Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-майы № 279
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-октябрындагы № 654 "Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-октябрындагы № 654 "Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттун үчүнчү абзацындагы "облустук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду контролдоо боюнча Мамлекеттик координациялык комитеттин курамы бул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-майындагы 279 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри, комитеттин төрагасы;
баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси, комитеттин төрагасынын орун басары.
Комитеттин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук тартип маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары;
улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары;
коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары;
мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары;
бажы иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары;
жаза-аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басары;
финансылык чалгындоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары;
саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары;
билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары;
айыл чарба жана мелиорация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары;
финансы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары;
жаштар иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары;
экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары;
дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары;
статистика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);
жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары;
саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Республикалык наркология борборунун жетекчиси.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-майы № 279
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-октябрындагы № 654 "Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 393 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-октябрындагы № 654 "Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттун үчүнчү абзацындагы "облустук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 393 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 393 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |