Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-июну № 314
“Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы № 314 токтому менен жактырылган |
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары демилге кылган “Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутунду чыгарат.
“Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 1-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин (мындан ары – Бажы кодекси) 197-беренесине толуктоо киргизүү сунушталууда, ага ылайык чет өлкөдөгү узак мөөнөттүү командировкадан кайтып келе жаткан Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын бажы аймагына жеке пайдалануу үчүн бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн алардын менчигинде болгон бир унаа каражатын алып өтүү укугу берилүүдө.
Ушуга байланыштуу Бажы кодексинин 1-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасындагы бажы иши товарларды жана унаа каражаттарын бажы чегарасы аркылуу өткөрүүнүн, бажы төлөмдөрүн алуунун, бажы режиминин, бажы документтерин жазып толтуруунун жана бажы контролунун тартибин түзөт.
Бажы кодексинин 1-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык бажы чек арасы аркылуу товарларды жана унаа каражаттарын өткөрүү, бажы төлөмдөрүн алуу, бажы режими, бажылык тариздөө, бажылык контролдоо боюнча укук мамилелери товарларды алып өткөн адамдардын айрым категориялары үчүн колдонбостон, товарларга жана унаа каражаттарына карата гана шартталган. Ошол эле учурда Бажы кодексинин 219-беренесине ылайык бажы төлөмдөрүнө салык мыйзамдарынын негизинде жөнгө салынуучу салыктар (КНС жана акциз салыгы) таандык кылынган, мында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 10-беренесинин 2-бөлүгү менен жеке мүнөздөгү салыктык жеңилдиктерди берүү тыюу салынган.
Бажылык жеңилдиктер боюнча Бажы кодексинин 178-беренесинин негизинде чет өлкөдөгү мекемелердин иштешин камсыз кылуу үчүн, табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу үчүн арналган, гуманитардык жардам, грант катарында келип түшкөн товарларга, геологиялык (геофизикалык, геодезиялык) экспедициялардын илимий жабдууларына, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттердин аймагында жайгашкан объекттеринин ишин камсыз кылуучу материалдык-техникалык камсыздоо предметтерине, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн куралдарга, аскердик техникаларга жана мамлекеттик кызыкчылыктары менен байланышкан башкаларга карата белгиленген жеңилдиктер аныкталган.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 10-беренесинин талаптарына ылайык салык төлөөчүлөргө салык салууда бирдей мамиле кылуу каралган, ал бюджетке салыктарды милдеттүү төлөө, ачыктык, салык салууда акыйкаттык, салык тутумунун бирдиктүүлүгү, салык жөнүндө мыйзамдардын туруктуулук жана айкындык принциптерине негизделет.
Ушуга байланыштуу салык төлөөчүлөрдүн айрым категорияларына берилүүчү ар кандай салыктык жеңилдиктер же салыктан бошотуулар салык салуунун негизги принциптеринин бирин - салык төлөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн бирдей шарттарды түзүүнү, адилеттүү жана тең салмакталган принцип боюнча айрым салык төлөөчүлөрдүн ортосундагы салыктарды бөлүштүрүүнүн механизмдерин түзүүнү болжолдоочу акыйкаттуулук принцибин бузууга алып келет.
Төлөөчүлөрдүн айрым категорияларына салыктык жана бажылык жеңилдиктерди берүү менен башка салык төлөөчүлөрдөн салыктык жана бажылык төлөмдөрдү төлөө боюнча ушул сыяктуу жеңилдиктерди берүүнү талап кылуу үчүн прецедент түзүлүүдө.
Ушуну менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында салыктык жеңилдиктердин колдонуудагы тутумун оптималдаштыруу, негизсиз жеңилдиктерге жана бошотууларга тыюу салуу, ошондой эле салык салуудан четтеп кетүү мүмкүнчүлүктөрүн жоюу салык тутумунун киреше потенциалын жогорулатуу жагындагы саясаттын өзүнчө багыты болуп кала тургандыгы каралгандыгын белгилейбиз.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык валюта фондунун ортосундагы 2011-2014-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Эл аралык валюта фонду колдоого алган программанын иштөө мөөнөтүнүн ичинде жаңы салыктык жеңилдиктерди киргизбөөгө милдеттенген. Ар кандай түрдөгү салыктык артыкчылыктарды берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан билдирилген түзүмдүк параметрлердин аткарылбай калышына жана тийиштүү түрдө Эл аралык валюта фондунун кредиттик транштарынын чектелишине алып келиши мүмкүн.
Ошол эле учурда жеке жактардын айрым категорияларын бажы алымын төлөөдөн бошотуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинде каралган мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген принципке карама-каршы келет.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.