Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-июну № 300
“Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө”
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ы.К. Кадыралиева тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 300 токтому менен жактырылган |
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ы.К. Кадыралиева тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутундуга келди.
Сунушталган мыйзам долбоорунун максаты – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө 10 жылдан ашык кызмат өтөгөн, үч же андан көп баланы тарбиялаган жана алар менен жашаган аскер кызматчыларына мамлекеттик колдоо көрсөтүү.
Мыйзам долбоорунун 1-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 59-беренесине тикелей менчикке сатуу жолу менен кызматтык турак жайларды менчиктештирүүгө өзгөчө учурларда жол берилүүчү адамдардын тизмесин жаңы категориялар менен толуктоо сунушталып жатат, тактап айтканда, “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик түзүлүштөрүндө 10 жылдан ашык кызмат өтөгөн, үчтөн кем эмес баланы тарбиялаган жана алар менен жашаган аскер кызматчыларына, ошондой эле 18 жашка чейинки курактагы баласы же балдары бар жалгыз атасына же энесине (аны алмаштырган адамга)”.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү кызматтык турак жайлар эмгек мамилелеринин мүнөзүнө, ошондой эле аскердик же башка кызматты өтөөсүнө байланыштуу иштеген жери боюнча же ага жакын жерде жашашы керек болгон жарандарды жайгаштырууга арналган. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз кызматкерлери үчүн кызматтык турак жайларды курууну жана сатып алууну ишке ашырат.
Кызматтык турак жайларды менчиктештирүү турак жай фондунун кыскарышына жана буга ылайык кызматтык турак жайга болгон муктаждыктардын көбөйүшүнө алып келет, бул өз кезегинде, аталган жайларды курууга жана сатып алууга кошумча каржы каражаттарды издөөнү талап кылат.
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 56-беренесине ылайык кызматтык турак жайлар ушул Кодексте белгиленгенден башка учурларда менчиктештирилбейт. Тактап айтканда, аталган Кодекстин 59-беренеси тикелей менчикке сатуу жолу менен өзгөчө учурларда кызматтык турак жайларды менчиктештирүүгө укуктуу адамдардын тизмегин аныктайт. Бүгүнкү күндө, бул тизмек аскер кызматчыларынын айрым категорияларын, ошондой эле кызматтык турак жайларда жыйырма жылдан кем эмес жашаган адамдарды камтыйт.
Мыйзамдын долбоору менен сунушталган категориядагыларды аталган тизмеге киргизүү кызматтык турак жайды менчиктештирүүгө укугу бар адамдардын санын бир кыйла көбөйтөт, анын натыйжасында республикалык бюджетке олуттуу күч келет. Ошону менен бирге Мыйзамдын долбооруна финансы-экономикалык негиздеме, тийиштүү эсептөөлөр, ошондой эле каржылоо булактары жөнүндө маалыматтар берилген эмес.
Мындан сырткары, “18 жашка чейинки курактагы балдары же баласы бар жалгыз ата же эне” (аны алмаштырган адам) деген категориядагы адамдарды киргизүү жарандардын турак жайга ээ болуу максатында жалган ажырашууларга барышына, коррупциялык көрүнүштөргө жана терс социалдык кесепеттерге алып келиши мүмкүн деп эсептейбиз.
Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22 жана 25-беренелеринин талаптарына ылайык коомдук талкуулоо өткөрүлгөн жок жана негиздеме-маалымкатта анын жыйынтыгы чагылдырылган эмес.
Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ы.К. Кадыралиева тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.