Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-июну № 309
“Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Б.Калматов демилге кылган “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 309 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Б.Калматов демилге кылган “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 4-бөлүгү менен жогоруда аталган Кодекстин 482-беренесин калыбына келтирүү жана жаңы редакцияда берүү сунушталат. Ошону менен бирге “Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси менен иш процессинде иш-аракеттердин түрлөрүнө уруксаттардын толук тизмеси белгиленгендигин, ага курулуш иштеринин өндүрүшүнө уруксат кирбегенин белгилөө керек. Жогоруда аталган Мыйзамдын 16-беренесине ылайык жеке турак үйлөрдү курууну кошпогондо (I, II, III категориялардагы объекттер), курулуш-монтаждоо иштери лицензияланууга жатат. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 4-бөлүгүн кайра кароону сунуштайбыз. Мында, Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 4-бөлүгүндө берилген 482-берененин сунушталган редакциясы боюнча административдик жазалардын түрлөрүнүн бири болуп иштин белгилүү түрлөрү менен иштөөгө лицензиядан (уруксаттан) ажыратуу эсептелээрин көңүлгө алууну сунуштайбыз.
Андан сырткары, жогоруда аталган Кодекстин 119, 123, 145, 167, 177, 180, 398, 4191-беренелерин “Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүүнү дагы кароонун зарылдыгын эске алуу менен Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 7-бөлүгүнүн үчүнчү абзацынын жоболорун кароо максатка ылайык келет деп эсептейбиз, анда Кодекстин аталган беренелерине шилтеме келтирилет.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 7-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 36-главасына экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ведомстволук караштуу болгон административдик иштердин категориясын аныктоочу берене менен толуктоо сунушталат.
Ошону менен бирге аталган Кодекс Башкы мамлекеттик техникалык инспекциянын органдарынын компетенциясын аныктоочу 522-беренени камтый тургандыгына көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Ишкердик практикадагы мүмкүн болгон карама-каршылыктарды болтурбоо максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому менен Башкы мамлекеттик техникалык инспекция Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Механизациялаштыруу жана энергия менен камсыздоо департаментине өзгөртүлүп түзүлгөндүгүн эске алып, Мыйзам долбооруна тиешелүү оңдоолорду киргизүүнү сунуштайбыз.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 9-бөлүгүнүн жоболорун кайра кароону да сунуштайбыз.
Андан сырткары, Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 7-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 136 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 78, 851, 97, 98, 100, 101, 103, 1171 – 1175, 118 – 124, 128, 129, 130, 131, 135, 137, 138, 139, 141, 143, 145, 146, 150, 158, 160, 165, 170, 172-беренелерин кароо боюнча ыйгарым укуктар экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирбегендигин көңүлгө алууну сунуштайбыз.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 7-бөлүгүнүн үчүнчү абзацына тиешелүү оңдоолорду киргизүү максатка ылайык деп эсептейбиз.
“Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 13-мартындагы № 44 Мыйзамы менен жогоруда аталган Кодекстин 566-беренесинин 3-бөлүгүнө өзгөртүү киргизилгенин эске алып, Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 10-бөлүгүн кайра кароо зарылдыгын белгилейбиз.
Андан сырткары, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген ченем жаратуу техникасынын эрежелерин көңүлгө алып, Мыйзам долбоорунун 1-беренесине төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- 1-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда берүүнү:
“1. Аталышындагы жана 371-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы “, Мамлекеттик өрткө каршы кызмат” деген сөздөрдү алып салууну;
- 2-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда берүүнү:
“2. 466-беренесинин аталышын жана 1-бөлүгүнүн биринчи абзацын төмөнкү редакцияда берүүнү:
“466-берене. Объекттерди курууга автордук жана техникалык көзөмөлдү жүргүзүүдө мыйзамдардын талаптарын бузуу
Автордук жана техникалык көзөмөлдү жүргүзүүдө мыйзамдардын талаптарын бузуу, ага тете эле ченемдерди бузуу менен аткарылган иштердин шайкештигин ырастоо, - ”;
- үчүнчү бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда берүүнү:
“3. 469-беренесинин аталышын жана 1-бөлүгүнүн биринчи абзацын төмөнкү редакцияда берүүнү:
“469-берене. Объекттерди долбоорлоого жана долбоордук документтерди макулдашууга архитектуралык-пландоо шарттарын, инженердик-техникалык шарттарды берүүдө мыйзамдардын талаптарын кызмат адамдарынын бузушу
Объекттерди долбоорлоого жана долбоордук документтерди макулдашууга архитектуралык-пландоо шарттарын, инженердик-техникалык шарттарды берүүдө мыйзамдардын талаптарын кызмат адамдарынын бузушу, - ”;
- 7-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы “Процесстик бөлүктүн III бөлүмү” деген сөздөрдү алып салууну;
- 8-бөлүгүнүн төртүнчү абзацындагы “ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар” деген сөздөрдү “ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөргө алмаштырууну;
- 8-бөлүгүнүн бешинчи абзацынын редакциясын кайра кароону;
- 11-бөлүгүндөгү “үчүнчү абзац” деген сөздөрдү “3-бөлүк” деген сөздөргө алмаштырууну;
- 12-бөлүгүн 7-бөлүк түрүндө тариздөөнү.