Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-июну № 298
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим
министрлигинин алдындагы Билим берүүчү мекемелерди
лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча мамлекеттик
инспекцияны кайра уюштуруу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92 жана 93-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Билим берүүчү мекемелерди лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 10-пунктунда:
- үчүнчү абзацындагы “77” деген цифралар “85” деген цифралар менен алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыгуучу чараларды көрсүн;
- үч айлык мөөнөттө кайра уюштурулуучу юридикалык жактын өткөрүп берүү актысын бекитсин;
- кайра уюштуруу жол-жоболорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, 2014-жылга республикалык бюджеттен министрликке каралган каражаттын чегинде жүргүзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бюджетине оңдоолорду киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 11-майындагы № 309 “Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин алдындагы Билим берүүчү мекемелерди лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |