Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-июнундагы № 293 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесине ылайык токойлор, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп эсептелет, Кыргызстандын элинин турмуш-тиричилигинин негизи катары бирдиктүү экологиялык системаны сактоо максатында пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат.
Кыргыз Республикасынын токойлуу аянты 1123045,2 гектарды же өлкөнүн жалпы аймагынын 5,61%ын (токой өсүшү) түзөт. Кыргызстандын токой массивдеринин ичинде Жалал-Абад жана Ош облустарында жайгашкан сейрек кездешүүчү жаңгак-мөмө токойлору эң баалуу массивдердин бири болуп саналат. Жаңгак-мөмө токойлору генетикалык биологиялык ар түрдүүлүктүн бай, эң маанилүү булагын түзүп, бул региондо жашаган калктын кирешесинин, өзгөчө мөмөлөрдү, жаңгакты жана токойдун жыгач эмес башка продуктуларын чогултуудан алуучу киреше булактарынын бири, ошондой эле жапайы айбанаттардын тоют базасы болуп эсептелет. Кыргызстандын жаңгак-мөмө токойлору дүйнөдө жаңгак-мөмө породаларынын эң ири жана бирден бир табигый массиви болуп саналып, ээлеген аймагынын өлчөмү, баалуулугу, кооздугу боюнча уникалдуу генофонд жана ландшафтка ээ экендигин белгилей кетүү зарыл.
Табигый токойлор менен катар Жалал-Абад жана Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу чөлкөмдө мисте менен бадамдын жасалма тигилген бадалдары зор аянтты ээлейт, алар тоо боорунда кыртыштын бузулушунун жана эрозиясынын алдын алуу максатында жаңгак үрөндөрүн себүү аркылуу түзүлгөн. Алардын өтө жыш тигилишинен жана талаптагыдай багылбагандыгынан улам түшүмдүүлүк өтө төмөн.
Дүйнөлүк рынокто экологиялык жактан таза продукцияга, анын ичинде жаңгакка болгон суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу, жаңгак породаларынын плантациялары ээлеген аянттарды кеңейтүү, өсүп жаткан бак-дарактардын мөмөсүнүн түшүмдүүлүгүн көбөйтүү, жаңгак продукциясынын сапатын жакшыртуу жана аны Кыргызстандан экспорттоону арттыруу зарыл. Жаңгакты өндүрүүнүн көлөмүнүн олуттуу өсүшү жумуш орундарынын көбөйүшүнө алып келет жана калктын жакырчылыгын жоюуну камсыз кылат.
Жогоруда белгиленгендерди эске алып, мамлекеттик токой фондунун аймагында жана айыл жерлеринде жаңгак плантацияларын түзүү, жаңгак-мөмө чөлкөмүндөгү өсүп жаткан токой өсүмдүктөрүн жакшыртуу аркылуу жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн арттыруу, жаңгакты кайра иштетүү жана продукцияны экспорттоо боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын тармактык илимий институттарынын иштеп чыгууларын, долбоорлордун натыйжаларын жана алардын сунуштарын практикада колдонуунун негизинде Кыргыз Республикасында жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүн өнүктүрүү боюнча программаны иштеп чыгуу зарылчылыгы келип чыгат.
Тандоо жана жалпы кыюуну колдонуу менен көптөгөн жылдар бою жаңгак-мөмө токойлорун интенсивдүү пайдалануу токойлордун жалпы аянтынын кыскарышына, формациялык курамдын жакырданышына жана алардын коргоочу жана чөйрө түзүүчү ролунун төмөндөшүнө алып келди. Малды контролсуз жаюудан, өзү билгендей кыюудан, отун даярдоодон, токой жерлерин айыл чарба жерлерине айландыруудан жана башкалардан улам акыркы учурда бөтөнчө күчөгөн антропогендик таасир жаңгак-мөмө токойлоруна кыйла зыян келтирүүдө.
Токой өсүмдүктөрүн сактоого, өнөр жай плантацияларын, коргоочу бак-дарактарды тигүүгө, питомниктерди өнүктүрүүгө жана пландаштырууга жетишсиз көңүл буруу, токой мөмөлөрүн, жемиштерин, дарылык чөптөрдү сарамжалсыз чогултуу жана кайра иштетүү калктын экономикалык потенциалын өркүндөтүүгө, турмуш деңгээлин жогорулатууга түрткү бербейт.
Азыркы учурда мамлекеттик токой фондунун жаңгак-мөмө токойлору 644,0 миң гектардан ашык аянтты, анын ичинде жаңгак-мөмө бактары 77,5 миң гектарды ээлейт. Жаңгак-мөмө токойлорунда аянттарды сактоо жана көбөйтүү максатында отургузуу жана себүү аркылуу жасалма токойлор түзүлгөн. Жаңгак-мөмө өсүмдүктөр породаларын түзүү башталгандан тартып жаңгак-мөмө токойлору боюнча техникалык сунуштарга ылайык аларды кайрадан калыбына келтирүүнүн эки багыты: мөмө жана токой тиби каралган.
Бирок жаңгак-мөмө өсүмдүктөрү ашкере антропогендик таасирден жана токой чарба иштери өз учурунда жүргүзүлбөгөндүктөн улам жыш же суюк абалда кармалууда. Анын натыйжасында түшүм алуу булагы катары бул бактардын баалуулугу жоголууда.
Ушул мезгилге чейин жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүн тигүү түшүмдүүлүгү төмөн жана мөмөсү майда формаларда гана жүргүзүлүүдө. Грек жаңгагы, мисте жана бадам токой өсүмдүктөрүнүн түшүм берүүсү майнапсыз болуп чыкты, бул агротехниканын деңгээлинин төмөндүгү, ал эми айрым учурда бактарды багуу ишинин таптакыр жоктугу менен түшүндүрүлөт. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Токой институту уруктун түшүмдүүлүгү жана сапаты жогору, ошондой эле өлкөбүздүн кыртыш-климаттык шарттарына ыңгайлашуу даражасы жогору болгон жергиликтүү формалардан жана сорттордон жаңгактын, мистенин жана бадамдын мыкты формаларын тандаганына карабастан, алар токой өсүмдүктөрүн жана плантацияларын түзүүдө токой чарбаларында кеңири өндүрүштүк колдонууга алынбай жатат.
Жаңгак түшүмүнүн сертификаттоо системасынын жоктугуна байланыштуу ачык дүйнөлүк базарга кеңири чыгуусу создугуп жатат. Келип чыгышынын сертификаты болгон учурда, жаңгак продукциясы өскөн жери көрсөтүлүп, Кыргызстандын товары катары чет өлкөлөргө экспорттолушу мүмкүн эле.
Инвесторлор тарабынан токой секторуна кызыгуунун төмөндүгүнүн негизги себеби өндүрүштүк жигердүүлүктүн жана атаандашуу кудуретинин жоктугунда. Бул токой ресурстарын сарамжалсыз, ал эми кээде туш келди пайдаланууга алып келүүдө.
Программа Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-апрелиндеги № 256 "Кыргыз Республикасынын Токой тармагын өнүктүрүүнүн концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Токой тармагын өнүктүрүүнүн концепциясына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-ноябрындагы № 858 токтому менен бекитилген 2005-2015-жылдарга Улуттук токой программасына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасында биологиялык түрлөрдү сактоонун 2024-жылга чейинки мезгилге карата артыкчылыктары жана Кыргыз Республикасында биологиялык түрлөрдү сактоонун артыкчылыктарын ишке ашыруу боюнча 2014-2020-жылдарга карата иш-аракеттер планы жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында биологиялык түрлөрдү сактоонун артыкчылыктарын ишке ашыруу боюнча 2014-2020-жылдарга карата иш-аракеттер планына ылайык иштелип чыккан.
Программанын максаты жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүнүн өсүп жаткан бак-дарактарын жакшыртуу (реконструкциялоо), мол түшүм алууга багытталган жаңгак плантацияларын түзүү, жергиликтүү базардын керектөөсүн камсыз кылуу, жаңгактарды кайра иштетүү жана атаандаштыкка кудуреттүү, экологиялык таза продукцияны экспорттоо, азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого көмөк берүү жана өлкөнүн калкынын турмуш деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
Программа токой тармагын өнүктүрүү жагынан мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарына ылайык республиканын аймагынын токойлуулугун арттырууга, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жеңилдетүүгө жана ага байыр алууга, экологиялык таза продукция алууга, "жашыл экономиканын" артыкчылыктарын ишке ашырууга көмөк берет.
Токой фондудагы өсүп жаткан жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүнүн азыктуулугун жогорулатуу жаңгак өндүрүшүнүн бардык технологиялык звенолорун жогорку деңгээлде аткаруу аркылуу, бактардын бутактарын кыркып туруу, суюлтуу, кыйыштыруу, толуктоо, илдеттерге жана зыянкечтерге каршы күрөшүү жана башка иш-чаралар аркылуу жүзөгө ашырылууга тийиш.
Жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүнүн сапатына жана түшүмдүүлүгүнө көчөт материалдарын өстүрүүгө заманбап агротехнологияларды жайылтуу жаңгак мөмө өсүмдүктөрүнүн баалуу формаларын жана сортторун өндүрүшкө кеңири жайылтуу жана алдыңкы жергиликтүү жана чет жердик тажрыйбаларды, анын ичинде кыйыштыруунун заманбап ыкмаларын колдонуу менен жогорку өндүрүмдүү плантацияларды түзүү аркылуу жетишүүгө болот.
Жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүн өнүктүрүү плантацияларды түзүү жана токой өсүмдүктөрүн жакшыртуу жолу менен токой чарбаларынын мамлекеттик токой фондусунун аймагында жана айыл аймактарында жүргүзүлүүгө тийиш.
Программада 2025-жылга чейин жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүнүн плантациясын түптөө 7800 гектар аянтка, жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүн жаңыртуу 13350 гектар аянтка жана 1713,0 миң даана керектүү, сапаттуу көчөт материалдарды өстүрүү каралган.
Программада өсүп жаткан жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүнүн абалын жакшыртуу, коргоочу функцияларын сактоо менен түшүмдүүлүгүн жогорулатууну кайра багыттоо максатында жана коюлган максаттарды камсыз кылуу үчүн жаңгак продукцияларын алууга багытталган жаңы өсүмдүктөрдү түзүү боюнча бир катар иш-чаралар каралат.
Токойлуу жерлерде жаңгак бактарынын аянты 41,0 миң гектарды түзөт. Мамлекеттик токой фондунун аймагында 2025-жылга чейин токой өсүмдүктөрүн жакшыртуу 8,0 миң гектарга пландаштырылууда. Азыркы токой өсүмдүктөрүнө кам көрүү боюнча сунуштарды аткарууда түшүмдүүлүктү жогорулатуунун реалдуу мүмкүнчүлүгү бар.
1-таблица
Жылдар | 2014 | 2015 | 2016 | 2017 | 2018 | 2019 | 2020 | 2021 | 2022 | 2023 | 2024 | 2025 |
Жакшыртуу аянты, га | 200 | 400 | 600 | 700 | 700 | 700 | 700 | 700 | 800 | 800 | 800 | 900 |
Технология ата-мекендик жана чет өлкөлүк атаандаштыкка кудуреттүү жогорку түшүмдүү сортторду жана формаларды көбөйтүү үчүн пайдаланууну карайт. Кыйыштыруу аркылуу бул сортторду жана формаларды көбөйтүү бактар эрте түшүм беришин (отургузгандан кийин 5-6 жылда), түшүмдүүлүктү жогорулатууну (толук түшүм бере баштаган мезгилде гектарынан 1,0-1,5 т кургак жаңгак), жогорку сапаттагы продукциянын бир түрдүүлүгүн камсыз кылат. 2025-жылга карата жаңгак мөмөсүнүн болжолдуу көлөмү 2,0 миң тоннадан ашат.
