Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-майы № 284
Астана шаарында 2011-жылдын 15-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Астана шаарында 2011-жылдын 15-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгына аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
3. Аталган Макулдашуудан келип чыккан милдеттерди аткарууга жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.Оторбаев |