Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-майындагы № 284 токтому менен бекитилген |
Шанхай кызматташуу уюмунун мамлекет-мүчөлөрүнүн өкмөттөрү, мындан ары Тараптар аталып,
тең укуктуулук жана өз ара сый көрсөтүүнүн негизинде, калктын саламаттык деңгээлин жогорулатуу, Шанхай кызматташуу уюмунун (ШОС) мамлекет-мүчөлөрүнүн элдери ортосунда достук мамилелерди чыңдоо жана өнүктүрүү максатында,
2002-жылдын 7-июнундагы ШОС Хартиясынын жоболорун, 2007-жылдын 16-августундагы ШОС мамлекет-мүчөлөрүнүн ынтымактуу коңшулук, достук жана кызматташуу жөнүндө Келишимди, 2010-жылдын 18-ноябрындагы ШОС мамлекет-мүчөлөрүнүн саламаттык сактоо министрлеринин биринчи кеңешмесинин протоколун, ошондой эле ШОСтун башка документтерин жетекчиликке алып,
ШОС мамлекет-мүчөлөрүнүн ортосунда саламаттык сактоо тармагындагы кызматташууну кеңейтүүгө умтулуп,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
Статья 1.
Тараптар ШОС мамлекет-мүчөлөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык кызматташууну төмөнкү багыттар боюнча өнүктүрөт:
- илим жана инновациялык технологиялар;
- инфекциялык ооруларды алдын алуу жана контролдоо;
- дары каражаттардын жана медициналык багыттагы буюмдардын коопсуздугу жана сапаты;
- саламаттык сактоону маалыматташтыруу жана телемедицина;
- өзгөчө кырдаалда жана табият кырсыктарында медициналык жардам көрсөтүү;
- баштапкы медициналык-санитардык жана жогорку технологиялуу медициналык жардам;
- эне жана баланын саламаттыгын сактоо;
- инфекциялык эмес оорулар жана сергек турмуш үлгүсүн калыптандыруу;
- тамак аш продуктулардын коопсуздугу.
Тараптар жалпы макулдугу боюнча кызматташууну башка багыттар боюнча жүргүзүшү мүмкүн.
Статья 2.
Бул Макулдашуунун 1-статьясында көрсөтүлгөн кызматташуу багыттары ШОС мамлекет-мүчөлөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык төмөнкү формаларда ишке ашырылат:
- илимий жана инновациялык жетишкендиктер менен алмашуу;
- алдыңкы жана заманбап технологиялар менен алмашуу;
- Тараптар өткөргөн эл аралык иш-чараларга (көрсөтмөлөр, конференциялар, симпозиумдар ж.б.) катышуу;
- коомдук саламаттык сактоого коркунуч келтирген өзгөчө кырдаалдарда маалыматтар менен оперативдүү алмашуу;
- ШОС мамлекет-мүчөлөрүнүн саламаттык сактоо уюмдары жана мекемелери ортосунда аракеттешүү.
Статья 3.
Тараптар эл аралык келишимдердин катышуучулары катары жана улуттук мыйзамдарга ылайык ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө алган интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарына укуктардын корголушун камсыз кылышат.
Статья 4.
Тараптар ушул Макулдашуу боюнча өз милдеттерин аткарууга байланыштуу бардык чыгашаларды, эгерде Тараптар ортосунда башка келишимдер жок болсо, өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык өз алдынча жабат.
Статья 5.
Бул Макулдашуунун жоболорун аткаруу боюнча кызматташууну координациялоо Эксперттик жумушчу топ тарабынан жүргүзүлөт, анын иш-аракети тиешелүү Регламент менен жөнгө салынат.
Статья 6.
Бул Макулдашуунун айрым жоболорун ишке ашыруу максатында Тараптар тиешелүү Макулдашууларды түзүшү мүмкүн.
Статья 7.
Тараптардын макулдугу менен бул Макулдашууга өзгөрүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өз алдынча протоколдор менен таризделет.
Статья 8.
Бул Макулдашуу мамлекеттер катышкан башка эл аралык келишимдерден чыккан Тараптардын укуктарын жана милдеттерин козгобойт.
Статья 9.
Бул Макулдашуунун жоболорун колдонууга жана талкуулоого байланыштуу талаш суроолор жана кайчылаш пикирлер пайда болгон учурларда, алар Тараптар ортосундагы сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет.
Статья 10.
Бул Макулдашуунун алкагында жумушчу тилдер болуп орус жана кытай тили саналат.
Статья 11.
Бул Макулдашуу аныкталбаган мөөнөткө түзүлөт жана анын күчүнө киришине керектүү ички мамлекеттик жол-жоболор аткарылгандыгы тууралуу ар бир кол койгон Тараптардын кат аркылуу акыркы билдирмеси алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Статья 12.
Күчүнө киргенден кийин, бул Макулдашуу ШОС мүчөсү болгон ар мамлекет үчүн кошулууга дайыма ачык.
Кошулган мамлекет үчүн бул Макулдашуу кошулуу жөнүндө документти депозитарий алган күндөн тартып 30 күндөн кийин күчүнө кирет.
Депозитарий Тараптарды кошулган мамлекеттерге карата бул Макулдашуу күчүнө кирген күн тууралуу билдирет.
Статья 13.
Ар бир Тарап бул Макулдашуудан чыгып кетиши мүмкүн, ал үчүн болжолдуу чыгып кетүү күнгө чейин 90 күн калганда депозитарийге өз ниети тууралуу кат аркылуу дипломатиялык каналдар боюнча билдирме жөнөтөт. Депозитарий ошол ниети тууралуу башка Тараптарды чыгып кетүү жөнүндө билдирме алган күндөн тартып 30 күндүн ичинде билдирет.
Бул Макулдашуунун күчүн токтотуу, эгерде Тараптар башка тууралуу сүйлөшпөсө, ушуга байланыштуу башталган, бирок күчүн токтотконго чейин бүтүрө элек ишмердүүлүккө тиешеси жок болот.
Статья 14.
Бул Макулдашуунун депозитарийи болуп ШКУ Секретариаты саналат, ал ушул Макулдашууга кол койгондон кийин 15 күндүн ичинде анын тастыкталган көчүрмөсүн Тараптарга жиберет.
Астана шаарында (Казахстан Республикасы) 2011-жылдын 15-июнунда бир түп нуска экземплярда орус жана кытай тилдеринде, эки тексттин тең бирдей күчү бар болуп жасалды.
Казахстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| (Колу) |
Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| (Колу) |
Кыргызстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| (Колу) |
Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн |
| (Колу) |
Тажикстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| (Колу) |
Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| (Колу) |