Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-майындагы № 289 токтому менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы (мындан ары - Улуттук гвардия) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн, коомду жана жарандарды коргоону камсыздоо, ошондой эле мамлекеттик жана стратегиялык маанилүү объектилерди кайтаруу боюнча кызматтык-күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу үчүн арналган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамындагы атайын аскердик түзүм болуп эсептелет.
2. Улуттук гвардия уюштуруу-укуктук формасы боюнча юридикалык жак - мекеме болуп саналат, өзүнүн символикасы, Күжүрмөн туусу, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы, өз ишин жүзөгө ашырууга зарыл болгон мөөрлөрү, штамптары жана бланктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачылуучу эсептери бар.
3. Улуттук гвардиянын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана ушул Жобо түзөт.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын иши төмөнкүдөй принциптердин негизинде түзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана башка ченемдик укуктук актыларды так жана катуу аткаруунун;
- жеке башкаруунун;
- адам укуктарын жана эркиндигин сактоонун;
- мыйзамдуулуктун.
5. Улуттук гвардия аскердик башкаруу органдарынан, бирикмелерден, аскердик бөлүктөрдөн жана мекемелерден турат.
6. Улуттук гвардияга төмөнкүдөй милдеттер жүктөлөт:
1) өлкөнүн конституциялык түзүлүшүн, мамлекеттик эгемендигин, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн коргоого катышуу;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте аскердик жана өзгөчө кырдаалдар режиминин шарттарында иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
3) Кыргыз Республикасынын аймактык коргонуусуна катышуу;
4) мамлекеттик жана стратегиялык объектилерди кайтаруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган кайтаруунун тизмеги жана эрежелери;
5) улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен Кыргыз Республикасынын ички иштеринин коргоодогу объекттеринин коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсү;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка милдеттерди аткаруу.
7. Жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Улуттук гвардия төмөнкү функцияларды. аткарат:
1) күжүрмөн даярдыкты кармап туруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча ишке катышуу;
3) мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга катышуу;
4) өзүнүн укуктарынын чегинде террорчулук, диний экстремизм жана сепаратизм менен күрөшүүгө катышуу;
5) "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иш-чараларга катышуу;
6) чет мамлекеттердин башчыларын тосууда жана узатууда, Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында орнотулган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жанында ардак кароол кызматын өтөө;
7) протоколдук иш-чараларды өткөрүүдө аземдик каада-салттарды аткарууга катышуу;
8) коргоодогу объекттерде кайтаруу жана өткөрүү режимин уюштуруу;
9) укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен өз компетенциясынын чегинде өз ара аракеттенүү;
10) чет мамлекеттердин тиешелүү түзүмдөрү менен кызматташтыкты уюштуруу, аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын программаларын ишке ашыруу;
11) мамлекеттик, аскердик жана кызматтык сырды түзгөн маалыматтарды коргоону камсыздоо;
12) материалдык-техникалык, финансылык, маалыматтык, моралдык-психологиялык, чарбалык жана башка ишти камсыздоо, казармалык-турак жай фондун күтүү жана пайдалануу;
13) Улуттук гвардиянын аскер кызматчыларын, пенсионерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, каза болгон (өлгөн) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык жана укуктук жактан коргоону уюштуруу жана камсыздоо;
14) Улуттук гвардиянын аскер кызматчыларынын, пенсионерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун коргоого жана чындоого багытталган алдын алуучу, дарылоо, санаториялык-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана калыбына келтирүүчү иш-чаралардын топтомун ишке ашыруу;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды ишке ашырат.
8. Улуттук гвардиянын аскер кызматчылары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткарууда төмөнкү укуктарды колдонушат:
1) коюлган кызматтык-күжүрмөн милдеттерди ишке ашырууга тоскоол болгон адамдардын укукка каршы аракеттеринин токтотулушун талап кылууга, ал эми талаптар аткарылбаган учурда - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды колдонууга;
2) коргоодогу стратегиялык, мамлекеттик маанилүү объекттерге кирүүдө (унаа менен кирүүдө) жана объекттерден чыгууда (унаа менен чыгууда) жарандардын жана кызмат адамдарынын (объектиге тоскоолдуксуз кирүү укугуна ээ болгон адамдардан башка) өздүгүн далилдеген документтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте текшерүүгө;
3) коргоодогу объектилерде кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда жарандарды жеке карап чыгууга, алардын жанындагы буюмдарын, унаа каражаттарын жана ташып бараткан жүктөрүн кароого;
4) кызматтык зарылчылык максатында коргоодогу объектилердин жайларына токтоосуз кирүүгө, стратегиялык, мамлекеттик маанилүү объектилерге мыйзамсыз киргендердин артынан түшүүдө аларды кароого;
5) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставына ылайык Улуттук Гвардиянын аскер кызматчылары аскердик кызматтын милдеттерин өтөөдө куралды сактоого, алып жүрүүгө, пайдаланууга жана колдонууга укуктуу.
9. Улуттук гвардиянын аскер кызматчыларына жарандардын намысына жана кадыр-баркына шек келтирүү менен кайрылууга тыюу салынат. Улуттук гвардиянын аскер кызматчылары тарабынан жарандардын укуктарын ар кандай чектөөгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жол берилет.
10. Улуттук гвардияны Кыргыз Республикасынын Президенти - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу Улуттук гвардиянын кол башчысы жетектейт.
