Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-июну № 292
Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган “Түрк маданияты жана мурасы фондусунун уставын ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган “Түрк маданияты жана мурасы фондусунун уставын ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондусунун уставына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
Бишкек шаарында 2012-жылдын 23-августунда кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондусунун уставы ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Уставдын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгын ырастаган тиешелүү документти депозитарий болуп саналган Азербайжан Республикасына жиберсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|