Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2002-жылдын 3-майы № 273
"Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү
мектептеринде окуучулардын тамактануусун
уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбооруна корутунду тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык:
1. "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | К.Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктун жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты А.Сабиров демилге кылган "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, аны кабыл алуу төмөнкү негиздер боюнча максатка ылайыксыз деп эсептейт.
1. Окуучулардын тамактануусун уюштуруунун каралган проблемасы маанилүү, ошондой болсо да быйылкы жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен социалдык чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акы 15%ке жана пособиелердин өлчөмү 20%ке жогорулатылганын эске алсак, аларга төлөө үчүн 2002-жылы кошумча 400 млн. сомдон ашык бөлүү зарыл, 2002-жылдын 1-сентябрынан баштап тамактанууну уюштуруу үчүн дагы кошумча 111,3 млн. сом издеп табуу жана андан кийин жыл сайын 333,8 млн. сомдон кароо мүмкүн эмес болуп эсептелет.
Ушуга байланыштуу финансылык ресурстар менен камсыз болбогон "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу азыркы этапта эрте деп эсептейбиз.
Маалымат үчүн: Азыркы учурда статотчеттор боюнча мектептер шаар, айыл мектептери болуп бөлүнөт жана бийик тоолуу жана алыскы райондордо жайгашкан мектептер боюнча отчеттуулук жок. Анын натыйжасында тамактанууну уюштуруу үчүн зарыл болгон каражаттардын өлчөмүн кыска мөөнөттө аныктоо кыйынга турат.
Тамактанууну уюштуруу үчүн алгачкы этапта айыл мектептеринде гана 333,8ден ашык млн. сом, ал эми бардык мектептерде тамактанууну уюштуруу үчүн 471,2ден ашык млн. сом керек болот.
Жалпы билим берүүчү мектептерде 1-4-класстардын
окуучулары үчүн тамактанууга сарптоолордун
эсеби
- тамактануу күнүнүн саны 208 (каникулдарды жана жекшемби күндөрдү кошпогондо жылдагы күндөрдүн саны);
- тамактын баасы (сүт-булочка) - 5 сом;
- 1-4-класстардын окуучуларынын саны айыл жеринде - 321,0 миң адам, шаар жеринде - 132,1 миң адам.
Тамактанууга сарптоолордун эсеби:
- айыл жериндеги мектептер үчүн - 321,0 х 208 х 5 = 333840 миң сом = 333,8 млн. сом;
- шаар жериндеги мектептер үчүн - 132,1 х 208 х 5 = 137384 миң сом = 137,4 млн. сом.
2. "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун редакциясына карата төмөнкүлөрдү белгилейбиз.
Берилген документтин аталышы боюнча
Мыйзам жалпы жоболорду аныктайт, ал эми мектептерде тамактанууну уюштуруу тартибин белгилөө, төлөө өкмөттүк нормативдик документтер менен жөнгө салынууга тийиш. Төмөнкүдөй вариант сунуш кылынат: "Жалпы билим берүүчү мектептерде окуучулардын тамактануусу жөнүндө".
Мыйзам долбоору боюнча
1. Жогорудагы аталышы боюнча эскертүүнү эске алуу менен, преамбуланы төмөнкүдөй редакцияда баяндоо сунуш кылынат: "Бул Мыйзам Билим жана маданият министрлигинин жалпы билим берүүчү мектептеринин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу зарылдыган аныктайт".
2. 1-статья боюнча:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Тамактануу мектеп ашканаларында уюштурулат, ашкана жок болгон учурда бөлүштүрүп-таратуучу жай уюштурулат".
Статьяда негизги түшүнүктөр жана анда пайдаланылуучу терминдер бекем орун алышы керек болучу. Долбоордо камтылган нормалар көбүнчө конкреттүү укуктук көрсөтмөлөргө ээ эмес, ал эми статьялар толук регламентацияга ээ болбой калган.
3. 2, 3, 4-статьялар бирин бири кайталайт, аларды бириктирүү жана төмөнкүдөй редакцияда берүү зарыл: "1-4-класстардын окуучуларына сменасына карабастан экинчи сабактан кийин бекер тамак-аш (сүт-булочка) берилет".
4. 5, 7, 8-статьяларды бириктирүү жана төмөнкүдөй редакцияда берүү сунуш кылынат: "Санитариялык-гигиеаналык нормаларды эсепке алуу менен тамактанууну уюштуруу мектеп администрациясына тапшырылат. Көзөмөлдү мектеп администрациясы, медкызматкерлер, ата-энелер комитети жүргүзөт".
5. 6-статьяны кайрадан редакциялоо зарыл, анткени "алуу" деген сөз төлөөнү түшүндүрөт.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 16-декабрындагы Мыйзамынын 32-статьясынын төртүнчү абзацына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары балдарды медициналык тейлөөнү жана тамактандырууну уюштурат. Ушул эле учурда жогоруда аталган Мыйзамдын 27-статьясы балдардын жана окуган жаштардын ден соолуктарын коргоого багытталган нормаларды карайт.
Жогоруда аталган Мыйзамдын 38-статьясына ылайык негизги каржылоо булактары болуп республикалык жана жергиликтүү бюджеттер эсептелет. Ушуга байланыштуу долбоордун 10-статьясында окуучулардын тамактануусун уюштуруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүүнү жөнгө салуучу норманы кароону сунуш кылабыз.
Бул учурда, берилген Мыйзам долбоорунда Мыйзамды ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын милдеттерин жана жоопкерчилигин жөнгө салууга багытталган норма көрсөтүлгөн эмес.