2-таблица

Аянт, бардыгы га | 100 | 150 | 150 | 200 | 250 | 300 | 300 | 350 | 400 | 450 | 450 | 500 |
анын ичинде айыл өкмөттөрүнө караштуу жерлерде, га | 6,0 | 9,0 | 10,0 | 10,0 | 10,0 | 10,0 | 10,0 | 10,0 | 10,0 | 10,0 | 10,0 | 10,0 |
анын ичинде өзүнүн отургузулуучу тамыр материалы менен, миң даана | 80 | 130 | 130 | 170 | 220 | 250 | 250 | 300 | 330 | 380 | 380 | 430 |
Кыйыштырылган көчөттөрдү отургузуу, миң даана | 20 | 20 | 20 | 30 | 30 | 50 | 50 | 50 | 70 | 70 | 70 | 70 |
Кыйыштырылган көчөттөргө муктаждык миң даана | 6,0 | 6,0 | 6,0 | 9,0 | 9,0 | 15,0 | 15,0 | 15,0 | 21,0 | 21,0 | 21,0 | 21,0 |
2025-жылга чейин грек жаңгагынын плантацияларын отургузуунун кыйыштырылган жалпы аянты 3600 гектарды түзөт. Плантацияларды бара-бара көбөйтүү жаңгак мөмөлөрүн өндүрүүнүн туруктуу өсүшүн камсыз кылат.
Бул иш-чараларды ишке ашыруу өлкөдө жаңгакты өндүрүүнүн кыйла өсүшүн камсыз кылат, 2025-жылга карата 2,5 миң тоннадан ашык көлөмдө жаңгак алуу болжолдонгон, бул жаңгактын данегинин экспортун көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Токойлуу жерлерде мисте дарактарынын аянты 33,8 миң гектарды түзөт. 5,2 миң гектар аянтта өсүп жаткан токой мисте өсүмдүктөрүн жакшыртуу жана мистенин түшүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү 2025-жылга 950 тоннадан ашуун түшүм алууга мүмкүндүк берет, түшүмдүүлүк гектарынан 20 килограммдан 300 килограммга чейин жогорулайт.
Мистенин жаш плантацияларын чарбалык жактан баалуу формалар жана интродуцирленген сорттор менен жакшыртуу аларды пайдаланууга киргизүү мөөнөтүн 5-6 жылга тездетип, мисте данегинин товардык сапатын кыйла жакшыртат.
3-таблица

Токой өсүмдүктөрүнүн аянты | 200 | 300 | 300 | 400 | 500 | 500 | 500 | 500 | 500 | 500 | 500 | 500 |
Кадимки мисте плантацияларын сорттуу көчөттөр менен жакшыртуунун 2025-жылга чейин пландаштырылган аянты1800 гектарды түзөт. Жаңыдан түзүлгөн аянттан 180,0 тонна көлөмдө мисте мөмөсүн алуу болжолдонот.
4-таблица

Аянт, га бардыгы | 150 | 150 | 150 | 150 | 150 | 150 | 150 | 150 | 150 | 150 | 150 | 150 |
анын ичинде айылдык аймактардын жерлеринде | 1,5 | 3,5 | 6,0 | 7,5 | 7,5 | 7,5 | 7,5 | 7,5 | 7,5 | 7,5 | 7,5 | 7,5 |
Сорттуу көчөттөрдү өстүрүү, миң даана | 30 | 30 | 30 | 30 | 30 | 30 | 30 | 30 | 30 | 30 | 30 | 30 |
Кадимки бадам өсүмдүктөрү өскөн аянттар 2700 гектарды түзөт. Сыналган сорттордун негизинде 2,6 миң гектар таттуу бадамдын бакча тибиндеги плантациясын тигүү каралууда, алар жергиликтүү шарттарда байыр алуу даражасына ээ болуп, толук түшүм берүү учурунда 1 гектардан 1-1,5 тонна кургак бадамдын түшүмүн берет. 2025-жылга жаңыдан түзүлгөн аянттан кадимки бадамдын мөмөсүнөн болжол менен 926 тонна түшүм алуу күтүлөт.
