыз кыла алышкан жок.
2000-жылы Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв боюнча мамлекеттик комиссиядан алынган ресурстар боюнча карыздарды жоюу боюнча чаралар көрүлдү. 2001-жылы ушул кредит боюнча карыздардын эсебине 674,8 тонна чогултулуп, кайтарып берүү 77,5 процентти түздү.
Кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөнүнүн республикалык мамлекеттик фондун түзүү боюнча бир кыйла иштер жүргүзүлдү. 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин разнарядкасына ылайык күздүк айдап себүүгө ушул фонддон 14,9 млн. сом суммасында буудайдын 1217 тонна сорттуу үрөнү берилген. 2002-жылдын жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүгө ресурстарды кошумча топтоо боюнча чаралар көрүлүүдө.
1996-2001-жылдардын мезгилинде Япония Өкмөтүнүн гранты боюнча берилген кредиттик ресурстар 508,7 млн. сомду түздү. 2002-жылдын 1-февралына карата төлөнүүгө тийиш болгон 256,0 млн. сомдон 57,7 млн. сом төлөндү. 2002-жылы 280,6 млн. сом төлөнүшү керек, алардын ичинен мөөнөтү узартылган карыз - 198,5 млн. сом, учурдагы карыз - 82,1 млн. сом.
Япония Өкмөтүнүн гранты боюнча карыздарды кайтаруу Нарын, Ысык-Көл жана Талас областтарында начар.
1996-1998-жылдарда жайгаштырылган долбоордук эмес гранттар, ошондой эле дан жыйноочу "Массей Фергюссон" жана "Класс Доминатор" комбайндары боюнча кредиттик багыттарды кайтарып берүүдө проблемалар арбын. Алар боюнча кайтарып берүү тийиштүүлүгүнө жараша 16,9 жана 50 процентке жакынды түзөт.
Япония Өкмөтүнүн грантынын кайтарылып берилишинин төмөндүтү негизинен кредит ресурстарын бөлүштүрүү көпчүлүк учурларда реестр менен гана толтурулуп, иш жүзүндө кредит алуу товардык-транспорттук накладной менен ырасталбагандыгы; төлөп берүү төлөм документтери менен тастыкталбагандыгы; өткөн мезгилде карыз алуучунун статусунун өзгөруп кетиши, ал эми кредиттер кайра оформить этилбегендиги менен шартталган; кредиттик келишимдердин жана күрөө жөнүндө келишимдердин жоктугу, доо коюу иштери Арбитраждык сот аркылуу чечилишин кыйындатат; бир катар райондордо заемдук каражаттарды бөлүү жана аларды жөнгө салуу айылдардагы кредиттик кооперативдердин ассоциациялары тарабынан жүргүзүлүп, жол берилген финансылык тартип бузуулардан улам алардын көпчүлүк бөлүгү тергөөдө турат, ушуга байланыштуу документтер укук коргоо органдары тарабынан алып коюлган.
Жалпысынан 2002-жылдын 1-февралындагы абалы боюнча алынган кредиттер үчүн карыздар боюнча учурдагы төлөмдөрдү эсептегенде мөөнөтү узартылган карыз 423,9 млн. сомду, анын ичинде бюджеттик ссуда жана чет өлкөлүк кредит боюнча - 143,3 млн. сомду, Япония Өкмөтүнүн гранты боюнча - 280,6 млн. сомду түзөт. Бул суммадан 305 млн. сомдун же 72 процентин 1992-1998-жылдары берилген кредиттер түзөт. 2000-2001-жылдардагы бюджеттик ссудалар менен чет өлкөлүк кредиттерди кайтарып берүү боюнча иштердин жыйынтыгы айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн карыздарын төлөө көлөмүн жылына орточо 90-100 млн. сомго чейин жеткирүү мүмкүндүгү бар экендигин көрсөтүп турат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын, Талас жана Баткен областтык мамлекеттик администрациялардын башчыларына бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер, Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрация башчысына Япония Өкмөтүнүн гранттары боюнча жалпы карызды жоюунун көлөмүнүн аздыгынан көрүнгөн жетишсиз иштери көрсөтүлсүн жана алар чарбалык жүгүртүүгө тартуу үчүн карыздарды кайтаруунун эсебинен ресурстарды көбөйтүү, аткаруу бийлигинин ар түрдүү структураларынын мамлекеттик карыз каражаттар боюнча карыздык милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо боюнча координацияланган аракеттерди күчөтүү боюнча конкреттүү чарбаларды көрүүгө милдеттендиришсин.
2. Областтык мамлекеттик администрациялардын башчыларына Токтогул, Ысык-Көл, Жумгал, Өзгөн, Кара-Суу, Кара-Буура, Жайыл райондук мамлекеттик администрация башчыларынын бюджеттик ссудаларды жана чет өлкөлүк кредиттерди кайтарунун аздыгы үчүн жоопкерчиликтерин кароо тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фондго, областтык, райондук администрациялардын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларына тапшырылсын:
- карыздарды жоюудан түшкөн ресурстардын эсебинен айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн арасында кредиттик саясат жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ар бир кредиттик линия үчүн кредит берүүнүн шарттарын жана мөөнөттөрүн, жоюунун формаларын (натуралай же акчалай каражаттар менен) иштеп чыгуу;
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарында карыз каражаттардын областтар, райондор жана айыл өкмөттөрү боюнча бөлүштүрүлүшүн жарыялоону камсыздоо, баардык деңгээлдердеги тендердик комиссиялардын ишинин ар тараптан ачык-айкындыгын камсыздоо;
- өндүрүштү турукташтыруу жана көлөмүн көбөйтүү үчүн жеңилдетилген мамлекеттик кредиттерди биринчи кезекте табигый кырсыктардан жабыркаган жана убактылуу финансылык кыйынчылыкта турган айылдык товар өндүрүүчүлөргө, ошондой эле жаратылыштык-климаттык шарттары татаал райондордогу айылдык товар өндүрүүчүлөргө бөлүү; каражаттарды катуу даректүү бөлүү;
- айылдык товар өндүрүүчүлөргө арналган товардык кредиттерди, айрыкча Япония Өкмөтүнүн гранттары боюнча айыл чарба техникасын эреже катары дыйкан чарбаларга, бириккен дыйкан чарбаларына жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн башка бирикмелерине бөлүү. Товардык кредиттерди жеке адамдарга кредит алуу зарылдыгына тийиштүү негиздеме жана ал жеке адам эч бир дыйкан чарбага же бирикмеге кирбегендигин күбөлөндүргөн документтер болгондо гана берүүгө болот.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен бирдикте эки айлык мөөнөттө мамлекеттик заемдук каражаттар боюнча карыздарды кайтаруудан түшкөн каражаттардын эсебинен камсыздандыруу фондун иштеп чыксын жана ал боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду республикалык мамлекеттик фондуга жүгөрүнүн, эспарцеттин жана беденин бюджеттик ссуда жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча карызды төлөө эсебине чарбакер субъекттер тарабынан берилүүчү сорттуу үрөндөрүн ага республиканын областтары жана райондорунун мамлекеттик үрөнчүлүк инспекция кызматтары берген тиешелүү документтер болгондо сактоого койсун. Сорттуу үрөндөрдү сактоого коюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-сентябрындагы № 337-б буйругу менен аныкталган шарттарда жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссия мамлекеттик заемдук каражаттар боюнча карыздарды төлөө эсебине республикалык мамлекеттик фондуга чарбакер субъекттер тапшырылуучу сорттуу үрөндөргө, жүгөрүнүн, эспарцетин жана беденин сорттуу үрөнүнө эки жумалык мөөнөттө белгиленген тартипте бааны белгиленсин.
6. 2002-жылга бюджеттик ссуда, чет өлкөлүк кредиттер жана Япония Өкмөтүнүн гранттары боюнча карыздарды төлөөнүн көлөмү боюнча тапшырма областтарга карата тиркемеге ылайык белгиленсин. Областтык мамлекеттик администрациялар мындай тапшырманы ар бир районго жана айыл өкмөттөрүнө жеткирсин.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар бул токтомдун аткарылышынын жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2003-жылдын 1-февралына карата билдирсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | К.Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 1-апрелиндеги № 184 токтомуна тиркеме |
(млн.сом)
┌─┬─────────────────────────────────────────────────┬─────────┬───────┐
│№│Областтар │Бюджеттик│Япония │
│ │ │жана чет │гранты-│
│ │ │өлкөлүк │нын │
│ │ │кредиттер│кара- │
│ │ │ │жаттары│
├─┼─────────────────────────────────────────────────┼─────────┼───────┤
│1│Ош │14,1 │11,1 │
├─┼─────────────────────────────────────────────────┼─────────┼───────┤
│2│Жалал-Абад │22,2 │10,7 │
├─┼─────────────────────────────────────────────────┼─────────┼───────┤
│3│Баткен │16,1 │16,2 │
├─┼─────────────────────────────────────────────────┼─────────┼───────┤
│4│Талас │22,3 │7,1 │
├─┼─────────────────────────────────────────────────┼─────────┼───────┤
│5│Нарын │19,8 │7,5 │
├─┼─────────────────────────────────────────────────┼─────────┼───────┤
│6│Ысык-Көл │5,8 │14,8 │
├─┼─────────────────────────────────────────────────┼─────────┼───────┤
│7│Чүй │39,7 │17,0 │
├─┼─────────────────────────────────────────────────┼─────────┼───────┤
│8│"Айылтехсервис" ОАОсу │- │27,1 │
├─┼─────────────────────────────────────────────────┼─────────┼───────┤
│9│"Кыргызайылкөмөк" АКсы │- │1,7 │
├─┼─────────────────────────────────────────────────┼─────────┼───────┤
│ │Республика: │143,2 │113,2 │
└─┴─────────────────────────────────────────────────┴─────────┴───────┘
Премьер-министрдин Аппарат Жетекчиси Кыргыз Республикасынын Министри |
К.Укулов |