Жалпысынан Мыйзам долбоорун карап чыгып, долбоордо камтылган нормаларды мыйзамга негизделген актылардын деңгээлинде жөнгө салууга болот деп эсептейбиз.
Жогоруда айтылгандары эске алып, ошондой эле берилген Мыйзам долбоорунда ушул жагдайда укуктук мамилелерди жөнгө салууга багытталган иштиктүү нормалар камтылбагандыктан сунуш кылынган редакциядагы ушул Мыйзамды кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
Премьер-министр | К.Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктун жетечиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты А.Сабиров демилге кылган "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактануусун (уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, аны кабыл алуу төмөнкү негиздер боюнча максатка ылайыксыз деп эсептейт.
1. Окуучулардын тамактануусун уюштуруунун каралган проблемасы маанилүү, ошондой болсо да быйылкы жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен социалдык чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акы 15%ке жана пособиелердин өлчөмү 20%ке жогорулатылганын эске алсак, аларга төлөө үчүн 2002-жылы кошумча 400 млн. сомдон ашык бөлүү зарыл, 2002-жылдын 1-сентябрынан баштап тамактанууну уюштуруу үчүн дагы кошуша 111,3 млн. сом издеп табуу жана андан кийин жыл сайын 333,8 млн. сомдон кароо мүмкүн эмес болуп эсептелет.
Ушуга байланыштуу финансылык ресурстар менен камсыз болбогон "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу азыркы этапта эрте деп эсептейбиз.
Маалымат үчүн: Азыркы учурда статотчеттор боюнча мектептер шаар, айыл мектептери болуп бөлүнөт жана бийик тоолуу жана алыскы райондордо жайгашкан мектептер боюнча отчеттуулук жок. Анын натыйжасында тамактанууну уюштуруу үчүн зарыл болгон каражаттардын өлчөмүн кыска мөөнөттө аныктоо кыйынга турат.
Тамактанууну уюштуруу үчүн алгачкы этапта айыл мектептеринде гана 333,8ден ашык млн. сом, ал эми бардык мектептерде тамактанууну уюштуруу үчүн 471,2ден ашык млн. сом керек болот.
Жалпы билим берүүчү мектептерде 1-4-класстардын
окуучулары үчүн тамактанууга сарптоолордун эсеби
- тамактануу күнүнүн саны 208 (каникулдарды жана жекшемби күндөрдү кошногондо жылдагы күндөрдүн саны);
- тамактын баасы (сүт-булочка) - 5 сом;
- 1-4-класстардын окуучуларынын саны айыл жеринде - 321,0 миң адам, шаар жеринде - 132,1 миң адам.
Тамактанууга сарптоолордун эсеби:
- айыл жериндеги мектептер үчүн - 321,0 х 208 х 5 = 333840 миң сом = 333,8 млн. сом;
- шаар жериндеги мектептер үчүн - 132,1 х 208 х 5 = 137384 миң сом = 137,4 млн. сом.
2. "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун редакциясына карата төмөнкүлөрдү белгилейбиз.
Берилген документтин аталышы боюнча
Мыйзам жалпы жоболорду аныктайт, ал эми мектептерде тамактанууну уюштуруу тартибин белгилөө, төлөө өкмөттүк нормативдик документтер менен жөнгө салынууга тийиш. Төмөнкүдөй вариант сунуш кылынат: "Жалпы билим берүүчү мектептерде окуучулардын тамактануусу жөнүндө".
Мыйзам долбоору боюнча
1. Жогорудагы аталышы боюнча эскертүүнү эске алуу менен, преамбуланы төмөнкүдөй редакцияда баяндоо сунуш кылынат: "Бул Мыйзам Билим жана маданият министрлигинин жалпы билим берүүчү мектептеринин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу зарылдыгын аныктайт".
2. 1-статья боюнча:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Тамактануу мектеп ашканаларында уюштурулат, ашкана жок болгон учурда бөлүштүрүп-таратуучу жай уюштурулат".
Статьяда негизги түшүнүктөр жана анда пайдаланылуучу терминдер бекем орун алышы керек болучу. Долбоордо камтылган нормалар көбүнчө конкреттүү укуктук көрсөтмөлөргө ээ эмес, ал эми статьялар толук регламентацияга ээ болбой калган.
3. 2, 3, 4-статьялар бирин бири кайталайт, аларды бириктирүү жана төмөнкүдөй редакцияда берүү зарыл: "1-4-класстардын окуучуларына сменасына карабастан экинчи сабактан кийин бекер тамак-аш (сүт-булочка) берилет".
4. 5, 7, 8-статьяларды бириктирүү жана төмөнкүдөй редакцияда берүү сунуш кылынат: "Санитариялык-гигиеналык нормаларды эсепке алуу менен тамактанууну уюштуруу мектеп администрациясына тапшырылат. Көзөмөлдү мектеп администрациясы, медкызматкерлер, ата-энелер комитети жүргүзөт".
5. 6-статьяны кайрадан редакциялоо зарыл, анткени "алуу" деген сөз төлөөнү түшүндүрөт.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 16-декабрындагы Мыйзамынын 32-статьясынын төртүнчү абзацына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары балдарды медициналык тейлөөнү жана тамактандырууну уюштурат. Ушул эле учурда жогоруда аталган Мыйзамдын 27-статьясы балдардын жана окуган жаштардын ден соолуктарын коргоого багытталган нормаларды карайт.
Жогоруда аталган Мыйзамдын 38-статьясына ылайык негизги каржылоо булактары болуп Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер эсептелет. Ушуга байланыштуу долбоордун 10-статьясында окуучулардын тамактануусун уюштуруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүүнү жөнгө салуучу норманы кароону сунуш кылабыз.