Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-июну № 312
"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене. "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрунө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2009-ж., № 7, 767-бер.) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
1-берененин 2-бөлүмүнүн биринчи сүйлөмү "заставаларын" деген сөздөн кийин ", ири электроэнергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктарды" деген сөздөр менен толукталсын.
2- берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|