Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 111 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-июну № 307
Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун реестрин жүргүзүү эрежелерин бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун реестрин жүргүзүү эрежелери бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |