Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-майы № 289
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын ишин аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-мартындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө" Жарлыгынын жоболорун көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги эки айлык мөөнөттө:
- аталган токтомдон келип чыккан ченемдик укуктук актыларды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин:
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 2-июнундагы № 262 "Ички аскерлер жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын антынын текстин бекитүү жөнүндө" токтому өз күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-майындагы № 289 токтому менен бекитилген |