Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-июну № 322
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын
23-сентябрындагы № 604 “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасындагы түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Соттолгон адамдарды кайрадан социалдаштыруу, алардын үй-бүлөлүк, туугандык жана социалдык байланыштарын бекемдөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 61-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө” Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 604 “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасындагы түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасындагы түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежесинде:
- мамлекеттик тилдеги бүткүл текстинде ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү “глава” деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “бап” деген сөзгө алмаштырылсын;
- 8-баптын 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
“4. Камераларда жана обочолонгон участоктордо кармалган соттолгондор орду-ордунда тамактанышат. Кургак учуктун ар түрдүү формалары менен ооруган соттолгондор дарылоо-профилактикалык мекемелердин бөлүмдөрүндө орду-ордунда тамактанышат.”;
15-баптын 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
“1. Соттолгондорго мекеменин администрациясынын катышуусунда
төмөнкү кыска мөөнөттүү жолугушуулар жана чогуу жашоо укугу менен узак мөөнөттүү жолугушуулар берилет. Узак мөөнөттүү жолугушуулар төмөнкү адамдарга берилет:
1) жакын туугандары: чогуу жашоо укугу менен жубайы, ата-энеси, балдары, асырап алган ата-энеси, асырап алган балдары, бир тууган ага-инилери, эже-карындаштары, чоң атасы, чоң энеси (тай атасы, тай энеси), неберелери;
2) башка адамдар менен, атап айтканда:
- башка туугандары (агасы, жеңеси, иниси, келини, ага-инилердин балдары, бөлөсү, жээни, тай аке-тай эжелери, кайын ата, кайын энеси, тай ата-тай энеси жана башкалар):
- соттолгон адамга бөлөк жыныстагы адамдар менен (чогуу жашап жүргөн же ортодо балдары бар колуктусу, жигити, классташтары, курсташтары, акыркы иштеген жериндеги кесиптештери).”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык аткаруу кодексинин 61-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үч айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |