Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 379 токтомуна ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 604 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин
ЭРЕЖЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-июнундагы № 322 токтомунун редакциясына ылайык)
1-бап
Жалпы жоболор
1. Ушул Түзөтүү мекемелердеги ички тартиптин эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 54-беренесинин негизинде жана талаптарына ылайык түзөтүү мекемелердин (мындан ары - түзөтүү мекемелери): түзөтүү жана тарбиялоо мекемелеринин, жатак-абактардын жана түрмөлөрдүн иш аракеттеринин маселелерин жөнгө салат жана конкреттештирет.
2. Эрежелердин негизги максаты - бул соттолгондордун мыйзам тарабынан белгиленген эркинен ажыратуу жазасын аткаруу тартибин сактоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, аларды обочолоону, укук жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана өздөрүнүн милдеттерин аткаруусун камсыздоо.
3. Эрежелер түзөтүү мекемелеринин бардык персоналы, ал жакта кармалган соттолгондор, ошондой эле мекемеге келген башка жарандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылышы керек. Эрежелерди бузгандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына (мындан ары - мыйзамдар) ылайык тартиптик жана административдик жоопкерчиликке тартылат.
1. Түзөтүү мекемелерде орун чектөө ар бир учурда жазык аткаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу орган аркылуу бекитилип, өзгөртүүлөр киргизилип турат.
2. Түзөтүү мекемелердин орун чектөө саны төмөнкүлөрдөн ашпашы керек:
1) жалпы режимдеги түзөтүү мекемелеринде - 1000 адам;
2) күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү мекемелеринде - 1000 адам;
3) катуу режимдеги түзөтүү мекемелеринде - 1000 адам;
4) өзгөчө режимдеги түзөтүү мекемелеринде - 800 адам;
5) жатак-абактарда - 500 адам;
6) тарбиялоо мекемелеринде - 300 адам;
7) түрмөлөрдө - 300 адам;
8) дарылоочу мекемелерде - 1000 адам;
9) дарылоочу-профилактикалык мекемелерде - 1000 адам.
1. Түзөтүү мекемелерине соттолгондорду кабыл алууга соттун күчүнө кирген өкүмдөрү, режим түрүн өзгөртүү жөнүндө токтомдору (аныктамалары), ошондой эле алардын же башка документтердин негизинде түзүлгөн наряддар негиз болот.
2. Түзөтүү мекемелерге кабыл алууну, мекеменин атайын бөлүмүнүн жана медициналык бөлүгүнүн кызматкерлеринин катышуусу менен мекеменин жетекчисинин нөөмөт жардамчысы жүргүзөт. Жумуш убагында эмес келген соттолгондорду мекеменин жетекчисинин нөөмөт жардамчысы кабыл алат, кийин милдеттүү түрдө медициналык кызматкер текшерүүдөн өткөрөт.
3. Соттолгондорду кабыл алууда мекеменин кызматкерлери алардын өздүк иштерин карап, соттолгон адамга тиешелүүлүгүн аныктап, документтерин, наряддарды текшерет. Өздүк иштер кагаз пакеттерге салынып, мөөр басылышы керек, кагаз пакет же мөөр жок болгон учурда мекеменин жетекчисинин нөөмөт жардамчысы караул жетекчиси менен бирдикте тиешелүү акт түзүшөт.
4. Медициналык кызматкер соттолгондордун денесине жаракат албаганын аныктоо максатында тышкы келбетин текшерип, тиешелүү акт түзөт.
5. Аныкталчу иштер жүргүзүлүп бүткөндөн кийин мекемеге келген соттолгондор толук тинтилет, ал эми жеке буюмдары текшерилет. Тизмек боюнча (мындан ары - 1-тизмек) соттолгондорго жанына алып жүрүүгө, посылка, передача, бандероль менен алууга (1-тиркеме) тыюу салынган тамак-аш жана буюмдар (мындан ары - заттар), ошондой эле Тизмекте (мындан ары 2-тизмек) каралбаган жанына алып жүрүүгө, посылка, передача, бандероль менен алууга, ошондой эле мекеменин дүкөндөрүнөн сатып алууга уруксат берилген тамак-аш жана буюмдар (2-тиркеме) бекитилген тартипте тартылып алынат, түзөтүү мекемесинин жетекчисинин чечими менен тиешелүү акт түзүлүп, сактоого алынат же жок кылууга берилет.
6. Толук тинтүү жана жеке буюмдарын кароо бүткөндөн кийин соттолгондор ушул Эрежелердин талаптарына ылайык санитардык текшерүүдөн өтүп, бир сутка ичинде медициналык текшерүүдөн өтүш үчүн карантин бөлүмүнө жайгаштырылат жана 10 суткалык медициналык байкоо жүргүзүү дайындалат. Ошол учурда инфекциялык оорулуулар аныкталса, тезинен обочолонуп, мекеменин медициналык бөлүгүндө же ооруканасында тиешелүү эпидемияга каршы иш чаралар жүргүзүлөт.
7. Карантин бөлүмүндө болгондо соттолгондор Жазык-аткаруу кодексинде жана ушул Эрежелерде бекитилген жаза өтөөнүн тартиби жана шарттары, өздөрүнүн милдеттери жана укуктары менен таанышат, түзөтүү мекемелеринде жаза өтөөнүн бекитилген тартиптерин бузганы үчүн жоопкерчиликте болоору жөнүндө эскертилет. Соттолгондорго түзөтүү мекемелеринде көзөмөлдөө жана контролдоонун техникалык каражаттары, ал эми мыйзамда бекитилген учурларда күч, атайын каражаттар, курал-жарак колдонулушу мүмкүндүгү жөнүндө эскертилет. Соттолгондор мекемеде наркомания, ВИЧ/СПИД, кургак учук жана башка социалдык-маанилүү ооруларды профилактикалоо, дарылоо иштери жүргүзүлөөрү, юридикалык жана психологиялык жардам берүүчү, ошондой эле соттолгондорду бошотууга даярдоочу социалдык бюро, китепкана иштеп тургандыгы жөнүндө кабарланат.
8. Соттолгондорду жеке өзгөчөлүктөрүн эске алып отряддарга (камераларга) бөлүштүрүү, аларды эмгекке тартуу, жалпы жана кесиптик билим берүү мекеменин жетекчиси баш болгон комиссия тарабынан чечилет. Комиссиянын курамына мекеменин жетекчисинин орун басарлары, медициналык жана атайын бөлүктөрдүн өкүлдөрү кошулат. Тарбиялоочу мекемеде комиссиянын курамына жалпы билим берүүчү мектептин жана кесиптик-техникалык окуу жайынын кызматкерлери кошулат. Комиссиянын курамы жана анын чечимдери мекеменин жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
9. Соттолгон адам түзөтүү мекемесине келгенден 10 күн ашырбай анын жазуу түрүндөгү арызы боюнча туугандарынын бирине мекеменин дареги, буюмдарынын жана тамак-ашынын тизмеги 2-тизмек боюнча, кат алышуунун, акча перевод алуунун жана жөнөтүүнүн, мекеменин тышына чыгарууга, жолугушууларга, телефон менен сүйлөшүүгө уруксат берүүлөрдүн негизги талаптары жазылган кат жөнөтүлөт.
1. Соттолгондор төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ушул Эрежелердин талаптарын аткарууга;
- түзөтүү мекемелеринде бекитилген күн тартибин аткарууга;
- администрациянын чакыруусу боюнча келип, бекитилген тартипти бузган же башка негиздер боюнча жазуу түрүндө түшүндүрмө жазууга;
- инфекция ооруларын, алкоголь, баңгизат жана башка катуу таасир берүүчү заттарды (токсикалык, психотроптук) колдонуу фактыларын өз убагында аныктоо максатында медициналык текшерүүдөн өтүп турууга;
- түзөтүү мекемесинин эмерек-буюмдарына жана башка буюмдарга аяр мамиле жасоого;
- өрт коопсуздугун сактоого;
- эмгекте жана окууда ак ниеттүүлүк көрсөтүүгө;
- өз ара, түзөтүү мекемесинин персоналы жана башка адамдар менен туура мамиле түзүп, алардын мыйзамдуу талаптарын аткарууга;
- турак жайды, жумуш ордун, кийим-кечесин таза кармоого, бекитилген тартипте төшөнчүсүн жыйноого, керебеттеги, тумбочкадагы, вещмешоктогу жеке табличканын болушун карап турууга, өздүк гигиенаны сактоого, чачын, сакал-мурутун (эркектер үчүн) кыска тегиздеп турууга, тамак-ашты, жеке буюмдарын атайы бөлүнгөн жерде сактоого;
- бекитилген тартипте төшкө жана жеңге тагылган белгилери (3-тиркеме) менен кийим кийип жүрүүгө, жатак-абакта кармалган соттолгондордон тышкары;
- жазык-аткаруу мыйзамдары бекиткен тартипте түзөтүү мекемесинин жашылдандыруу жана айлана-чөйрөсүн тазалоо иштерине катышууга;
- тамак ичиш үчүн ашканага барууга.
2. Соттолгондор төмөнкүлөргө укуктуу:
- өздөрүнүн укуктары жана милдеттери, сот дайындаган жазанын түрүн өтөө шарттары жана тартиби жөнүндө маалымат алууга;
- жүрүш-туруш тартибин бузбастан күн тартибинде каралган жеке убактысын колдонууга;
- мекеменин персоналы тарабынан сылык мамиле талап кылууга;
- саламаттыгын жана жеке коопсуздугун коргоого;
- коомдук-маданият жана спорттук иш-чараларга катышууга, китепкана колдонууга, музыкалык аспаптарда, стол оюндарын, теннис ойноого;
- соттолгондордун өз алдынча чыгармачылык уюмдарына кирүүгө;
- адвокаттардын, ошондой эле юридикалык жардам көрсөтүүчү башка адамдардын тейлөөсүн пайдаланууга;
- туугандары, адвокаттар жана башка адамдар менен жолугушуу (кыска жана узак мөөнөткө) алууга;
- сунуш, арыз, доо менен мекеменин администрациясына, башкаруу органдарына, сотторго, прокуратура органдарына, мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдук уюмдарга, ошондой эле адам укугун жана эркиндигин коргоочу эл аралык органдарга кайрылууга;
- Социалдык коргоо бюросунун тейлөөсүн пайдаланууга;
- кызыкдар министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу боюнча жаза аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен жүргүзүлүүчү ВИЧ/СПИД жана баңгиликтен дарылоо жана профилактикалоо боюнча жүргүзгөн программаларга катышууга.
3. Соттолгондорго ар намыс жана дин тутуу эркиндиги берилет. Ар намыс жана дин тутуу эркиндиктеринин укуктарын колдонуу өз ыктыяры менен болот.
Соттолгондор укуктарын колдонууда жаза өтөөнүн тартиби жана шарттары, ошондой эле башка адамдардын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыгы бузулбашы керек.
4. Соттолгондорго төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- кайтарылган объекттин же түзөтүү мекеменин чегин бузууга;
- администрациянын уруксатысыз турак жана өндүрүштүк абактан сырткары чыгууга;
- администрациянын уруксатысыз жашабаган жатаканада же иштебеген өндүрүштүк абакта болууга;
- 1-тизмекте көрсөтүлгөн тыюу салынган буюмдарды сатып алууга, жасоого, сактоого жана пайдаланууга;
- катарда турганда тамеки чегүүгө жана сүйлөшүүгө, катардан чыгууга;
- атайын бөлүнбөгөн жерлерде тамеки чегүүгө;
- жеке колдонууда болгон буюмдарды, заттарды жана предметтерди сатууга же башка жол менен бирөөнүн пайдасына берүүгө;
- материалдык же башка пайда көрүү максатында стол үстүндөгү же башка оюндарды ойноого;
- өзүнө жана башкаларга татуировка тартууга;
- сөгүшкөн жана жаргон тилинде сүйлөшүүгө, ылакап ат коюуга;
- сөгүшүүгө жана жаман сөздөрдү колдонууга;
- уктаган ордун уруксатсыз алмаштырууга, ошондой эле өндүрүштө, чарбалык-тиричилик жана башка көмөкчү бөлмөлөрдө уктоочу жай жасоого;
- администрациянын уруксатысыз дубалга, тумбочкаларга, керебеттерге сүрөт, открытка, газет-журналдардан кесинди илүүгө, айбанат, канаттуу, балык багууга;
- өндүрүштүк жана түзөтүү мекемесинин башка объекттерине ар кандай курулуш курууга, шкаф, сейф коюуга;
- иштеген жеринде тамак-аш, аудио-видео аппаратурасын сактоого;
- өз алдынча электр приборлорун жасоого жана пайдаланууга;
- администрациянын уруксатысыз курчуткан буюм, инструмент, электроэнергия, механизм жана материалдарды колдонууга;
- уруксат берилбеген жерде тамак-аш бышырууга;
- администрациянын уруксатысыз мекеменин ашканасынан тамак-аш алып чыгууга;
- администрациянын уруксатысыз имараттардын, цехтердин, курулуштардын чатырына чыгууга, ички тыюу салынган абактын тосмосуна жакындоого;
- администрациянын уруксатысыз иш ордун, жатакананы жана массалык иш чаралар өткөрүлгөн бөлмөлөрдү таштоого;
- айып изоляторлорунда (мындан ары - АИЗО) камера тибиндеги бөлмөдө (мындан ары - КТБ) жана түрмөлөрдө, башка камералык шарттагы бөлмөлөрдө камера аралык байланыш түзүүгө;
- сейилдөө маалында сүйлөшүүгө;
- камераларга көзөмөлгө тоскоолдук кылууга.
