Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-июну № 319
“2014-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган
Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл
аралык фондунун жана Майда жер ээлерин адаптациялоо
боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондунун ортосундагы “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-II” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну
ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- “2014-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун жана Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондунун ортосундагы “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-II” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2014-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун жана Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондунун ортосундагы “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-II” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
2014-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун жана Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондунун ортосундагы “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-II” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондуна жана Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондуна жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн Кыргыз Республикасынын керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаргандыктыгы жөнүндө билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|