Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-июну № 317
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак айылдык аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жаңы-Дыйкан айылынын өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан тургундарын көчүрүү, алардын социалдык муктаждыктарын чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак айылдык аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун 8,6 га сугат айдоо жери “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогундагы тарыхый-маданий мурастарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерүүнү жана сактоону;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну, макулдашууну жана бекитүүнү;
- жогорку вольттуу электр өткөрүү чубалгыларын чыгаруу же куруу зарыл болгондо жумуштарды каржылоо булагын жана тартибин аныктоону, ошондой эле электр өткөрүү чубалгылары болгон учурда, куруунун жол берилүүчү чектөөлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сактоону.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |