Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 111 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 307 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун реестрин жүргүзүү эрежелери
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 69 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул Эрежелер мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары – МЖӨ) долбоорлорунун реестрин жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. МЖӨ долбоорлорунун реестрин (мындан ары – Реестр) МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
3. Реестрди жүргүзүүнүн максаты бардык МЖӨ долбоорлору боюнча маалыматтарды толук, өз убагында жана ишенимдүү эсепке алуу болуп саналат.
4. Реестр бул Эрежелердин тиркемесине ылайык форма боюнча мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө түзүлөт жана жүргүзүлөт.
5. Реестр МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат. Реестрде камтылган маалыматтарды алуу акысыз негизде ишке ашырылат.
6. Реестр белгиленген тартипте демилгеленген жана МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген бардык МЖӨ долбоорлорун камтыйт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 69 токтомунун редакциясына ылайык)
7. МЖӨ долбоорлору жөнүндө маалымат МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан экспертиза өткөрүлгөн күндөн кийин, 10 күндүн ичинде Реестрге киргизилет.
8. МЖӨ долбоорунун баскычтарындагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат бул долбоорду ишке ашырууну демилгелеген мамлекеттик өнөктөш тарабынан МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга МЖӨ долбоорунун баскычтарына өзгөрүүлөр киргизилген күндөн тартып 10 күндүн ичинде берилет.
9. МЖӨ долбоорунун баскычтарындагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Реестрге ал алынган күндөн кийин, 10 күндүн ичинде киргизилет.
| Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун реестрин жүргүзүү эрежелерине тиркеме |
Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун
реестри
№
| Долбоордун аталышы | Ишке ашыруу орду жана чөйрөсү
| Долбоордун кыскача сүрөттөлүшү
| Долбоордун максаттары жана милдеттери
| Долбоордун баскычтары (1-даярдоо, 2-тандоо, 3-ишке ашыруу*) | Инвестициялоо обьекттери
| Инвестициялардын көлөмү (булактары боюнча бөлүштүрүү менен) | Ишке ашыруу мезгили
| Мамлекеттик өнөктөш
| Жеке өнөктөш
| Эскертүү**
|
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү.
* графада мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун баскычтары жөнүндө маалымат менен катар жокко чыгарылган жана токтотула турган долбоорлор тууралуу маалымат да көрсөтүлөт.
** графада Реестрдин 2-12-графаларында чагылдырылбаган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча кошумча маалымат көрсөтүлөт.