Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-майы № 280
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 666 "Ата мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Акциялардын мамлекеттик пакети бар акционердик коомдордун жана мамлекеттик ишканалардын финансылык абалынын көрсөткүчтөрүнө талдоону уюштуруу жана жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 666 "Ата мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык отчетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
мамлекеттик тилдеги тексттин 1-пунктундагы "тизмеси" деген сөз "тизмеги" деген сөзгө алмаштырылсын;
2-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
"2. Тиркелген Тизмекте көрсөтүлгөн акциялардын мамлекеттик пакети бар акционердик коомдорго жана мамлекеттик ишканаларга төмөнкүлөр сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондго (мындан ары - Фонд) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Фонд тарабынан белгиленүүчү форма боюнча бекитилген бюджеттик маалыматтарды берип туруу;
- Фондго, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине (мындан ары - Финансы министрлиги) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 30унан кечиктирбестен Финансы министрлиги тарабынан белгиленүүчү форма боюнча тышкы карыздар жөнүндө маалымат берип туруу;
- алынуучу зайымдардын шарттарынын жеңилдик чен белгилерине шайкеш келүүсүнө Финансы министрлигинин оң корутундусу болгон учурда жаңы тышкы карыздарды алуу ("ЭСК Банк" ачык акционердик коомун кошпогондо).";
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1 пункт менен толукталсын:
"2-1. Тиркелген Тизмекте көрсөтүлгөн акциялардын мамлекеттик пакети бар акционердик коомдорго жыл сайын, акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өткөрүлгөндөн кийин 30 күндөн кечиктирбестен ушул токтомдун 2-пунктунун үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн маалыматты берип туруу сунушталсын.";
- 3-пункттун үчүнчү абзацы "квартал сайын" деген сөздөрдөн кийин ", отчеттук мезгилден кийин 30 күндөн кечиктирбестен жана жыл сайын, акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өткөрүлгөндөн кийин 30 күндөн кечиктирбестен" деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Акциялардын мамлекеттик пакети бар акционердик коомдордун жана бюджеттерин мониторингдөө зарыл болгон мамлекеттик ишканалардын Тизмесинде:
- мамлекеттик тилдеги аталышындагы "тизмеси" деген сөз "тизмеги" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Дж. Оторбаев |