5-таблица

Аянт, бардыгы га | 200 | 200 | 200 | 200 | 200 | 200 | 200 | 200 | 200 | 200 | 200 | 200 |
анын ичинде айыл өкмөттөрүнүн жерлеринде, гa | 1,5 | 3,5 | 6,0 | 7,5 | 7,5 | 7,5 | 7,5 | 7,5 | 7,5 | 7,5 | 7,5 | 7,5 |
Сорттуу көчөттөргө муктаждык, миң даана | 41 | 41 | 41 | 41 | 41 | 41 | 41 | 41 | 41 | 41 | 41 | 41 |
2150 гектар аянтта өсүп жаткан жыш токой бадам өсүмдүктөрүн жакшыртуу жана жапайы сортторун кыйыштыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү 2025-жылга 500 тоннадан ашуун кадимки бадам мөмөсүнүн түшүмүн алууга жана түшүмдүүлүктү 1 гектардан 20 килограммдан 500 килограммга чейин жогорулатууга мүмкүндүк берет.
6-таблица

Токой өсүмдүктөрүнүн аянты, га | 50 | 100 | 100 | 150 | 150 | 200 | 200 | 200 | 250 | 250 | 250 | 250 |
Жаңы плантацияларды тигүү жана жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүн толуктоо үчүн зарыл, сапаттуу жана кыйыштырылган 996,0 миң даана көчөт материалын өстүрүүнү камсыз кылуу үчүн Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарына жалпы аянты 12 гектарга барабар кеминде төрт адистештирилген заманбап материалдык-техникалык базасы бар питомниктерди түзүү пландаштырылууда.
Адистештирилген питомниктерде тамыр системасы жабык, тандалган жогорку түшүмдүү сорттордон алынган 717,0 миң даана көчөт материалын өстүрүү каралууда.
7-таблица

Жаңгак | 6 | 6 | 9 | 9 | 15 | 15 | 15 | 21 | 21 | 21 | 21 | 6 |
Мисте | 30 | 30 | 30 | 30 | 30 | 30 | 30 | 30 | 30 | 30 | 30 | 30 |
Бадам | 16 | 16 | 16 | 16 | 16 | 16 | 16 | 16 | 16 | 16 | 16 | 16 |
Жаңгактын, бадамдын жана мистенин мөмөлөрүн өнөр жайлык кайра иштетүү өлкөнүн экономикасы үчүн өзгөчө мааниге ээ.
Жаңгак азыктарын өндүрүү жана аларды тышкы базарда сатуу, киреше алуу каражаты катары кызмат кыла алат, анткени жаңгактын, бадамдын жана мистенин мөмөлөрүнүн продукциясы тышкы базарда жогору бааланат жана талап кылынат.
Программа жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүнүн продукциясын өндүрүү боюнча кайра иштетүүчү цехтерди уюштуруу үчүн шарт түзөт:
- жаңгакты чагуу жана вакуумдук таңгактоо;
- ар кандай консерваланган продукцияларды жасоо;
- май өндүрүү;
- башка тамак-аш жана техникалык продуктулар.
Жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүнүн продукциясын кайра иштетүүчү 5 (беш) цехти түзүү пландаштырылууда.
Токойлорду жана көчөттөрдү зыянкечтерден жана илдеттерден коргоо жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүнүн өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган негизги иш-чаралардын бири болуп саналат. Программада коркунучтуу ылаңдарга жана зыянкечтерге каршы күрөшүү үчүн илимдин ата-мекендик иштеп чыгууларын жана заманбап жетишкендиктерин колдонуу, атап айтканда, төмөнкүлөр каралат:
- жаңгак-мөмө бактарынын бүткүл аймагында токой патологиялык мониторингин жүргүзүү;
- зыянкечтердин табигый душмандарын (энтомофагдарды) колдонуу;
- түгөйсүз жибек көпөлөгүнүн уруктарын кол менен чогултуу;
- феромондук тузактардын жардамы менен көпөлөктөрдү эсепке алуунун негизинде токой бактарынын өзгөчө коркунучтуу зыянкечтерине, түгөйсүз жибек көпөлөгүнө жана америкалык ак көпөлөккө каршы мониторингди пайдалануу;
- Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын айыл аймактарынын жашоочуларын зыянкечтерге жана илдеттерге каршы күрөшүүнүн биологиялык методдору жөнүндө экологиялык агартуу;
- зыянкечтерге жана илдеттерге каршы вирустук жана бактериялык каражаттарды кеңири колдонуу.
