Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-июну № 297
"Бишкек шаарында 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык коомдоштугунун Кризиске каршы фондунун каражатынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык коомдоштугунун Кризиске каршы фондунун каражатынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- Бишкек шаарында 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык коомдоштугунун Кризиске каршы фондунун каражатынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
Бишкек шаарында 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык коомдоштуктун Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык насыя берүү жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Евразия өнүктүрүү банкына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|