1. Түзөтүү мекемесинде кызматкерлер жана мекемеге келген башка кызмат адамдар менен кезигишкенде соттолгондор ордунан туруп, "Сиз", "жаран", наамы же кызмат орду боюнча кайрылышат.
2. Түзөтүү мекемесинин кызматкерлери соттолгондорго "Сиз", "соттолгон", "жаран" же фамилиясы боюнча кайрылышат. Тарбиялоочу мекемеде соттолгондорго "сен", "тарбиялануучу" же аты боюнча кайрылышат.
3. Түзөтүү мекемесинин кызматкерлерине соттолгондор жана алардын туугандары менен жазык-аткаруу мыйзамдары жана ушул Эрежелер аныктабаган байланыштарды түзүүгө, ошондой эле алардын кызматын пайдаланууга катуу тыюу салынат.
1. Ар бир түзөтүү мекемесинде соттолгондордун тиги же бул курамы менен иштөө өзгөчөлүктөрүн, жыл мезгилин, жергиликтүү шарттарды жана башка учурларды эске алуу менен катуу тескеп туруучу күн тартиби бекитилет.
2. Күн тартиби өзүнө туруу убактысын, текшерүү, уйкуга кирүү, жуунуу, физзарядка, тамактануу, жумушка киришүү, иштөө, окуу мезгилин, тарбиялоочу жана спорттук-массалык иш чараларды өткөрүүнү камтыйт. Соттолгондордун сегиз сааттык уктоосу жана аларга жеке убакыт берүү каралган.
3. Күн тартиби (4-тиркеме) түзөтүү мекемесинин жетекчисинин буйругу менен бекитилип персоналга жана соттолгондорго жеткирилет.
1. Күн тартиби бекиткен убакытта соттолгондор отряд, бригада боюнча жумушка же жумуштан чыгыш үчүн тизилишет. Алардын сырткы келбети текшерилип, тинтүү жүргүзүлөт.
2. Түзөтүү мекемесинин жетекчиси тарабынан жумуштун шарттарына жараша соттолгондордун өндүрүш объекттеринде жүрүш-туруш тартиби бекитилет, анда соттолгондордун катар тизилип жумушка келиши, цехтин (участоктун) жетекчиси же мастерлер тарабынан жумуштун жыйынтыгы чыгарылып, жумуш ордун өткөрүү каралган.
1. Соттолгондордун тамактануусу күн тартиби менен бекитилген убакытта отряд, бригада боюнча ашканада же иштеген объектте тамактанчу бөлмөдө болот. Эгерде ашкана турак абак менен өндүрүштүн кесилишкен жеринде турса, сменада иштегендер үчүн ашканада тамактануу, турак абактагы соттолгондорду өндүрүштө иштеп жаткандардан обочолоп уюштурулат.
2. Коммуналдык-тиричилик объекттердин (мончо, чач-тарач, кир жуугуч ж.б.) үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында мекеменин жетекчиси ал объекттерде иштеген соттолгондорго өз алдынча тамактанууга уруксат бериши мүмкүн.
3. Конвойсуз жүрүүгө уруксаты бар жана мекеменин сыртында администрациянын көзөмөлү алдында жашаган соттолгондор жашаган же иштеген жеринде атайын тамактанчу жайда тамактанышат.
4. Камераларда жана обочолонгон участоктордо кармалган соттолгондор орду-ордунда тамактанышат. Кургак учуктун ар түрдүү формалары менен ооруган соттолгондор дарылоо-профилактикалык мекемелердин бөлүмдөрүндө орду-ордунда тамактанышат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-июнундагы № 322 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Тамактануу учурунда толук тартип камсыздалышы үчүн ашканада мекеменин администрациясынын өкүлү болот.
1. Соттолгондорду түзөтүү мекемесинин жетекчиси, ошондой эле бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилери тарабынан жумасына 1 жолудан кем эмес жеке кабыл алуу жүргүзүлөт. Кабыл алууга келген соттолгондор жана алар менен талкууланган маселелер жөнүндө кеңседе сакталган журналда (5-тиркеме) эсепке алынат. Журналды үзгүлтүксүз жүргүзүп, чечимдерди аткарууну мекеменин жетекчиси контролдойт.
2. Жогору турган башкаруу органдарынын, прокуратуранын кызматкерлери түзөтүү мекемесине келгенде компетенциясына кирген маселелер боюнча соттолгондорду кабыл алууну жүргүзөт.
1. Түзөтүү мекемелерде соттолгондордун саны эртең менен жана кечинде күн тартиби бекиткен сааттарда текшерилет. Ошол эле мезгилде соттолгондордун сырткы келбети текшерилет. Зарыл учурда (качууларда, өзгөчө жагдай учурларында жана оперативдик зарылдыктагы башка учурларында) ар кайсы убакта кошумча текшерүү жүргүзүлүшү мүмкүн. Мындан тышкары, соттолгондордун жатагын пландаштырып жана пландаштырылбай тинтүү, аларды жеке кароо жүргүзүүгө болот.
2. Текшерүү жалпы тизүү учурунда ар бир сан жана фамилия боюнча жүргүзүлөт. Тизүүдөн мекеменин жетекчисинин чечими менен жумуштан кийин эс алгандар, оорусу боюнча (ооруп төшөктө жатканда), ошондой эле таштаганга болбогон жумушта иштегендер бошотулат. Алар болгон жеринде текшерүүдөн өткөрүлөт.
3. Аба ырайы бузулганда жана төмөн температурада болгондо мекеменин жетекчисинин чечими боюнча текшерүү бөлмөдө жүргүзүлөт.
4. АИЗО жана КТБ, түрмөлөрдө жана өмүр бою эркинен ажыратууга соттолгондор үчүн өзгөчө режимдеги түзөтүү мекемелерде камераларда текшерүү жүргүзүлөт, ал эми коопсуз жайда кармалган, конвойсуз жүрүү укугундагы катуу шарттарда башка режимдегилер жана мекемеден сырткары администрациянын көзөмөлү алдында жашагандар - жашаган жери боюнча текшерилет.
5. Жатак-абактарда үй-бүлөсү менен жашаган соттолгондор мекеменин жетекчиси бекиткен убакта мекеменин нөөмөт жардамчысына келип каттоодон өтүү жолу менен текшерилет.
6. Шаарда жайгашкан жатак-абактын чеги деп, жатак-абактын аймагынын чеги, айыл жергесинде - жатак-абактан 5 километр радиустагы аймактын чеги эсептелет.
1. Соттолгондордун түзөтүү мекемеси (жатак-абактан тышкары) ичинде жүрүү тартиби администрациянын өкүлүнүн коштоосунда тизилип жүрүү менен аткарылат.
2. Жеке убактысы учурунда соттолгондор обочолонгон участок ичинде тизилбестен жүрсө болот, ал эми түзөтүү мекемесинин башка бөлүгүндө администрациянын өкүлүнүн уруксаты менен жүрөт. Уйкуга кирүүдөн таң атканга чейин соттолгондорго администрациянын уруксатысыз жатаканадан тышкары жүрүүгө жол берилбейт.
3. Катуу шартта жаза өтөп жаткан соттолгондор бекитилген бөлмөлөрдөн тышкары администрациянын өкүлүнүн коштоосу менен гана жүрөт.
1. Соттолгондордон мекемеде алып жүрүүгө тыюу салынган буюмдарды тартып алууга мекеменин кызматкерлери укуктуу.
2. Тыюу салынган буюмдар табылган учурда тартылып алынат, акт түзүлүп, текшерүү жүргүзүлөт жана мекеменин жетекчиси чечим чыгарат.
3. Соттолгондордон тартылып алынган акча каражаттары бир сутканын (дем алыш жана майрам күндөрүн алып салып) ичинде мекеменин каржы бөлүгүнө же бухгалтериясына өткөрүлөт, мекеменин эсебине киргизилип, администрация тарабынан соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртууга жумшалат. Тартылып алынган баалуу кагаздар жана баалуу буюмдар комиссияланган соода дүкөндөрү аркылуу сатылат, ал эми сатуудан түшкөн акчасы соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртууга жумшалат.
4. Баалуу деп эсептелбеген тартылып алынган буюмдар кампага сактоого өткөрүлөт же мекеменин жетекчисинин чечими боюнча жок кылынат, тиешелүү акт түзүлүп, соттолгон адамга тааныштырылып, кол койдурулат.
5. Соттолгондордун бекитилген сандан жана ассортименттен ашык буюмдары тартылып алынып, кампага сактоого өткөрүлөт. Эгерде сактоодогу буюмдар соттолгон адамга керек болсо, ээсине берилет.
6. Түзөтүү мекемесинин аймагында табылган акча, ошондой эле дүкөн аркылуу комиссиялык соодадан түшкөн, ээси аныкталбаган акча бекитилген тартипте мекеменин администрациясы тарабынан соттолгондорду кармоону жакшыртууга жумшалат.
1. Соттолгондордун өз эсебинен кат жана телеграммаларды чектөөсүз жөнөтүүсү жана алуусу түзөтүү мекемесинин администрациясы аркылуу гана жүргүзүлөт. Бул максаттарда администрация бекиткен жерде почта ящиги кагылып, дем алыш, майрам күндөрдөн тышкары күнүгө ыйгарым укук берилген кызматкер тарабынан жөнөтүш үчүн каттар алынат. Түрмө, АИЗО, КТАдагы КТБ жана коопсуз жайлардагы соттолгондор каттарын администрациянын өкүлдөрүнө өткөрүшөт.
2. Каттар почта ящигине же администрациянын өкүлүнө чапталбастан ачык бойдон берилет.
3. Түзөтүү мекемесинен чыгып кеткен соттолгондорго келген каттар үч күндүн ичинде которулган жерине жөнөтүлөт.
4. Телеграммалар түзөтүү мекемесинин администрациясынан алынган, белгиленген формадагы бланктарды толтуруу жолу менен жөнөтүлөт. Телеграмма эгерде тоскоолдук (унаа бузулса же жок болсо, дем алыш же майрам күндөрү болсо ж.б.) келтирилбесе кийинки күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт. Телеграмма жөнөтүлгөнү жөнүндө квитанция соттолгон адамга кол койдуруп, өздүк ишине тиркелет.
5. Соттолгондор алган жана жөнөткөн корреспонденция түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан текшерилет. Соттолгондордун сот, прокуратура, Омбудсмен (Акыйкатчы), башкаруунун жогорку органдары менен кат алышуусу текшерилбейт. Соттолгон адамдын адвокаты же мыйзамдык негизде башка юридикалык жардам көрсөткөндөр менен кат алышуусу текшерилбейт, буга түзөтүү мекемесинин администрациясы кат алышууда маалыматтар кылмыш кылууга үгүттөөчү, пландоочу же уюштуруучу маанидеги иштерге багытталганы жөнүндө билгендер кирбейт. Мындай учурларда почта, телеграфтык кат алышууларды контролдоо соттун чечими боюнча болот.
6. Соттолгондордун жашыруун, шифрленген, башка шарттуу же өзгөчө лексикадагы (жаргон), ошондой эле шылдың мүнөздөгү мамлекеттик органдардын, коомдук түзүлүштөрдүн жана айрым жарандардын мамлекеттик, кызматтык мыйзамдуу кызыкчылыгына зыян келтирчү же мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды камтыган каттары (кат же телеграмма) адресатка жөнөтүлбөйт жана соттолгон адамга кайтарылбайт. Соттолгонго кол койдуруп билдирилет, андан кийин каттар жок кылынат.
7. Соттолгондорго келген акча перевод алардын өздүк эсебине которулат.
8. Туугандарына же башка адамдарга акча жөнөтүш үчүн соттолгон адам бекитилген формада бланк толтуруп, өздүк эсебиндеги акчадан кайсы бир сумманы которуп коюуга арыз жазат. Толтурулган бланкты жана арызды ыйгарым укуктуу кызматкер алат. Соттолгонго акча которулганы жөнүндө кол койдуруп квитанция көрсөтүлүп, өздүк ишине тиркелет.
9. Акча башка адамга жөнөтсө, арызына себептерин көрсөтүп жазат. Андай арыз боюнча түзөтүү мекемесинин администрациясы арыз берилгенден 5 күндөн кем эмес мезгилде каралып чечим кабыл алынат. Ал чечим жөнүндө соттолгонго билдирилет.
1. Ар бир соттолгон адам оозеки же жазуу түрүндө сунуш, арыз же доомат бере алат. Соттолгондор сунуш, арыз жана дооматты өз атынан гана берүүгө укуктуу.
2. Кыргыз Республикасынын соттолгон жарандары Кыргыз Республикасынын расмий жана мамлекеттик тилинде кат алышып, сунуш, арыз жана доомат бере алышат. Соттолгон чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар сунуш, арыздарды өз тилинде же башка билген тилде бере алышат, өзүнүн жарандык укуктарын ашырууда же жазык-процесстик өндүрүштө катышууда котормочунун жардамын алышса болот. Соттолгондорго кайсы тилде кайрылса, ошол тилде жооп берилет, андай мүмкүнчүлүк болбосо Кыргыз Республикасынын расмий тилинде, мекемеде кайрылган тилге которулуп жооп берилет.
3. Соттолгон чет өлкөлүк жарандар өз өлкөлөрүнүн Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси, ал эми Кыргыз Республикасында дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси болбосо - ал соттолгондордун кызыкчылыгын коргоого алган мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же эл аралык органдар (уюмдар) менен байланыш түзүүгө укуктуу.
4. Бардык жазылган сунуштар, арыздар же дооматтар даректерге түзөтүү мекемесинин администрациясы аркылуу жөнөтүлөт. Алар мекеменин атайын бөлүгүндө катталат.
5. Жазаларды аткаруу органдарынын жана мекемелеринин иш аракеттерин көзөмөлдөөчү органдарга кайрылган сунуштар, арыздар жана дооматтар бир суткадан (дем алыш жана майрам күндөрдөн тышкары) кечиктирилбестен жөнөтүлөт.
6. Башка органдарга жана коомдук уюмдарга жазылган сунуштар, арыздар жана дооматтар үч сутка ичинде даректер боюнча жөнөтүлөт.
7. Передача, посылка, жолугушуу берүү, акча сарптоо, эмгек акы чектөө, эмгекке тартуу, медициналык жардам көрсөтүү, кийим кече менен камсыздоо жана мекеменин администрациясы чече турган башка маселелер боюнча сунуштар, арыздар жана дооматтар мурда жиберилген органдар же адамдар тарабынан чечимдерди күтпөстөн карала берет.
8. Сот жана прокуратура органдарына кайрылган биринчи арыздарга, ошондой эле башка түзөтүү мекемесине которуу жөнүндө арыздарга справка-мүнөздөмө тиркелет. Медициналык жардам көрсөтүү боюнча кайрылууларга саламаттыгы жөнүндө справка тиркелет.
9. Сунуштардын, арыздардын жана дооматтардын каралышынын жыйынтыгы боюнча жооптор үч күндөн кем эмес мөөнөттө соттолгондорго кол койдуруп билдирилип, өздүк иштерине тиркелет.
Жазылган сунуштарга, арыздарга жана дооматтарга ушул Эрежелердин 13-бапсынын 5, 6-пункттары колдонулат.
1. Соттолгондорго мекеменин администрациясынын катышуусунда
төмөнкү кыска мөөнөттүү жолугушуулар жана чогуу жашоо укугу менен узак мөөнөттүү жолугушуулар берилет. Узак мөөнөттүү жолугушуулар төмөнкү адамдарга берилет:
1) жакын туугандары: чогуу жашоо укугу менен жубайы, ата-энеси, балдары, асырап алган ата-энеси, асырап алган балдары, бир тууган ага-инилери, эже-карындаштары, чоң атасы, чоң энеси (тай атасы, тай энеси), неберелери;
2) башка адамдар менен, атап айтканда:
- башка туугандары (агасы, жеңеси, иниси, келини, ага-инилердин балдары, бөлөсү, жээни, тай аке-тай эжелери, кайын ата, кайын энеси, тай ата-тай энеси жана башкалар):
- соттолгон адамга бөлөк жыныстагы адамдар менен (чогуу жашап жүргөн же ортодо балдары бар колуктусу, жигити, классташтары, курсташтары, акыркы иштеген жериндеги кесиптештери).
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-июнундагы № 322 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Жолугушууга уруксат түзөтүү мекемесинин жетекчиси же аны алмаштырган адам тарабынан соттолгон адамдын же ага жолугушууга келген адамдын арызы боюнча берилет. Эгерде жолугушууга уруксат берилбесе жолугушууга берген арызга себептери жазылат. Жолугушууга келген адамдын өздүк жана тууганчылык даражасын билдирген документтер болуп паспорт, аскердик билет, күбөлүк, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике тууралуу күбөлүк, үй-бүлө жана балдарды колдоо боюнча бөлүмүнүн иш кагаздары эсептелет.
3. Соттолгондорго биринчи жолугушуу кайтаруу алдында жүргөндө жолугушуу алганына карабастан карантин бөлмөсүнөн отрядга келгенде берилет. Кыска жана узун мөөнөткө жолугушуу укугу берилсе жолугушуу түрүн соттолгон өзү тандап алат. Кийинки жолугушуулар он эки айды бир жылда берилүүчү жолугушууларга бөлүштүрүп, калган убакыт ичинде берилет.
4. Түзөтүү мекемесинин нормалдуу ишине бөгөт коюлган өзгөчө шарттагы режим киргизилсе, ошондой эле эпидемияга каршы жана башка өзгөчө абал киргизилсе түзөтүү мекемесинин жетекчисинин буйругу менен жолугушуу берүү убактылуу токтотулат. Бул себептер боюнча берилбеген жолугушуулар кийинки жолугушуу берүү мөөнөтүнө кошулуп берилиши мүмкүн.
5. Жолугушуу мөөнөтү келген адамдардын айтуусу боюнча администрация тарабынан кыскартылышы мүмкүн. Жолугушууларды кошууга же бир жолугушууну бөлүштүрүүгө жол берилбейт.
6. Жолугушууларга соттолгондор таза кийинип келиши керек. Узак жолугушууга туугандары алып келген кийимдерди кийсе болот. Соттолгондорду жолугушууга чейин жана андан кийин тинтүү жүргүзүлөт.
7. Соттолгондорго, эрезеге жете элек инилери, карындаштары, балдары, неберелери менен бирге болсо эки чоң адам менен узак мөөнөткө жолугушуу берилет.
8. Администрациянын чечими боюнча жолугушуу терс таасир бербесе башка адамдар менен узак жолугушуу берилет.
Башка адам соттолгонго жакшы таасирди берсе, мындай жагдай администрацияга узак жолугушууну берүүгө негиз болуп саналат.
9. Соттолгондорго жолугушууга келген адамдарга түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан жолугушуу тартиби түшүндүрүлгөндөн кийин, тыюу салынган буюмдарды жолугушуу бүткөнчө сактоого жолугушуу бөлмөсү боюнча контролерго кол койдуруп өткөрүшөт.
10. Жолугушууга келген жарандар, алардын кийимдери жана буюмдары тинтилиши мүмкүн. Тинтүүдөн жашырылган тыюу салынган буюмдар табылса мекеменин администрациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Эрежелердин талаптарына ылайык чара көрүлөт.
11. Жолугушууга келген адам тинтүүдөн баш тартса анда ага жолугушууга уруксат берилбейт.
12. Соттолгондор жана жолугушууга келген адамдар жолугушуу берүүнүн бекитилген тартибин бузушса жолугушуу тезинен токтотулат.
13. Жолугушууга келген адамдар тарабынан тамак-аш же буюмдар кыска мөөнөткө берилген жолугушуу бөлмөсүнө алып кирүүгө жол берилбейт. Узак жолугушууга тамак-аш жана 1-тизмек боюнча тыюу салынбаган буюмдарды алып кирүүгө уруксат берилет.
14. Түзөтүү мекемесинин сыртына узак мөөнөткө уруксат берилген соттолгон адамга конвойсуз же коштоосуз жүрүүгө уруксат берилген адамдардыкына окшош пропуск берилет. Жолугушуу берүү ордун соттолгон адамдын жүрүш-турушун көзөмөлдөөнү эске алуу менен мекеменин жетекчиси аныктайт. Соттолгон адамга мекеменин сыртында жолугушуу ордун өз алдынча таштоого тыюу салынат.
15. Соттолгондор менен жолугушууга келген адамдар үчүн мекемелер алдында мейманкана тибинде кыска жана узак мөөнөткө жолугушуу бөлмөлөр түзүлөт. Жолугушуу бөлмөлөрү мекеменин аймагында болуп, аны пайдалангандыгы үчүн жолугушууга келгендер же соттолгондор тарабынан жазык-аткаруу системасынын органдары жана мекемелери тиешелүү ведомстволор менен макулдашып бекиткен өлчөмдө наркы төлөнөт.
16. Жолугушуу түрүн телефон менен сүйлөшүүгө алмаштыруу соттолгон адамдын арызы боюнча бирге бир эсебинен жүргүзүлөт.
17. Юридикалык жардам алыш үчүн соттолгондорго адвокат же башка юридикалык жардам көрсөтүүгө укуктуу адам менен жолугушуу берилет. Соттолгон адамдын эрки боюнча жолугушуу өз алдынча берилет. ЖАК бекиткен жолугушуулардын санына мындай жолугушуу кошулбайт, алардын саны жана мөөнөтү чектелбейт, бирок соттолгон адам иштебеген мезгилде, тургандан жатканга чейинки убакытта берилет.
1. Телефон менен сүйлөшүү соттолгон адамдын арызы боюнча берилет. Арызында дарек, абоненттин телефон номери жана сүйлөшүү узактыгы жазылат. Телефон менен сүйлөшүү соттолгондордун өздүк эсебиндеги акчадан учурдагы тарифтер боюнча төлөнөт. Телефон менен администрациянын көзөмөлү алдында сүйлөшүшөт, ал жөнүндө соттолгондорго эскертилет.
1. Соттолгондор посылканы, передачаны жана бандеролду түзөтүү мекемесине келгенден баштап алса болот. Аларды алууга укугу жок адамдын, ошондой эле каза болгон же бошоп кеткендердин дарегине келсе, дайындалган төлөм менен себептер көрсөтүлүп жөнөткөн адамдарга кайра кайтарылат. Башка мекемеге которулган соттолгондорго посылка, передача жана бандероль келсе, түзөтүү мекемесинин эсебинен ал жакка жөнөтүлөт.
2. Посылкалар, передачалар жана бандероль соттолгон адамдын катышуусу менен түзөтүү мекемесинин кызматкерлери тарабынан ачылып, текшерилет. Тыюу салынган буюмдар табылса тартылып алынып, ушул бапга ылайык чечим кабыл алынат.
3. Тыюу салынган буюмдар себептери көрсөтүлүп берген адамга кайтарылат.
4. Посылкалардан, передачалардан жана бандеролдон соттолгондор тарабынан кылмыш жасоо максатында мүмкүн колдоно турган тыюу салынган буюмдарды тартып алуу фактылары боюнча бекитилген тартипте текшерүү жүргүзүлөт.
5. Посылкалардан, передачалардан жана бандеролдон чыккан буюмдар жана салмагы атайын журналга катталып, андан кийин кол койдуруп соттолгон адамга өткөрүлөт.
6. Соттолгондордун түзөтүү мекемесине келген туугандарына мекеменин администрациясы посылка, передача жана бандеролдун ордуна түзөтүү мекемесинин дүкөнүнөн тамак-аш жана алгачкы керектелүүчү буюмдарды сатып алып соттолгондорго берсе болоорун түшүндүрөт. Мындай учурда туугандары эки нускада, тамак-аштын жана буюмдардын саны, салмагы көрсөтүлгөн арыз беришет жана алардын акчасын төлөшөт. Соттолгондор ал передачаларды алгандан кийин арыздын биринчи нускасы туугандарына берилет, экинчи нуска соттолгондун өздүк ишине тиркелет.
7. Айып изоляторунда кармалган соттолгондорго посылка, передача жана бандероль тартиптик жазалоо мөөнөтү бүткөндө тапшырылат. Түзөтүү мекемесинин администрациясы посылка, передача жана бандеролдун сакталышын камсыздайт, бирок узак мөөнөт сакталууда бузулгандыгы үчүн жоопкерчиликте болбойт.
8. Мурунку жана кийинки посылкалардын, передачалардын жана бандеролдун ортосунда он эки айды соттолгонго бир жылда бериле турган посылканын (передачалардын жана бандеролдун) санына бөлгөндө чыккан мезгил кармалат (буга сыйлоо тартибинде алынгандар эске алынбайт). Соттолгон адамды кармоонун бир шартынан башка шартка которгондо посылкалардын, передачалардын жана бандеролдун кийинкисин алчу мезгили мурунку кармоо шартында жүргөндө акыркы алган мезгилден тартып эсептелинет.
9. Соттолгондор арыз боюнча өз эсебинен туугандарына посылка жана бандероль менен түзөтүү мекемесинин дүкөнүнөн сатып алган тамак-аш жана буюмдарды, ошондой эле өзүндө же кампада сакталган буюмдарын жөнөтсө болот. Ал посылкаларды соттолгон адамдын катышуусу менен администрациянын өкүлдөрү текшерет.
1. Соттолгондорго тамак-аш, буюм-тайым сатыш үчүн түзөтүү мекемелеринде дем алыш, майрам күндөрүнөн тышкары күнүгө иштей турган дүкөндөр уюштурулат. Соттолгондор күн тартибинде бөлүнгөн убакта өз кезеги менен (отряддар жана бригадалар боюнча) дүкөндөн керектүү буюм накталай эмес эсеп менен сатып алууга укуктуу.
2. КТБ, жалгыздык камерасында, коопсуз жайда жана кулптануучу бөлмөлөрдө кармалган, түзөтүү мекемесинин администрациясынын көзөмөлүндө кайтаруудан бошотулган, ошондой эле конвойсуз жүрүүгө укуктуу жана түзөтүү мекемесинен тышкары жашаган соттолгондордун арызы боюнча тамак-аш, алгачкы керектелүүчү буюмдарды мекеменин кызматкерлери (отряд башчысы же аны алмаштырган адам) сатып алып берет. Бул максаттарда тамак-аш жана алгачкы керектелүүчү буюмдарды алууга укуктуу ар бир соттолгон адамга бланк-арыз (6-тиркеме) берилет. Ал толтурулуп, администрацияга өткөрүлөт. Сатып алууну жүргүзгөн кызматкер күн мурун каржы бөлүмүндө же бухгалтерияда соттолгондун өздүк эсебинде акчасынын бардыгын текшерет. Сатып алган товарды соттолгонго арызына кол койдуруп өткөрүп берет.
3. КТБ жана жалгыздык камерада кармалган соттолгондорго тамак-аш жана алгачкы керектелүүчү буюмдарды сатып берүү айына эки жолу болот.
4. Мындан тышкары, соттолгондор каалоосу боюнча өз эсебинен түзөтүү мекемеси жайгашкан райондогу коммуналдык-тиричилик ишканалардын тейлөөсүн пайдаланышса болот.
Мындай тейлөөлөргө: граждандык үлгүдө кийим жана бут кийим тигүү, аларды оңдоо, тазалоо, соттолгондордогу тиричилик техниканы оңдоо, фото, видео тартуу (администрациянын көзөмөлү алдында болот), чач кыркуу, кызматтык иш-кагаздардын жана соттолгон адамдын өздүк ишиндеги документтердин көчүрмөсүн чыгаруу, нотариалдык тейлөө кирет. Соттолгондор сырттан окуган окуусунун акысын төлөшсө болот.
5. Түзөтүү мекемесинин администрациясынын уруксаты боюнча соттолгон адамга бул бапда көрсөтүлбөгөн башка тейлөөнү пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилет.
Соттолгондор өз эсебинен төлөп пайдаланган кошумча тейлөөлөр мекеменин жетекчисине жазган арыздары боюнча берилет. Тейлөө көрсөтүш үчүн администрация тарабынан тиешелүү адис (жумушчу) мекемеге чакырылат.
Кошумча тейлөөлөрдүн акысын төлөө соттолгон адамдын өздүк эсебиндеги акчадан арызында көрсөтүлгөн сумманы тейлөө көрсөткөн ишкананын, мекеменин, уюмдун же кызматчынын (жумушчунун) дарегине почта (телеграф) аркылуу жөнөтүү жолу менен жүргүзүлөт.
1. Соттолгондорго түзөтүү мекемелеринин сыртына кыска мөөнөткө чыгуу берүүгө мекеменин жетекчиси арыздын негизинде уруксат берет.
2. Соттолгондордун түзөтүү мекемелеринин сыртына кыска мөөнөткө чыгуу берүү жөнүндө арызы бир суткадан кем эмес мөөнөттө каралат.
Арызга өзгөчө себептерди далилдеген документтер (саламаттык сактоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын же башка ички иштер органдары күбөлөндүргөн документ, соттолгондун бошогондон кийинки эмгек же тиричилик маселесин чечүүгө багытталган арызы жана социалдык кызматкердин сунушу) тиркелет.
3. Кыска мөөнөткө чыгууга уруксат алган соттолгон адамга бекитилген формадагы күбөлүк (7-тиркеме) берилет, чыгуу тартиби түшүндүрүлүп, жаза аткаруудан баш тарткандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартылаары жөнүндө эскертилет, кол койдурган тилкат (8-тиркеме) алынат. Өздүк эсебинен чыгымдарын төлөш үчүн акча мекеменин бухгалтериясынан соттолгондун арызы боюнча берилет.
Жол киреге акысын соттолгон адам өзү төлөйт. Айрым учурда мекеменин администрациясы жардам көрсөтөт.
4. Чыгуу мезгилине соттолгон адам өзүнүн граждандык кийимин жана бут кийимин алууга укуктуу.
5. Дайындалган жерге баргандан бир сутканын ичинде соттолгон адам ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүгүнө, ал эми айыл жеринде - участкалык милициянын инспекторуна барып күбөлүккө келгендиги жөнүндө белги, келүү максаты, мөөнөтү жана кеткен мезгили жазылат. Кетип жатканда ошол эле ички иштер органынан кеткендиги жөнүндө күбөлүккө белги койдурат. Түзөтүү мекемесине түнкү мезгилде же эртең менен эрте кетип жатса белги кетер күндөн мурунку күнү коюлат. Күбөлүккө келгени жана кеткени жөнүндө ички иштер органынын мөөрү коюлат.
6. Мекемеге келгенде соттолгон адам күбөлүктү көрсөтөт.
7. Чыгуу учурунда соттолгон адам ооруп калып, ооруканага жаткыруу зарылдыгы болсо, туугандары же башка адамдар түзөтүү мекемесинин администрациясына жана ички иштер органдарына тезинен билдириши керек. Мындай учурда ал жазык-аткаруу системасынын же саламаттык сактоо органдарынын жакынкы дарылоочу мекемесине дарыланууга жиберилет. Дарыланып чыккандан кийин ушул бапда бекитилген тартипте жаза өтөөчү жайга жөнөтүлөт.
8. Психикалык жактан жабырланган соттолгондорго, ошондой эле 1-топтогу майыптарга жана ден соолугу боюнча дайым жардам талап кылган оорулууларга, эрезеге жете элек соттолгондорго түзөтүү мекемесинен чыгуу тууганынын же башка адамдын коштоосунда гана уруксат берилет.
1. Конвойсуз жана коштоосуз жүрүүгө, ошондой эле түзөтүү мекемесинин администрациясынын көзөмөлүнө камактан бошотулган соттолгондор мекемеден тышкары жүрүүгө бекитилген үлгүдө (9-тиркеме) күбөлүктүн негизинде укуктуу.
2. Жумуштан бошогон бош мезгилинде соттолгондор администрация белгилеген жатакананын (жашаган жеринин) чегинде болуп, түзөтүү мекемесинин жүрүш-туруш тартибин сакташы керек.
3. Жашаган жеринен же жатаканадан (жашаган объекттен) тышкары жүргөндө соттолгондор:
- жүрүү маршрутун жана убактысын, коомдук тартипти сактоого;
- сырткы келбетин таза кармоого, сезон боюнча бекитилген тартипте кийим кече кийип жүрүүгө;
- жумуштан кийин өз убагында жашаган жерине же жатаканага (жашаган объектке) келип, администрацияга келгени жөнүндө айтып турууга;
- мекеменин же милициянын кызматкерлерине биринчи талап боюнча пропуск көрсөтүүгө, жашаган жерине келгенде аны контролдоо өткөрмө пунктунда мындан ары - КӨП), ал эми жатаканага (жашаган объектине) келгенде көзөмөлдөөчү кызматкерге өткөрүүгө милдеттүү.
4. Соттолгондорго төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- күн тартиби бекитпеген убакта жашаган жеринен же жатаканадан (жашаган объекттен) чыгууга;
- жумуш убагында объектти таштоого;
- жөнөтүүгө же бирөөгө тапшырыш үчүн кат алууга жана соттолгондордун башка тапшырууларын аткарууга;
- пропускту башка адамдарга берүүгө.
5. Түзөтүү мекемесинин администрациясынын көзөмөлүнө камактан бошотулган соттолгондор мекеменин жетекчисинин уруксаты менен жеке адамдар менен таанышып, үйлөрүнө барса болот. Бошонгондон кийин жумушка орношуу максатында мекемелерге, ишканаларга, уюмдарга барса болот.
6. Бул жүрүш-туруш эрежелери соттолгондорго кол койдуруп (10-тиркеме) түшүндүрүлөт, андан кийин конвойсуз же коштоосуз жүрүүгө, түзөтүү мекемесинин администрациясынын көзөмөлүнө камактан бошотууга укук берилгени тууралуу токтом менен бирге өздүк ишке (11-тиркеме) тиркелет.
7. Соттолгондор тарабынан жүрүш-туруш эрежелери бузулса мекеменин жетекчисинин токтому менен соттолгон адам конвойсуз же коштоосуз жүрүүгө, администрациясынын көзөмөлүнө камактан бошотууга берилген укуктан ажыратылып, тартип жоопкерчилигине (12-тиркеме) тартылат. Конвойсуз же коштоосуз жүрүүгө укуктуу соттолгон адамдын пропуску алынып, акт боюнча жок кылынат.
1. Түзөтүү мекемелеринин ишканаларында жана өндүрүш объекттеринде соттолгондордун ишин көзөмөлдөөчү жалданма кызматчылар, ошондой эле өндүрүштүн нормалдуу иштөөсү үчүн иштеген соттолгондордон 15 проценттен ашпаган өндүрүштө иштеген квалификациялуу жалданма жумушчулардын иштешине жол берилет.
2. Түзөтүү мекемелердин администрациясы жалданма жумушчулардын өздүк курамы соттолгондор менен бир жыныста болушу үчүн чара көрөт.
3. Соттолгондор менен иштеген адамдар түзөтүү мекемесинин администрациясы бекиткен өз ара сүйлөшүү тартибин сакташы керек, ал жөнүндө кол коюшат (13-тиркеме). Соттолгондор менен жарандар өз ара бири бирине тамак-аш, акча, корреспонденция, спирт ичимдиктерин, кийим-кече, башка буюм-тайымдарды берүүгө тыюу салынат. Бул тартипти бузган жарандарга карата мекеменин администрациясы соттолгондор иштеген объекттерге кирүүгө тыюу салып, аларды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечим чыгарат.
4. Пландалган тапшырмалардын аткарылышы жана режимдин сакталышы боюнча соттолгондорго коюлган талаптарды жогорулатуу максатында бардык негизги жана майда объекттерге түзөтүү мекемесинин администрациясынын өкүлдөрү жиберилет.
1. Соттолгондорду, түзөтүү мекемелеринин аймагын, бөлмөлөрдү жана өндүрүш объекттерин жазык-аткаруу системасынын борбордук башкаруу органы тарабынан бекитилген тартипте пландуу, ошондой эле кезексиз текшерүү жана тинтүү жүргүзүлүшү мүмкүн.
2. Текшерүү жана тинтүү учурунда зарылчылык болбосо төшөнчүлөрдү, кийим-кечени, эмеректерди жана башка буюмдарды бузууга, жыртууга жол берилбейт.
3. Жатак абактарды жана өндүрүш объекттерин текшерүү жана тинтүү конкреттүү план боюнча жүргүзүлөт. Алардын жыйынтыгы тиешелүү акт менен таризделет. Текшерүү жана тинтүү мезгили жазык-аткаруу системасынын борбордук башкаруу органы тарабынан аныкталат.
4. Соттолгондордун тарабынан массалык баш аламандар болорунда жана мекемеде өзгөчө жагдай жарыяланган учурда жазык-аткаруу системасынын борбордук башкаруу органынын чечими боюнча түзөтүү мекемесин тинтүүгө жазык-аткаруу системасынын башка органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлери тартылышат.
1. Түзөтүү мекемелерине жана өндүрүш объекттерине өткөрүү режими түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан бекитилип, контролер же караул аркылуу жүргүзүлөт.
2. Түзөтүү мекемелерине же өндүрүш объекттерине кирип жаткан адамдар администрациянын уруксатысыз өзү менен бирге ар кандай буюмдарды, оролгон нерселерди, сумкаларды, аудио-видео техниканы, уюлдук телефон жана башка ошондой буюмдарды алып кирүүгө жол берилбейт. Андай буюмдар атайын курулган бөлмөлөргө сактоого өткөрүлөт. Жалпы билим берүү, кесиптик-техникалык окуу жайларынын мугалимдерине жана окутуучуларына мекеменин турак абагына өзү менен сабак өткөрүүгө тиешелүү окуу куралдарын алып кирүүгө болот.
3. Түзөтүү мекемесинин администрациясы түзөтүү мекемесинин аймагына жана өндүрүш объектине кирип жана чыгып жаткан адамдарды текшерүү жүргүзүүгө укуктуу.
4. Жеке текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечимди мекеменин жетекчиси же анын орун басарлары, алар жокто - мекеменин жетекчисинин нөөмөт жардамчысы кабыл алат.
5. Жеке текшерүү жана буюмдарын текшерүү түзөтүү мекемелеринин объекттерин кайтаруу караул түзүмүнө кирген аскер кызматчылары, ошондой эле түзөтүү мекемесинин жетекчисинин буйругу боюнча башка адамдар тарабынан жүргүзүлөт.
6. Буюмдарды ээсинин катышуусунда, жеке текшерүү администрациянын эки өкүлү тарабынан жүргүзүлөт. Өндүрүш объекти алыс жайгашса жеке текшерүү ошол участоктогу жоопкерчиликтеги мекеменин эки кызматкери тарабынан жүргүзүлсө болот.
7. Текшерүүнүн алдында 1-тизмекте аталган буюмдарды көрсөтүү сунушталат.
8. Жеке текшерүү нөөмөт бөлүгүндө же контролдук-өткөрүү пунктунда бир жыныстагы адамдар тарабынан жүргүзүлөт. Бир бөлмөдө бир убакта бир нече адамды текшерүүгө тыюу салынат.
9. Жеке текшерүү, ошондой эле буюмдарды текшерүү жүргүзгөн кызмат адамдары сый болуп, текшерилген адамдардын ар намысын кемсинтүүгө жол бербеши керек.
1. Ар бир соттолгон адам өзүнүн эмгекке жарамдуулугуна жараша иштөөгө милдеттүү. 1 жана 2-топтогу майыптар, ошондой эле пенсия жашындагы соттолгондор медициналык бүтүмдү эсепке алуу менен алардын каалоосу боюнча эмгекке тартылышат.
2. Тарбиялоочу мекемелерде соттолгондор ошол мекемелердин гана ишканаларына эмгекке тартылышат.
3. Түзөтүү мекемелерин кайтарууну жүргүзгөн өздүк курам, курал-жарак, кызматтык иш кагаздар, атайын техникалык каражаттар жайгашкан административдик имараттардагы жумуштарга соттолгондорду тартууга тыюу салынат.
4. Мындан тышкары соттолгондорду төмөнкүдөй иштерге тартууга жол берилбейт:
- кайтаруунун техникалык каражаттарын, ошондой эле ички тыюу салынган абакта кайтаруунун инженердик каражаттарын оңдоо боюнча;
- радиотелеграфтык, телефондук, факсимилдик, көбөйтүүчү техника менен иштөөчү;
- медикамент, жардыруучу, ууландыруучу заттарды эсепке алууга, сактоого жана таратууга байланышкан;
- жумушчуларды соттолгондорго баш ийдирүүчү;
- оперативдик автоунаага айдоочу;
- сатуучу, бухгалтер-операционист, кассир, тамак-аш, кийим кампаларынын башчысы, ошондой эле оор жана баалуу жабдыктар сакталуучу кампа башчысы, кампачы кызматтарында.
1. Соттолгондор түзөтүү мекемелеринде материалдык жактан камсыздоого жана жашылдандырууга, ошондой эле имараттардын жана курулуштардын техникалык абалын колдоого байланышкан чарбалык тейлөө иштерине тартылышы мүмкүн. Мындай жумуштарга алынган соттолгондордун саны соттолгондордун жалпы санынын 6 пайызына чейин түзүшү мүмкүн.
2. Өзгөчө режимдеги түзөтүү мекемелеринде ички турак абактарын чарбалык тейлөө КТБ бекитилген тартипте турак бөлмөлөргө которулган соттолгондор тарабынан жүргүзүлөт. Ал мекемелердин сыртындагы чарбалык иштер башка түрдөгү мекемелерде, айрыкча жатак-абактарда жаза өтөп жаткан соттолгондор тарабынан жүргүзүлөт.
3. Түрмөлөрдө чарбалык тейлөө иштерине жалпы жана катууланган режимде жаза өтөөгө жазаланган соттолгондор тартылат. Мындай соттолгондорду түрмөнүн сыртына чыгаруу конвой алдында жана өзгөчө учурларда гана болот (сыртына чыгарылган соттолгондордо жакшы мүнөздөмөсү болуш керек). Түрмөлөрдө чарбалык тейлөө иштеринде иштеген соттолгондордун саны соттолгондордун жалпы санынын 6 пайызынан ашпашы керек.
1. Түзөтүү мекемелеринде чарбалык тейлөө иштерин аткарууга, ошондой эле мастерлердин, бригадирдин, нарядчиктердин жана дневальныйдын ордун алмаштырууга соттолгондорду тандоо оперативдик бөлүмдөр (бөлүктөр) менен макулдашып тиешелүү кызматтардын жетекчилери тарабынан жүргүзүлөт. Түрмөлөрдө чарбалык тейлөө иштерин аткарууга дайындоодо соттолгон адамдын жазган макулдугу (арызы) талап кылынат. Жогоруда аталган жумуштарды аткарууга соттолгондорду дайындоого түзөтүү мекемесинин жетекчисинин буйругу чыгарылат, көчүрмөсү соттолгон адамдын өздүк ишине тиркелет.
2. Чарбалык тейлөө жумуштарын аткарууга дайындалган соттолгондор, эреже катары, бир отрядга чогултулат. Алардын, ошондой эле мастерлердин, бригадирдин, нарядчиктердин жана дневальныйдын милдеттери түзөтүү мекемесинин жетекчисинин буйругу менен аныкталат.
1. Жатак-абактарда жаза өтөп жаткан соттолгондор ошол мекемелердин ишканаларына, жазык аткаруу системасынын, башка министрликтердин жана ведомстволордун объекттерине тиешелүү көзөмөл алдында эмгекке тартылышат.
2. Айрым учурларда жатак-абактын жетекчисинин уруксаты менен соттолгондорду жатак-абактын аймагынан тышкары, бирок жатак-абак жайгашкан областтын чегинде.
3. Жатак-абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан соттолгондорду ишке орноштуруу маселелери боюнча мекеменин администрациясынын, соттолгондун жана иш берүүчүнүн өз ара мамилелерин аныктоочу жоболор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Жатак-абактарда жаза мөөнөтүн өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө нускамада бекитилген.
1. Түрмөлөрдө жаза өтөп жаткан соттолгондор түрмөлөрдүн ичиндеги гана ишканаларга жана башка иштерди аткарууга эмгекке тартылышат. Түрмөлөрдө жаза өтөп жаткан соттолгондорду түрмөлөрдүн сыртына алып чыгууга тыюу салынат. Түрмөлөрдө өндүрүштүк бөлмөлөр жана башка объекттер кайтарылган абактын ичинде бири биринен обочолонуп жайгаштырылат. Өндүрүштүк бөлмөлөрдөн жана камералардан чыкканда соттолгондорду тинтүү, ал эми бөлмөлөрдү - текшерүү жүргүзүлөт.
2. Зарыл учурда түрмөлөрдүн администрациясы соттолгондорду мекемелердин аймагында оңдоо-курулуш иштерине тартышы мүмкүн. Мында аларды түрмөлөрдө чарбалык тейлөө иштерине калтырылган соттолгондордон обочолоо камсыздалат.
3. Түрмөлөрдө жаза өтөп жаткан соттолгондорду режимдик корпустарды жана түрмөлөрдү чарбалык тейлөө боюнча бардык иштерине тартууга тыюу салынат.
4. Түрмөлөрдө соттолгондор камераларда санитардык нормаларды жана эмгекти коргоо эрежелерин сактоо менен эмгекке тартылса болот.
5. Түрмөлөрдө соттолгондордун иштеши ар кандай категориядагы соттолгондорду бири биринен обочолоп уюштурулат.
1. Түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун өздүк эсебине кармаган суммага карабастан 50 пайыздан кем эмес, ал эми режим бузбаган 1 жана 2-топтогу майыптардын эсебине чектелген айлык акынын 50 пайызынан кем эмес акча түшүп турушу керек. Тарбиялоочу мекемеде соттолгондордун өздүк эсебине кармаган суммага карабастан чектелген айлык акынын 75 пайызынан кем эмес акча түшүшү керек.
2. Жатак-абактарда жаза өтөгөн соттолгондорго кармаган суммага карабастан чектелген айлык акынын 50 пайызынан кем эмес акча төлөнүшү керек.
1. Тергөө изоляторунан же башка түзөтүү мекемесинен келген соттолгондорго иштеген биринчи айда айлык акы чектелгенге чейин эмгек кылууга ак ниет мамиле кылып, режим тартибин бузбаса, мекеменин дүкөнүнөн тамак-аш жана алгачкы керектелүүчү буюмдарды өздүк эсебиндеги каражатка сатып алууга уруксат берилет. Мындай каражаттардын соттолгондорго байланыштуу себептери болбосо, келечектеги айлыгынын эсебинен тамак-аш жана алгачкы керектелүүчү буюмдарды сатып алууга бекитилген сумманын чегинде аванс чектелиши мүмкүн.
2. Берилген аванс ошол айда чектелген эмгек акысынан кармалып калат.
3. Өздүк эсебиндеги каражаттарды алуу укугу жана аванс чектөө соттолгон адамдын арызы боюнча түзөтүү мекемесинин жетекчисинин буйругунун негизинде берилет.
4. Өзгөчө учурларда (өзгөчө каржылык кыйынчылыкта) тарбиялоочу мекеменин администрациясы эрезеге жете элек, туугандары жок, мурда балдар үйүндө өскөн соттолгон балдарга кесип алуу боюнча окуган мезгилде атайын каражаттын эсебинен бир айлык акы өлчөмүндө бир жолку төлөм берсе болот. Төлөм соттолгондордун арызы боюнча тарбиялоочу мекеменин жетекчисинин буйругунун негизинде берилет.
1. Соттолгондорго жумушчу кесиби боюнча баштапкы кесиптик билим алууга мүмкүнчүлүк берилет. Кесип тандоо соттолгон адамга берилет жана өз каалоосу менен болот. Экзамендерди тапшырыш үчүн соттолгондор эмгек жөнүндө мыйзамдар бекиткен тартипте жумуштан бошотулушат. Эмгек акысы ошол мезгилге чектелбейт.
1. Турак бөлмөлөргө, клубдарга, китепканаларга, тарбиялоочу иштер боюнча кабинеттерге жана бөлмөлөргө, жалпы билим берүүчү мектептерге, кесиптик-техникалык окуу жайларга, өзгөчө режимдеги мекемелердеги КТБ, түрмөлөрдөгү камераларга, дарылоочу жана дарылоочу-профилактикалоочу мекемелерге радио коюлат.
2. Радиоберүү түйүндөрү мекемелердин же бөлмөлөрдүн сыртына орнотулуп, соттолгондорго кирүүгө тыюу салынат.
3. Клубдарга, тарбиялоочу иштер боюнча кабинеттерге жана бөлмөлөргө, эс алуучу бөлмөлөргө телевизор, анын ичинде соттолгондордун эсебинен алынган телевизор коюлат. Телеберүүлөрдү көрсөтүү күн тартиби менен бекитилип, иш күндөрү 2 сааттан, дем алыш жана майрам күндөрү 6 сааттан ашпашы керек.
1. Соттолгондор кайсы болбосун динди тутууга же эч кандай динди тутпаганга укуктуу. Экстремисттик багыттагы дин туткандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
2. Мекемелердин администрациясы дин туткандарга дин каада салттарын өткөрүш жана дин мекемелеринин өкүлдөрү менен жолугуш үчүн бөлмө бөлүп берет. Соттолгондорго дин жазмаларын, адабияттарды пайдаланууга, күн тартибин бузбастан, бөлүнгөн убакта жолугушууга дин салттарын өткөрүүгө уруксат берилет.
1. Соттолгондорго мекеменин китепканасындагы адабий жана басма чыгармаларды колдонууга уруксат берилет. Китептерди 10 күндө бир жолудан кем эмес алмаштыруу жүрүп турат.
2. Соттолгондор отряд боюнча гезиттер менен камсыздалат. Түрмөлөрдө, КТБ, өзгөчө режимдеги мекемелерде бир камерага бирден гезит берилет.
3. Гезиттерге жеке жазылуу өз каалоосу менен мекеменин администрациясы тарабынан жүргүзүлөт.
1. Мекеменин администрациясы соттолгондорго столдо ойногон оюндарды колдонууга берет. Соттолгондорго өздөрүнүн шахматы, шашкиси, доминосу, нардысы менен ойноого уруксат берилет. Столдо ойногон оюндар эс алуу учурунда гана колдонулат.
1. Түзөтүү мекемелеринде: соттолгондорду ооруларды профилактикалоо максатында медициналык жактан текшерүү жана көзөмөлдөө, диспансердик эсепке алып, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган сунуштаган метод жана каражаттар менен байкоо жана дарылоо, ошондой эле алардын эмгекке жарамдуулугун аныктоо жүргүзүлүп турат.
2. Дарылоо-профилактикалык жана дарылоочу түзөтүү мекемелеринде тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлбөсө, соттолгондор кайтаруу жана обочолоо шартын камсыздоо менен саламаттык сактоо органдарынын аймактык дарылоо-профилактикалык мекемелерине жөнөтүлөт.
3. Түзөтүү мекемелеринде санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы нормалардын жана талаптардын аткарылышы камсыздалат. Түзөтүү мекемелерине келген бардык соттолгондор алгачкы медициналык текшерүүдөн, жуундурууну, кийимин дезкамерада иштетүүнү, чачын, сакал-мурутун (эркектер үчүн), колтук кылын кыска кыркууну өзүнө камтыган санитардык текшерүүдөн өткөрүлүшөт. Медициналык көрсөткүчтөргө ылайык бардык түк чыккан жерлерди кыруу жүргүзүлүшү мүмкүн. Карантин бөлүмүндөгү соттолгондор врач-адистер текшерүүсүн, рентген-флюорографиялык жана лабораториялык изилдөөлөрдү камтыган милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүшөт. Текшерүүнүн жыйынтыгы соттолгондун медициналык амбулатордук картасында катталат.
4. Соттолгондорду түзөтүү мекемелеринин медициналык бөлүктөрүндө кабыл алуу алдын ала жазып, медперсоналдын дайындоосу боюнча түзөтүү мекемесинин медициналык бөлүгүнүн иштөө режимине ылайык жүргүзүлөт. Тезинен медициналык жардам зарыл болгон учурда графикке жана убакытка карабастан кабыл алынат.
5. Соттолгондордун туугандарынан медициналык препараттар медициналык көрсөткүчтөргө жараша жана мекеменин медперсоналынын көзөмөлү алдында гана алынат.
6. Соттолгондор өз каалоосу боюнча өздүк эсебинен саламаттык сактоо органдарынын адистери тарабынан жазык аткаруу системасынын дарылоо-профилактикалык жана дарылоочу мекемелердин шарттарында кошумча дарылоо-профилактикалоочу жардам алышса болот.
Мында соттолгон адам тиешелүү арыз менен түзөтүү мекемесинин жетекчисине кайрылат, арызына керектүү кошумча дарылоо-профилактикалоочу жардамдын түрүн, адистин фамилиясын, атын, атасынын атын жазат. Мындай маселени чечүүдө түзөтүү мекемесинин медициналык кызматкерлеринин айткандары эске алынат.
Арыз үч күндүн ичинде каралып, адистин келүүчү мезгили аныкталат. Адис келгенде анын медицинада иштөө укугу аныкталат.
7. Кошумча дарылоо-профилактикалоо жардамдын түрү жана анын көлөмү соттолгондун медициналык картасына жазылат.
8. Кошумча дарылоо-профилактикалоо жардамдын акысын төлөө соттолгон адамдын арызында көрсөтүлгөн суммада соттолгондун өздүк эсебинен медициналык мекеменин же медициналык адистин дарегине почталык (телеграфтык) которуу жолу менен жүргүзүлөт. Кошумча дарылоо-профилактикалоо жардам соттолгондордун туугандары же башка адамдар тарабынан медициналык мекеменин же медициналык адистин дарегине төлөнсө болот.
9. ВИЧ/СПИД таратылышын профилактикалоо максатында жазаларды аткаруу чөйрөсүнүн ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган менен макулдашылган чечими боюнча түзөтүү мекемелеринде ВИЧ/СПИД жана баңгиликти профилактикалоонун жана дарылоонун:
- маалымат-билим берүү;
- опиоиддик алмаштыруу терапиясы (ОАТ);
- баңги заттарын инъекциялык колдонуучулардын арасында шприц же ийне алмаштыруу (ША) сыяктуу ар кандай программалары жүзөгө ашырылса болот.
10. ОАТ жана ША Программаларды ишке ашыруу тартиби жана шарттары жазаларды аткаруу чөйрөсүнүн ыйгарым укуктуу органынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган жана баңги заттарды контролдоо чөйрөсүнүн мамлекеттик органы менен макулдашылган чечими боюнча аныкталат.
1. Дарылоо-профилактикалык мекемелерде башка соттолгондордон обочолонуп өзгөчө коркунучтуу рецидив үчүн, ошондой эле өмүр бою эркинен ажыратылган жазага соттолгон эркектер кармалат. Мындай соттолгондор атайын бөлүнгөн түрмө типтеги палаталарда жатышат. Башка соттолгондордон обочолонуп эрезеге жете элек өспүрүм балдар, ал эми аялдар эркектерден бөлүнүп кармалышат. Инфекциялык оорулар менен ооруган соттолгондор инфекция түрлөрүнө жараша, соматика оорулуулардан бөлүнүп жайгаштырылат.
2. Дарылоо-профилактикалык мекемелердеги соттолгондорго узак мөөнөткө жолугушуу врачтын бүтүмү боюнча берилет. Узак жана кыска мөөнөткө жолугушуу тиешелүү режимдер үчүн бекитилген нормалар боюнча дарылоо-профилактикалык мекемелердин жетекчилери тарабынан берилет.
3. Өмүрүнө зыян келтире турган катуу оору менен ооруган соттолгон адамга туугандары менен жолугушууга мекеменин жетекчиси уруксат берет. Мындай жолугушуу келерки жолугушуунун эсебине кирбейт.
4. Эгерде соттолгондор дарылоо-профилактикалык мекемелерге жалпы, катууланган, катуу режимдеги мекемелердин айып изоляторунан же карантин тибиндеги бөлмөдөн, өзгөчө режимдеги мекемелердеги жалгыздык камерасынан, түрмөлөрдөгү айып изоляторунан калп ооруп же өз денесин атайын майып кылып келсе, дарылоо-профилактикалык мекемеде жаткан мезгил жаза мөөнөтүнө эсептелбейт.
5. Жаза мөөнөтүн өтөө тартибин бузган соттолгондорго ден соолугуна зыян келтирбесе жазык аткаруу мыйзамдарында каралган бардык тартиптик жазалоо колдонулат.
6. Айып изоляторуна камалган же карантин тибиндеги бөлмөгө которулган соттолгондор тиешелүү түрдө дарыланышат.
7. Жаза өтөө тартибин одоно бузган соттолгондор медициналык көрсөткүчтөр мүмкүндүк берсе дарылоо-профилактикалык мекемелерден чыгарылып мурунку жаза өтөгөн жерине кайтарылат.
1. Түзөтүүчү дарылоочу мекемелердин күн тартиби дарылоо иш чараларын камтыйт. Соттолгондорду обочолонгон участок же палаталар боюнча санын эсептөө же фамилиясы менен бир суткада экиден кем эмес текшерүү жүргүзүлүп турат.
2. Узак жолугушуулар медициналык каршылык болбосо, түзөтүү мекемесинин режимдин тиешелүү түрү үчүн бекитилген нормалар боюнча берилет.
3. Соттолгондордун эмгектенүүсү медициналык көрсөткүчтөргө, эмгекке жарамдуулук даражасына жана дарылоочу мекеменин шартында иштетүү мүмкүнчүлүгүнө жараша уюштурулат.
4. Айып изоляторуна камалган же карантин тибиндеги бөлмөгө которулган, жалгыздык камерада, бекитилген бөлмөлөрдө кармалган соттолгондор тиешелүү түрдө дарыланышат.
1. Катуу шарттарда жаза өтөп жаткан соттолгондор жашаган бөлмөлөр башка шартта жаза өтөгөн соттолгондордон обочолоону камсыздоо менен бирге коммуналдык-тиричилик жактан толук жабдылат.
2. Жалпы билим берүүчү мектептерде, кесиптик-техникалык окуу жайларында жана кайра даярдоо кесиптик-техникалык курстарында окуп жаткан соттолгондор катуу шарттарда жаза өтөп жаткан мезгилде сабактарга катышпайт. Аларга мугалимдер менен өз алдынча окууга жана консультация алууга мүмкүнчүлүк берилет.
3. Маданий массалык иш чаралар соттолгондор жашаган бөлмөлөрдүн ичинде уюштурулат. Китепкананы жана дүкөндү башка соттолгондордон обочолонуп пайдаланышат.
4. Эмгекке тартуу, тамактандыруу, медициналык текшерүү, санитардык текшерүү, амбулатордук дарылоо башка шарттарда жаза өтөгөн соттолгондордон обочолонуп уюштурулат.
1. Соттолгондорго өзү менен айып изоляторуна, сүлгү, самын, тиш паста, тиш щетка жана даарат кагаздан тышкары тамак-аш, өздүк буюмдарын алып барууга тыюу салынат.
2. Соттолгондордун кат жазуучу, жөнөтүүчү буюмдары айып изоляторунда, карантин тибиндеги бөлмөдө кармалган соттолгондорду көзөмөлдөөчү контролердо сакталат, кат жазган учурда берилет.
3. Тамак-аш кампага өткөрүлүп, айып тартуу мөөнөтү бүткөндөн кийин өзүнө берилет. Администрация тамак-аштын сакталышын камсыздап турат, көп сактоодон бузулган тамак-аш боюнча комиссия акт түзүп, жок кылынат.
4. АИЗОго камалган соттолгондорго тамеки чегүүгө тыюу салынат (өрт коопсуздугун сактап жана санитардык-гигиеналык талаптарды аткарыш үчүн).
5. АИЗОго, КТБга, жалгыздык камераларга соттолгондорду кабыл алууда толук тинтүү жүргүзүлөт, андан кийин алар ошол бөлмөлөргө бөлүнгөн кийим-кечени кийишет.
6. КТБга жана жалгыздык камерага которулган соттолгондорго өзү менен тамак-аш, сүлгү, самын, тиш паста, тиш щетка жана даарат кагаздан, тамеки жана ширеңкеден (аялдар үчүн гигена буюмдары) тышкары өздүк буюмдарын алып барууга тыюу салынат.
7. КТБга жана жалгыздык камерага которулган соттолгондорго өзү менен китеп, карандаш, калем сап, дептер, почта маркасын, открытка, конверт алып, китепканадан китеп, гезит-журнал жаздырып алууга уруксат берилет.
8. Жалпы билим берүүчү мектептерде, кесиптик-техникалык окуу жайларында жана кайра даярдоо курстарында окуп жаткан соттолгондор АИЗО, КТБ жана жалгыздык камерада жаза өтөп жаткан мезгилде сабактарга катышпайт. Аларга мугалимдер менен өз алдынча окууга жана консультация алууга мүмкүнчүлүк берилет.
9. КТБ жана жалгыздык камерадан айып изоляторуна жазалоо ирээтинде которулган соттолгондорго айып изоляторунда кармалган мөөнөт КТБ жана жалгыздык камерада кармалган мөөнөткө кошулбайт. АИЗОдо кармалган соттолгон адам жаза өтөө тартибин одоно бузгандыгы үчүн КТБ которулган учурда, КТБ кармалган мөөнөтү АИЗОдо жаза өтөп бүткөндөн кийин эсептелет.
10. Соттолгондор камераларда, ал эми иштеген мезгилде өндүрүш объекттеринде тамактанышат.
11. АИЗО, КТБ, жалгыздык камераларга соттолгондорду медициналык текшерүү жана амбулатордук дарылоо атайын жабдылган бөлмөдө жүргүзүлөт. Санитардык текшерүү башка соттолгондордон бөлүп жүргүзүлөт. Оорулуу соттолгондор медициналык көрсөткүчтөрүнө жараша өзүнчө камераларга жайгаштырылат.
12. АИЗО, КТБ, жалгыздык камераларда кармалган соттолгондорго төшөнчү уктаарда гана берилет. Бөлмөлөрдөн чыгарганда аларга сезонго жараша кийим берилет.
13. АИЗО, КТБ камераларында нөөмөт кылуу ар бир соттолгонго кезеги менен жүктөлөт. Нөөмөтчүлөрдүн милдетин түзөтүү мекемесинин администрациясы бекитет. Жалгыздык камераларды соттолгондор өздөрү тазалашат.
14. АИЗО, КТБ, жалгыздык камераларда кармалган соттолгондорду дарылоо-профилактикалык мекемелерге калп ооруга байланышпаган себептер боюнча которушкан учурда ЖАСтын дарылоо-профилактикалык мекемесинде кармалган мезгили жазалоо мөөнөтүнө эсептелинет.
15. Түзөтүү мекемесинин жетекчиси жок болгон учурда башка чара менен жасалган кылмышты же режимди одоно бузууга бөгөт коюуга мүмкүн болбосо, мекеменин жетекчиси келгенге чейин түзөтүү мекемесинин жетекчисинин нөөмөт жардамчысынын токтому боюнча соттолгон адам АИЗО, жалгыздык камерага камалса болот, бирок 24 сааттан ашпашы керек. Мындай обочолоо тартиптик жазалоого жатпайт.
16. Тарбиялоочу мекемелердин тартип изоляторлорунда соттолгондорду кармоо шарттарынын өзгөчөлүктөрү түзөтүү мекемелеринин АИЗО соттолгондорду кармаган шарттарга барабар болот.
17. Жалгыздык камераларда, айып жана тартип изоляторлорунда, ошондой эле карантин тибиндеги бөлмөлөрдө кармалган соттолгондорго дин кызматкерлери келиши мүмкүн. Мында соттолгон адам дин кызматкери менен жолугушууга уруксат берүүгө мекеменин администрациясына арыз менен кайрылышат. Соттолгондор менен дин кызматкерлеринин жолугушуусу өзүнчө бөлмөдө болушу керек. Мекеменин администрациясы дин кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоого милдеттүү.
1. Мыйзамчылык бекиткен тартипке ылайык сыйлоо жана жазалоо чараларын колдонуу ыйгарымдуу адамдардын токтому же буйругу менен жүргүзүлөт. Токтомдор (14, 15-тиркемелер) же буйруктун көчүрмөсү соттолгондордун өздүк ишине тиркелет. Сыйлоо жана жазалоо чараларын отряд башчысы (улук тарбиячы) эсепке алып турат. Отряддар (бөлүмчөлөр) боюнча сыйлоо жана жазалоо чараларын эсепке алуу мекеменин жетекчисинин атайын контингент менен иштөө жана режим боюнча орун басары тарабынан болот.
1. Жаза аткаруу кодексине ылайык бир мекеменин ичинде соттолгондорду кармоо шарттары өзгөрүлүшү мүмкүн (жакшыруу же жаман жагына).
2. Соттолгондорду которуу жөнүндө чечим түзөтүү мекемесинин жетекчиси баштаган комиссия тарабынан кабыл алынат. Комиссиянын курамына түзөтүү мекеменин жетекчисинин орун басары, атайын бөлүмдүн өкүлү кирет. Тарбиялоочу мекемеде андан тышкары жалпы билим берүү мектебинин жана өндүрүштүк-техникалык окуу жайынын кызматкерлери киргизилет. Комиссия курамы жана анын чечимдери мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет.
1. Соттолгондордун жеке коопсуздугуна башка соттолгондор же башка адамдар тарабынан коркунуч туудурулса соттолгон адам оозеки же жазуу түрүндө арыз менен мекеменин кайсы бир кызматкерине кайрылса болот. Ал тезинен кайрылган соттолгон адамдын жеке коопсуздугун камсыздоо боюнча чара көрүүгө милдеттүү.
Түзөтүү мекемесинин жетекчиси мындай арыз боюнча соттолгон адамдын коопсуздугуна коркунуч туудурбаган жерге которуу же башка чара көрүүгө өз демилгеси менен чечим кабыл алат.
Бул максаттарда башка бөлмөлөрдөн тышкары АИЗО же КТБ камераларын пайдаланууга болот.
Мындай соттолгон адамдар коопсуз жерге түзөтүү мекемесинин жетекчисинин токтому менен 30 күндөн мөөнөткө которулат, өзгөчө учурда түзөтүү мекемесинин жетекчиси келгенге чейин түзөтүү мекемесинин жетекчисинин нөөмөт жардамчысы тарабынан 24 сааттан ашпаган мөөнөткө которулат. Дем алыш жана майрам күндөрү түзөтүү мекемесинин жетекчисинин нөөмөт жардамчысы соттолгондордун коопсуз жайда кармалышын дагы 24 саатка узартып коюшу мүмкүн.
Жогоруда көрсөтүлгөн себептер боюнча соттолгондорду коопсуз жайга, анын ичинде АИЗО, КТБ камераларына которуу жазалоого жатпайт. Ушул Эрежелердин 40-бапсында көрсөтүлгөн чектөөлөр мындай соттолгондорго колдонулбайт.
Соттолгондордун жеке коопсуздугун камсыздоо боюнча аталган чаралар натыйжасыз болсо, түзөтүү мекемесинин жетекчиси тарабынан аны бекитилген тартипте башка түзөтүү мекемесине же жеке коопсуздугуна коркунуч келтирген соттолгондорду которуу жөнүндө чечим кабыл алат.
2. Соттолгондордун жеке коопсуздугуна коркунуч туудурган ар бир факт боюнча түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан коркунуч келтирген соттолгондорду аныктоо менен кызматтык текшерүү жүргүзүлөп тиешелүү бүтүм чыгарылат. Ал бүтүмдө коркунуч келтирүүнүн себептери, анын натыйжасы жана соттолгондун коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле коркунуч абалын жоюу боюнча чара көрүү жолдору көрсөтүлөт.
1. Соттолгондорду түзөтүү мекемесине, же ал мекемеден жиберүү (которуу) жазык аткаруу системасынын борбордук башкаруу органы тарабынан бекиткен тартип боюнча берилген наряд боюнча жүргүзүлөт.
2. Соттолгондорду жөнөтүүнү (которууну) Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды кайтаруу жана конвойлоо департаменти жазык аткаруу системасынын борбордук башкаруу органы менен макулдашып түзүлгөн план жана тартип боюнча аткарат.
3. Өзгөчө учурда медициналык жардам көрсөтүш үчүн кийин, дем алыш жана майрам күндөрүн алып салуу менен 24 саат ичинде наряд дайындап, соттолгондорду нарядсыз мекеменин администрациясынын күчү менен которууга уруксат берилет.
4. Соттолгондор кармалган мекемеде андан ары кармоого болбой турган төмөнкү себептердин негизинде аларды башка түзөтүү мекемесине которсо болот:
- бир кылмыш иши боюнча соттолгон адамдарга сүйлөштүрбөө зарылдыгы;
- режим жана тарбиялоо-профилактикалык иштерди жүргүзүү;
- соттолгондор арасында конфликт абалдарын жоюу.
1. Түзөтүү мекемесинин администрациясы соттолгондорду бекитилген бирдей үлгүдөгү бекитилген нормаларга ылайык кийим-кече жана бут кийим менен камсыздоого милдеттүү.
2. Кийим-кече көк же кара түстө болушу керек. Жай мезгилинде соттолгондорго шым, куртка, кепка комплекти берилет. Кыш мезгилинде кошумча фуфайка жана тумак берилет.
3. Бут кийим кара түстөгү ботинка же өтүк болушу керек. Сезонго жараша бут кийим менен чулгоо берилет.
1. Түзөтүү, тарбиялоочу мекемелер жана жатак-абактар бир типтеги долбоорлор боюнча курулуп, жабдылышат.
2. Түзөтүү жана тарбиялоочу мекемелерге үч обочолонгон абак болуп бөлүнөт: турак - соттолгондор жашаш үчүн; өндүрүштүк - соттолгондор иштеш үчүн; административдик - мекемелердин кызматтарынын иштеши үчүн.
Түзөтүү мекемелеринин, ошондой эле катууланган режимдеги тарбиялоочу мекемелердин аймактары локалдык, 300 ашпаган соттолгон адам кармалган бири биринен обочолонгон участокторго бөлүнүшөт.
Турак абакта жатакана, ашкана, дүкөндөр, мектеп, кесиптик окуу жайлар жана кесиптик даярдоо боюнча окуу техникалык кабинеттер, клуб, китепкана, стационары менен медициналык бөлүк (медизолятор), кир жууган жери, дезинфекциялоочу камерасы бар мончо, чач тарач, алмаштыруучу кийимдерди сактоочу кампа, күнүмдүк колдонулуучу жеке буюмдарды сактоочу камера, кийим жана бут кийим оңдоочу мастерской, кургатуучу жай, отряд башчыларынын, оперативдик жана режимдик кызматтардын, түзөтүү мекемесинин жетекчисинин оперативдик иштер боюнча, атайын контингент жана режим боюнча, жалпы маселелер боюнча, көзөмөл боюнча иштеген орун басарларынын иш бөлмөлөрү жайгашат.
Административдик абакта мекеменин жетекчисинин, өндүрүш боюнча орун басарынын иш бөлмөлөрү, ошондой эле соттолгондорду кабыл алуучу карантин бөлмөсү жайгашат. Карантин бөлмөсүндө уктоочу бөлмө, тамактануучу бөлмө, чечинүүчү жай жана тарбиялоо иштери боюнча бөлмө жайгашат.
Түзөтүү мекемесинде обочолонуп айып изолятору менен КТБ, ал эми тарбиялоочу мекеменин турак абагында - карантин жана тартип изолятору курулат.
Бири биринен обочолонгон участоктордо мүмкүнчүлүк болсо китепкана, чач тарач, сактоо камерасы, кургатуучу жай, ошондой эле соттолгондорду тизип, текшерүү жүргүзгөнгө мүмкүн болгон баскетбол-волейбол аянтчасы курулат.
Турак абак өндүрүштүк абактан, камералык типтеги жана айып (тартип) изоляторлорунун бөлмөлөрү башка курулуштардан көрүнүп туруучу коридор менен бөлүнөт.
