Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 296 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 27-июну № 341
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдарынын жана
мекемелеринин ички аудит системасын түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн
2008-2013-жылдарга карата программасын жана Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик органдары жана мекемелери үчүн
ички аудит стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 29-июнундагы №
337 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансынын башкаруу системасын
реформалоо боюнча аракеттердин Планын бекитүү жөнүндө", 2005-жылдын
21-июнундагы № 251 "Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөштүн
мамлекеттик стратегиясы жөнүндө" жарлыктарына ылайык, Кыргыз Республи-
касында ички аудиттин иштешине негиз түзүү максатында Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдарынын жана мекемеле-
ринин ички аудит системасын түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн 2008-2013-жыл-
дарга карата тиркелген программасы (мындан ары - Программа) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдары жана мекемелери
үчүн ички аудиттин тиркелген стандарттары (мындан ары - Стандарттар)
бекитилсин.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, аткаруу бийлигинин башка органдары жана алардын ведомстволук
уюмдары жана мекемелери ички аудит жүргүзүүдө Стандарттарды колдонушсун
жана Программаны жетекчиликке алышсын.
4. Ички аудит тармагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аныкталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ички аудит объектте-
ринде ички аудиттин иштеши боюнча методологияны иштеп чыксын жана бе-
китсин.
6. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов