ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-майындагы № 279 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-октябрындагы № 654 «Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет боюнча кошумча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 26-майы № 279

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-октябрындагы № 654 "Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 393 токтомунун редакциясына ылайык)

 

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-октябрындагы № 654 "Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункттун үчүнчү абзацындагы "облустук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 393 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 393 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев