Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-июну № 310
Бишкек шаарында 2014-жылдын 7-мартында кол коюлган “Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Коомдук үрөн фонддорун колдоо” долбоору боюнча Гранттык макулдашуу-катын ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, мамлекеттин ички жол-жоболорун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- “Бишкек шаарында 2014-жылдын 7-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Коомдук үрөн фонддорун колдоо” долбоору боюнча Гранттык макулдашуу-катын ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 2014-жылдын 7-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Коомдук үрөн фонддорун колдоо” долбоору боюнча Гранттык макулдашуу-катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене
Бишкек шаарында 2014-жылдын 7-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Коомдук үрөн фонддорун колдоо” долбоору боюнча Гранттык макулдашуу-каты ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте жогоруда аталган макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына билдирсин.
3-берене
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|