11. Улуттук гвардиянын кол башчысынын үч орун басары бар, анын ичинен биринчи орун басары Кыргыз Республикасынын Президенти - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
12. Улуттук гвардиянын кол башчысынын орун басарлары иштин тапшырылган чөйрөсүндө маселелерди чечүүгө, күжүрмөн даярдыкка, түздөн-түз аларга баш ийген башкаруу органдарынын, бирикмелердин, аскердик бөлүктөрдүн, мекемелердин органдарынын ишин уюштурууга жоопкерчилик тартышат жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү беришет. Улуттук гвардиянын кол башчысынын биринчи орун басары - Башкы штабдын башчысы өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Улуттук гвардиянын Башкы штабынын буйруктарын чыгарат.
13. Улуттук гвардиянын кол башчысы ордунда жок мезгилде анын милдеттерин Улуттук гвардиянын кол башчысынын биринчи орун басары аткарат. Ал эми анын милдеттерди аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда Улуттук гвардиянын кол башчысынын милдеттерин аткаруу орун басарларынын бирине жүктөлүшү мүмкүн.
14. Улуттук гвардиянын кол башчысы:
1) Улуттук гвардиянын бардык өздүк курамынын начальниги болуп саналат жана Улуттук гвардияны түздөн-түз жетектөөнү ишке ашырат;
2) Улуттук гвардиянын ишин уюштуруу маселелери боюнча буйруктарды, директиваларды, жоболорду, насааттамаларды жана нускамаларды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
3) Улуттук гвардиянын дайыма күжүрмөн даярдыгын кармап турат;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысынын тапшырмасы боюнча Улуттук гвардиянын атынан чыгат жана анын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт, ошондой эле эл аралык уюмдарда Улуттук гвардиянын атынан чыгат;
5) Улуттук гвардияны даярдоо, Улуттук гвардиянын кошуундарын, бөлүктөрүн жана бөлүкчөлөрүн кайтадан жайгаштыруу пландарын Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын начальнигине бекитүүгө киргизет;
6) Улуттук гвардиянын башкаруу органдарынын, бирикмелеринин, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин түзүмүн жана штаттык санын жана аларга карата табелдерди бекитет;
7) Улуттук гвардиянын күжүрмөн даярдык программаларын жана пландарын бекитет, аларды ишке ашырууну уюштурат;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте, кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык кызмат адамдарын кызмат орундарына дайындайт жана кызматтык орундардан бошотот;
9) аскер кызматчыларынын кызмат боюнча орун которуу жана аскердик кызматты өтөө маселелерин чечет;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипке ылайык, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Улуттук гвардиянын аскер кызматчыларына аскердик наамдарды ыйгарат;
11) күжүрмөн кызматтагы, даярдыктагы ийгиликтери жана үлгүлүү аскердик тартиби үчүн аскер кызматчыларды, ошондой эле мамлекеттин коопсуздугун камсыздоодогу жеке салымына карата жарандарды сыйлоо үчүн ведомстволук сыйлыктарды, төш белгилерди жана аскердик белгилерди уюштурат; ведомстволук сыйлыктар, төш белгилер жана сыйлоо белгилери жөнүндө жобону жана алардын сүрөттөлүшүн бекитет;
12) Улуттук гвардиянын өзгөчө айырмаланган аскер кызматчыларын, жарандык персоналдагы адамдарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтөт;
13) бөлүктөрдү жана бөлүнүштөрдү чакыруу боюнча аскер кызматчылары менен комплекттөөнү пландайт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аларды аскердик кызматтан запаска бошотууну ишке ашырат;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жарандык персоналдагы адамдар үчүн жумуш берүүчү катары чыгат;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын программаларын жана пландарын ишке ашырууну уюштурат;
16) бирикмелердин жана бөлүктөрдүн куралдануусуна согуштук жана башка техниканы белгиленген тартипте кабыл алат;
17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджеттен жана башка булактардан Улуттук гвардияга бөлүнүүчү каражаттардын бөлүштүрүүчүсү болуп саналат;
18) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын начальнигинин буйруктарына, директиваларына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
19) Улуттук гвардиянын кол башчысы Улуттук гвардияга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
15. Улуттук гвардиянын кадрлары аскер кызматчыларынан жана жарандык персоналдагы адамдардан түзүлөт.
16. Улуттук гвардияны комплекттөө контракт боюнча ыктыярдуу тартипте, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик кызматка чакыруунун негизинде ишке ашырылат.
17. Улуттук гвардияга аскер кызматчыларын тандоо улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат.
18. Улуттук гвардиянын жарандык персоналдагы адамдарынын эмгек ишмердиги Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен жөнгө салынат.
19. Улуттук гвардия үчүн аскер кызматчыларын даярдоо Куралдуу Күчтөрдүн жогорку аскердик кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарында жана башка мамлекеттердин жогорку аскердик кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарында ишке ашат.
20. Мүлк оперативдүү башкаруу укугунда Улуттук гвардияга бекитилет. Улуттук гвардия бекитилген мүлктү өз алдынча ажыратууга же башка ыкма менен тескөөгө укуксуз.
21. Улуттук гвардияны каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка каржылоо булактарынын эсебинен ишке ашырылат.
22. Улуттук гвардия өзүнө жүктөлгөн функцияларды ишке ашырууда өз ишине финансылык, статистикалык жана башка эсепке алууларды жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга отчетторду берет.
23. Улуттук гвардияны материалдык-техникалык камсыздоонун тартиби жана ченемдери Улуттук гвардиянын бирикмелеринин жана бөлүктөрүнүн функциялык багытын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
24. Улуттук гвардияны материалдык-техникалык камсыздоонун тартиби жана ченемдери Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары менен белгиленет.
25. Улуттук гвардиянын иши ал кайра уюштурулган же жоюлган учурда токтотулат. Иши токтогон учурда Улуттук гвардиянын документтери "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.