Грек жаңгагын, мистени жана бадамды илимий изилдөөнү төмөнкү негизги багыттар боюнча өнүктүрүү зарыл:
- зоналык генетикалык резерваттарды уюштуруу, коллекциялык-эне (үрөндүк) жана эне-бутакча участокторун (питомниктерди) түзүү;
- инновациялык илимий-өндүрүштүк технологияларды киргизүү;
- жасалма жол менен түзүлгөн бак-дарактарды инвентаризациялоо жана эсепке алуу боюнча маалымат базасын түзүү;
- чарбалык-баалуу формадагы жана интродукциондук сортторду апробациялоо үчүн жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүнүн үлгүлүү токойлорун түзүү;
Жогорку деңгээлдеги илимий изилдөөлөрдү аткаруу окуу жайларынын жана илим-изилдөө институттарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоону, ошондой эле токой генетикасынын, селекциянын жана үрөнчүлүктүн, экологиянын жана токойду коргоонун заманбап илимий лабораториясын уюштурууну талап кылат.
Программанын максаттарына жетишүү кадрларды кайра даярдоо жана кадрлардын потенциалын жогорулатуу менен түздөн-түз байланышкан. Буга байланыштуу Программаны ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- жаңгак чарбасы тармагындагы квалификациялуу адистерди тартуу;
- токой чарбасынын адистеринин квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштуруу;
- токой пайдалануучулардын, жер пайдалануучулардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу үчүн семинарларды, тренингдерди жана фермерлердин талаа мектептерин уюштуруу;
- жаңгак өстүрүү боюнча тажрыйба жана практика алмашууну уюштуруу.
Программаны ийгиликтүү ишке ашыруу максатында төмөнкүлөр зарыл:
- токой чарбасы жагынан учурдагы ченемдик укуктук актыларды иликтөө жана зарылдыгына жараша белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүнүн продукцияларынын сапаты боюнча техникалык регламенттерди иштеп чыгуу жана аларды сатуу.
Программаны төмөнкүдөй булактардан каржылоо каралат:
- республикалык бюджеттин каражатынан;
- жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынан (макулдашуу боюнча);
- токой-жер пайдалануучулардын салымдары;
- эл аралык уюмдардын гранттык каражаттарынан.
Программаны ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча жаңгак-мөмө токойлорун пайдалануунун, кайтаруунун, коргоонун жана кайрадан өндүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, токойлордун ресурстук-экологиялык потенциалын жана глобалдуу функцияларын сактоо келилденген учурда токой ресурстарына жана пайдалуу касиеттерине коомдун керектөөсүн туруктуу канааттандырууну камсыз кылууга жетишүүгө болот.
Программа жаңы жумуш орундарын түзүү жана калктын турмуш деңгээлин жогорулатуу, жаратылыш ресурстарын башкаруу тутумун жакшыртуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү аркылуу калктын социалдык-экономикалык өнүгүшүн жогорулатуу жана өлкөдөгү экологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча токой секторунда реформа жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Программада каралган иш-чараларды ишке ашыруу төмөнкүлөрдү камсыздайт:
- 15,3 миң га аянтта жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүнүн өсүп жаткан бактарын жакшыртууну жүргүзүүнү;
- 7,8 миң га аянтта жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүнүн плантацияларын тигүүнү;
- 717 миң даана көлөмдө жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүнүн сорттуу көчөттөрүн өстүрүүнү;
- 12 га жалпы аянтты тамыр тутуму жабык көчөт материалын өстүрүү боюнча адистешкен 4 питомникти түзүүнү;
- жаңгак-мөмө продукциясын кайра иштетүү боюнча кеминде 5 цех уюштурууну;
- токой продукциясын тастыктоону жүргүзүүнү.
Программаны ишке ашыруу ошондой эле төмөнкүлөргө көмөк берет:
- токойду туруктуу пайдаланууну уюштурууга;
- жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жогорулатуу боюнча илимий сунуштарды иштеп чыгууга;
- токой пайдалануучулардын, жер пайдалануучулардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатууга (токой пайдалануучулар жана фермерлер үчүн окутуу жана тренингдерди өткөрүү - фермерлердин талаа мектеби);
- токой тармагындагы инвестициялык ишке дем берүүгө, ошондой эле токой чарбасынын инфраструктуралык көйгөйлөрүн чечүү үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин ишке ашырууга;
- республиканын ИДПсында токой тармагынын үлүшүнүн эселеп көбөйүшүнө (бүгүнкү күндө токой тармагынын үлүшү 0,04% түзөт, күтүлүүчү үлүш 0,08%);
- токойдун аймагында жана ага жакын жерде жашаган калктын жакырчылык деңгээлин төмөндөтүүгө;
- жаңгак продукциясын өндүрүүгө чет өлкөлүк инвестицияларды жана гранттарды, ошондой эле ички инвестицияларды жана ресурстарды тартуу үчүн шарттарды түзүүгө.
Мониторингдин негизги индикаторлору болуп төмөнкүлөр саналат:
- жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүнүн өсүп жаткан бактарын жакшыртуу аянты;
- жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүнүн тигилүү плантацияларынын аянты;
- тамыр тутуму жабык көчөт материалын өстүрүү боюнча адистешкен питомниктердин саны жана аянты;
- жаңгак-мөмө продукциясын кайра иштетүү боюнча цехтерди уюштуруу;
- бекитилген программалык иш-чаралардын аткарылышын, аларды ишке ашыруу мөөнөтүн, күтүлгөн натыйжаларга жетишүүнү контролдоо;
- толук жана өз учурунда каржылоону контролдоо;
- жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүнүн көлөмүнүн жана аларды сатуудан түшкөн кирешенин көбөйүшү.
Программанын аткарылышына мониторинг жүргүзүү үчүн токой чарба тармагындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жооптуу болот.
Программага баа берүү төрт этапта жүргүзүлөт. Программага баа берүүнүн биринчи үч этабы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, айыл өкмөтүнүн жана жеке секторлордун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу тарабынан жүргүзүлөт. Программанын аткарылуучу иш-чараларына жана милдеттерине анализ жүргүзүлөт, өткөн мезгилдеги иш-чараларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жана кийинки этаптарды ишке ашырууга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн сунуштар иштелип чыгат. Төртүнчү этапта Программага толук баа берилет.
Биринчи этап. Программага мезгил аралык биринчи баа берүү 2014-2016-жылдарга карата жүргүзүлөт, Программаны ишке ашыруунун алгачкы үч жылындагы маалыматтарга негизделет.
Экинчи этап. Программага мезгил аралык экинчи баа берүү 2017-2019-жылдарга карата жүргүзүлөт жана биринчи этаптын баалоо жыйынтыгына жана ошондой эле программаны ишке ашыруунун экинчи этабынын үч жылынын маалыматына негизделет.
Үчүнчү этап. Программага мезгил аралык үчүнчү баа берүү 2020-2022-жылдарга карата жүргүзүлөт жана биринчи жана экинчи этаптардын баалоо жыйынтыктарына, ошондой эле программанын үчүнчү этабынын үч жылынын маалыматтарына негизделет.
Төртүнчү этап. Программага толук баа берүү 2023-2025-жылдарга карата көз карандысыз эксперттер тарабынан жүргүзүлөт жана программаны ишке ашыруунун бүткүл мезгили үчүн мониторингдин маалыматтарына негизделет, алардын негизинде иш-чаралардын натыйжаларына иш жүзүндө алынган жыйынтыктар менен баалоо жүргүзүлөт.
Программага баа берүүнүн жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилет.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-майындагы № 231 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