Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-майы № 287
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 529-бер.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 31-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы "о)", "п)", "р)", "с)" пункттары менен толукталсын:
"о) судьяларды, прокурорлорду, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук органынын жана мамлекеттик статистика органынын аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилерин кошпогондо, өзүнүн милдеттерин, ошондой эле Бишкек шаарынын же Ош шаарынын мэринин чечимдерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик органдардын аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилерин бошотуу маселеси боюнча мамлекеттик органдын жетекчисине Бишкек шаарынын же Ош шаарынын мэри сунуш киргизгенде;
п) мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилерин бошотуу маселеси боюнча мамлекеттик органдын жетекчисине мэр кайталап сунуш киргизген учурда (мамлекеттик органдын жетекчиси мэрдин сунушуна макул эместигин билдирген күндөн тартып 3 айдын ичинде) судьяларды, прокурорлорду, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук органынын жана мамлекеттик статистика органынын аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилерин кошпогондо, мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилерин бошотуу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Бишкек шаарынын же Ош шаарынын мэри менен макул болгондо;
р) судьяларды, прокурорлорду, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук органынын жана мамлекеттик статистика органынын аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилерин кошпогондо, өздөрүнүн милдеттерин, ошондой эле Бишкек же Ош шаардык кеңештеринин чечимдерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик органдардын аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилерине Бишкек же Ош шаардык кеңештери тарабынан ишеним көрсөтүлбөгөндө;
с) судьяларды, прокурорлорду, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук органынын жана мамлекеттик статистика органынын аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилерин кошпогондо, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилерине Бишкек же Ош шаардык кеңештери тарабынан ишеним көрсөтпөө тууралуу кайталап (мамлекеттик органдын жетекчиси шаардык кеңештин чечимине макул эместигин билдирген күндөн тартып 3 айдын ичинде) чечим кабыл алынганда.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|