Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-июну № 299
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.В. Никитенко, Г.А. Скрипкина, А.А. Сасыкбаева, Э.Б. Джумалиева, М.Б. Тиленчиева, Э.Б. Иманкожоева, Б С. Кадыров демилгелеген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 299 токтому менен жактырылган |
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.В. Никитенко, Г.А. Скрипкина, А.А. Сасыкбаева, Э.Б. Джумалиева, М.Б. Тиленчиева, Э.Б. Иманкожоева, Б.С. Кадыров тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкү корутундуга келди.
1. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин экинчи абзацы менен Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 295-беренесин жетим балдарды жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды ишке кабыл алуунун квотасы иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет жана беш пайыздан кем болууга мүмкүн эмес деген ченем менен толуктоо сунушталган.
Бирок аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктарын жана функцияларын мыйзам деӊгээлинде бекитүү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренеси менен коллизияга алып келет, анткени Өкмөт жогоруда аталган конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн өз ыйгарым укуктарынын негизинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ортосунда аларды ишке ашыруу боюнча функцияларды бөлүштүрөт. Буга байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн квота Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилене тургандыгын караштыруу зарыл.
2. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 301-беренесин уюмду жоюунун же уюмдун кызматкерлеринин штатынын санын кыскартуунун негизинде иш берүүчүнүн демилгеси боюнча жетим балдар жана ата-энелеринин камкордугусуз калган жумушчу балдар менен эмгек келишимин бузууга, иш берүүчүнүн эсебинен тиешелүү окутуп-үйрөтүү камсыз кылынган жана аталган адамдар ошол же башка уюмга ишке орноштурган учурда гана жол берилет деген ченем менен толуктоо сунуш кылынган.
Ошондой эле мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 4-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы менен Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 10-беренесин уюмдардын жоюлушуна, штаттын санынын кыскартылышына байланыштуу жумуштан бошотулган жетим балдарга, ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарга-жумушчуларга иш берүүчүлөр (алардын укук мурастоочулары) өз каражаттарынын эсебинен, кийин аларды ошол же башка уюмдарда ишке орноштуруу менен зарыл болгон кесиптик окутууну камсыз кылууга милдеттүү экендиги жөнүндө ченем менен толуктоо сунушталган.
Бирок, уюм жоюлгандан кийин иш берүүчүнүн бошотулган жумушчуларды ишке орноштурууга мүмкүнчүлүгү болбогондугуна байланыштуу мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында жана 2-беренесинин 4-бөлүгүнүн төртүнчү абзацындагы ар түрдүү жөндөмөдөгү «жоюлган» деген сөздү тийиштүү жөндөмөдөгү «кайра уюштуруу» деген сөзгө алмаштырууну сунуштайбыз.
3. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы менен Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 14-беренеси калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органынын ыйгарым укуктарын караштырган ченем менен толукталат.
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктары мыйзамдарда каралбай тургандыгын көӊүлгө алуу менен, мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацын алып салуу зарыл, анткени мындай ченем ошол мамлекеттик орган жөнүндө жободо чагылдырылышы керек.
4. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту менен Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 10-беренесине толуктоо киргизүү сунушталган, ага ылайык жетим балдарды жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында окутуу республикалык бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат. Жетим балдарды жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар окутуунун бардык мөөнөтүндө окуу үчүн зарыл болгон бардык окуу куралдар (кеңсе товарлары, окуу куралдар, кийим-кече, бут кийимдер, тиричилик буюмдар) менен камсыз болушат. Андан тышкары аталган адамдар ай сайын эмгек акынын минималдуу өлчөмүнөн төмөн эмес стипендия менен камсыз болушат.
Ошондой эле мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 3-бөлүгү менен жогоруда көрсөтүлгөн Кодекстин 10-беренесин окуган жетим балдарга жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарга медициналык көрсөткүчтөр боюнча академиялык өргүү берүүдө алар үчүн бардык мөөнөттө бул билим берүү уюмунда акысыз окуу укугу сакталат, аларга стипендия төлөнүп турат, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында окуган жетим балдар жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар шаардык, шаар четиндеги, айыл жериндеги район ичиндеги коомдук транспортко (таксиден тышкары) акысыз жол кире менен, ошондой эле жашаган жерине барууга жана кайра кайтууга жылына бир жолу акысыз жол кире менен камсыз кылынат деген ченемдер менен толуктоо сунушталган.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, сунуш кылынган мыйзам долбоору республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылуусу болжолдонот. Ошол эле учурда "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келген ченемдик укуктук актылардын ишке ашырылышы алар боюнча каржылоо булактары аныкталганга чейин кабыл алынбайт. Ошол эле учурда бул мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн каржылоо булактарын аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жатат.
Республикалык бюджеттин тартыштыгынан улам Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда айтылган сунуштарды эске алуу менен бул мыйзам долбоорун кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.