Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 864 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-майы № 278
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыздоо нормаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Соттолгондорду материалдык-тиричиликтик жактан камсыздоо максатында, "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыздоо нормаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жазык-аткаруу системасынын мекемелериндеги соттолгон жана камакка алынган адамдарды материалдык-тиричилик жактан камсыздоо нормаларында:
- № 3 "Узак убакытка чейинки жолугушуу бөлмөсү үчүн зарыл эмерек жана буюмдардын нормасынын эскертүүсү" төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Узак убакытка чейинки жолугушуу үчүн жогорку ыңгайлуу бөлмөлөр телевизор, аудио, видео техника жана душ кабина менен кошумча камсыздалат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.Оторбаев |