Контролдук-өткөрүү пунктунда кыска жана узак мөөнөткө жолугушуу бөлмө жана посылка-передача кабыл алган, мекеменин аймагына кирген адамдарды жана алардын буюмдарын тинтүү бөлмөсү курулат. Соттолгондорду тинтүү бөлмөсү контролдук аянтчанын жанына турак жана өндүрүштүк абактын ортосуна ички контролдук-өткөрүү пунктуна жайгаштырылат.
Административдик имараттар мекеменин аймагынын сыртына курулуп, атайын бөлүк, байланыш кызматы, кадрлар тобу, тышкы кайтаруу жана жарандарды кабыл алуу иш бөлмөлөрү жайгаштырылат.
Мекеменин жетекчисинин нөөмөт жардамчысы, контролер кызматынын командири үчүн имарат турак жана өндүрүш абактарынын кошулган жерине жайгаштырылат. Ал соттолгондорду бир абактан экинчисине өткөрүү үчүн коюлат, ичинде тинтүү жүргүзүү үчүн бөлмө болот.
Өндүрүш абактын аймагы обочолонгон участокторго бөлүнөт, өндүрүш технологиясы боюнча мүмкүн болбогон жерде өткөрүү режим орнотулат.
Мекеменин сыртына тамак-аш, кийим-кече, күйүүчү-майлоочу материал, сырдоочу буюмдар, жашылча сактоочу кампа, нан бышыргыч, гараж жайгаштырылат.
3. Мекеменин аймагы бийиктиги 3,5 м кем эмес дубал менен тосулат.
1. Өзгөчө режимдеги түзөтүү мекемеси төмөнкү өзгөчөлүктөрдү эсепке алуу менен жабдылат:
1) турак абак көрүнүп туруучу коридор менен эки бөлүккө бөлүнөт: КТБ аймагы жана турак-жай бөлмөлөр;
2) турак-жай бөлмөлөрдүн аймагында режимдин башка түрүндөгү мекемелердей эле кызматтык жана коммуналдык-тиричилик объекттер жайгашат. Мында турак-жай бөлмөлөр административдик жана чарбалык-тиричилик имараттардан обочолонуп жайгаштырылат. Медициналык бөлүктүн имараты толук толтурулган дубал менен тосулат;
3) КТБ курулган аймакта АИЗО жана жалгыздык камералар жайгаштырылат. Ал имараттардын жанында эс алуучу аянтчалар түзүлөт.
1. Жатак-абактарда жатакана, мекеменин жетекчисинин нөөмөт орун басары жана контролерлор нөөмөт наряды үчүн бөлмө, ашкана, дүкөн, стационары бар амбулатория, мектеп, техникалык кабинеттер, китепкана, маданий массалык иш чараларды өткөрүүчү бөлмө, кир жуучу жай жана дезкамера бар мончо, соттолгондордун жеке буюмдарын сактоочу камера, АИЗО, келгендер үчүн жай болот.
2. АИЗО 4-6 орундуу 1-3 жалпы камера, 1-3 эки орундук камера жана АИЗО боюнча нөөмөт контролер үчүн бөлмө менен жабдылат. АИЗО бөлмөсү башка курулуштардан толук дубал менен бөлүнөт.
3. Эгерде жатак-абак калктуу конушта жайгашкан болсо, дубал менен тосулуп, контролдук-өткөрүүчү пункт орнотулат.
1. Жалпы режимдеги тарбиялоочу мекеменин аймагы бири биринен обочолонгон участокторго бөлүнбөйт.
2. Кесиптик окуу жайындагы класстар жана техникалык кабинеттер өндүрүштүк абакта болот. Эгерде алар турак абакта жайгаштырылса, башка бөлмөлөрдөн обочолонушу керек.
3. Тарбиялоочу мекемеде спорт эмеректеринин комплекси менен спорт аянтчасы болот. Турак абакта андан тышкары мекемеде кармалган соттолгондорду тизип, текшерүү жүргүзүш үчүн аянтчасы болушу керек.
1. Түрмөлөр типтик долбоорлор боюнча курулат жана жабдылат. Түрмөлөрдүн аймагы режимдик абак жана чарба короосу болуп бөлүнөт.
Режимдик абактын аймагында соттолгондор кармалган корпустар, ашкана, санпропускник, мектеп, клуб, стационары бар медициналык бөлүк жайгашат.
Эс алуучу аянтчасы корпустардын үстүңкү кабатына же башка жерлерде курулат. Өзүнчө учурда эс алуучу аянтчасы камерадан кароо мүмкүнчүлүгү жок болсо, курулат. Короолор (аянтчалар) үстүнөн каркас боюнча 12x20 см болгон ячейкасы бар решетка менен тосулуп, темир торчо тартылат.
Өндүрүштүк корпустар башка имараттардан бөлүнүп курулат. Турак корпустар өндүрүштүк, коммуналдык-тиричилик жана башка бөлмөлөр менен тоннель же жабык өтмө аркылуу кошулат.
Чарбалык короодо жашылча сактоочу жай, кампалар, гараж, чарбалык мастерскойлор жана башка көмөкчү бөлмөлөр жайгашат.
Режимдик абак жана чарбалык короо бийиктиги 4,5 м кем эмес таш же кирпич дубал менен тосулуп, инженердик-техникалык кайтаруу каражаттары менен жабдылат. Ошондой эле дубал менен режимдик абак чарбалык короодон бөлүнүп турат.
Кызматтык кабинеттер, контролдук-өткөрүү пункту, мекеменин жетекчисинин нөөмөт жардамчысынын бөлмөсү, соттолгондордун туугандары менен жолугушуу бөлмөсү административдик имаратта жайгаштырылат.
1. Жалпы, катууланган жана катуу режимдеги түзөтүү мекемелеринде, өзгөчө режимдеги мекемелердин турак бөлмөлөрүндө, жатак-абактарда, ошондой эле тарбиялоочу мекемелерде жаза өтөгөн соттолгондор жатаканаларга жайгаштырылып, ЖАК бекиткен нормалар боюнча турак аянтка ээ болушат. Ар бир соттолгон адамга өзүнчө уктоочу орун берилет, ал жерге соттолгон адамдын аты-жөнү жазылган такта бекитилет.
2. Жалпы, катууланган жана катуу режимдеги түзөтүү мекемелериндеги, өзгөчө режимдеги мекемелердеги, жатак-абактагы, ошондой эле тарбиялоочу мекемелердеги жатаканалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган Болжолдуу тизмектеги (16-тиркеме) нормалар боюнча эмеректер жана башка буюмдар менен жабдылат.
Ошол эле нормалар боюнча түрмөлөрдө чарбалык тейлөө иштерин аткарган соттолгондордун жатаканалары же камералары жабдылат.
Жатаканалардын имаратында уктоочу бөлмөлөрдөн тышкары ар бир отрядга эсептелген отряд башчыларынын (улук тарбиялоочулардын) иш бөлмөлөрү, тарбиялоо иштери үчүн иш бөлмөлөр, чечине турган жай, даараткана, кийим, бут кийим кургатуучу жай орнотулат. Аялдарды кармоочу түзөтүү мекемелерде жеке гигиена боюнча бөлмө бөлүнөт.
1. Түрмөлөрдө жаза мөөнөтүн өтөгөн адамдар камераларга жайгаштырылат жана ЖАК бекиткен норма боюнча турак аянтчасы менен камсыздалышат.
2. Жалпы, катууланган жана катуу режимдеги түзөтүү мекемелеринде, ошондой эле АИЗО кармалган адамдар эки кв.м кем эмес, ал эми тартип изоляторундагылар үч кв.м кем эмес турак аянтча менен камсыздалат.
3. Өзгөчө режимдеги түзөтүү мекемелериндеги жана түрмөлөрдөгү жалгыздык камерасынын аянты үч кв.м кем эмес болот.
Түрмөлөрдөгү камералардын терезелеринин туурасы 1,3-1,4 м бийиктиги 1,2 болот. Түзөтүү мекемелериндеги КТБ, АИЗО жана тартип изоляторлорунда терезелер - 0,5 м (туурасы) х 0,9 м (бийиктиги) болот. Терезелерде темир торлор, зарыл учурда щит-жалюзи курулат. Камералар тараптан терезелер айнекке жетпеген торлор менен тосулат. Түзөтүү мекемелериндеги КТБ, АИЗО жана тартип изоляторлорундагы полдор бетондон жасалып, тактайлар менен жабылат.
Камералардын эшиктеринин калыңдыгы 6 см болот. Камералар тараптан болот лист менен жабылат. Эшиктин ортосуна 1,4-1,5 м бийиктикте кароочу тешик орнотулат. Ортоңку бөлүгүнө 95 см бийиктикте соттолгондорго тамак-аш, китеп, передача ж.б. кабыл алуучу 18x22 см терезе орнотулат. Терезенин эшиги коридор жакка ачылышы керек жана кулпу тагылат.
4. Жалпы, катууланган, катуу жана өзгөчө режимдеги түзөтүү мекемелеринин КТБ камераларында, АИЗО жана тартип изоляторлорунда кошумча темир тегерек тургуч жана кыйгач торчолор тартылган ички эшик орнотулат. Терезе ошол эшикке коюлат жана эшик коридор тарапка ачылат.
5. Бардык эшиктер жана камералардын терезелери сигнализация менен жабдылат. Камералардын эшиктери механикалык же электромеханикалык атайын типтеги кулпулар менен жабдылат.
6. КТБ, АИЗО, тартип изоляторлорунда электрпроводка соттолгондор жолой албагандай кылып орнотулат. Жалпы электр жарык бергичтер потолоктун алдына оюкка, түнкү жарык берүүчү эшиктин үстүнө оюкка орнотулат. Оюк тор менен тосулат.
Соттолгондор жете ала турган бөлмөлөрдө жарык бергич көрүнбөгөн жерге коюлат.
Жарык бергичтер ар кандай зыян келтирүүдөн корголот. Өчүргүч камеранын сыртына коридор тарапка орнотулат.
7. Жалпы, катууланган, катуу жана өзгөчө режимдеги түзөтүү мекемелеринин КТБ жана түрмөлөрдүн камераларында радиорепродуктор дубалда оюкка орнотулат. Мындай камераларда жана АИЗО камераларында контролерду чакырган баскыч орнотулат. Камераларда санитардык түйүн орнотулат.
8. Түзөтүү мекемелердин КТБ жана түрмөлөрүндөгү камералар Болжолдуу тезмекке (17-тиркеме) ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен нормалар боюнча эмерек жана башка буюмдар менен камсыздалат.
9. АИЗО, тартип изоляторлору жана жалгыздык камералар күндүз кулпулануучу бүктөмө керебет, кармалган адамдардын саны боюнча отургуч жана полго кагылган стол менен камсыздалат.
10. КТБда жана АИЗОдо кармалган адамдарды иштетиш үчүн иш камералары түзүлөт.
Эрежелерге
1-тиркеме
1. Жарандардан айлануудан алынган буюмдар, жасалгалар жана заттар.
2. Куралдын бардык түрлөрү.
3. Унаа каражаттары.
4. Жардыруучу, ууландыруучу, өрттөлүүчү жана радиоактивдүү заттар.
5. Акча, баалуу буюмдар.
6. Баалуу кагаздар, чет өлкөлүк валюта.
7. Оптикалык буюмдар.
8. Түрмөлөрдө кол саат жана чөнтөк саат.
9. Жылуу иштетүүнү талап кылган (чай, кофе, кургак сүт, тез бышуучу тамак-аш концентраты) ачыткы, кант, үйдө жабылган тамак-аш.
10. Алкоголь ичимдиктеринин бардык түрлөрү, пиво.
11. Спирттин негизиндеги атыр жана башка заттар.
12. Баңги, психотроптук заттар жана медициналык дайындалбаган заттар, медициналык каражаттар (маркаланган шприцтен жана ийнеден тышкары).
13. Жазган машинка, көбөйтүүчү аппарат.
14. Бычак, коркунуч келтирбеген бритва, лезвия.
15. Конструкциясы боюнча куралга окшогон сайуучу-кесүүчү буюмдар.
16. Балта, балка жана башка аспаптар.
17. Ойногон карта.
18. Фотоаппарат, фотоматериалдар, химикаттар, видео-аудио жаздыруучу аппараттар, байланыш каражаттары.
19. Документтер (соттолгондун бекитилген үлгүдөгү жеке документинен, соттун аныктамасы же өкүмүнөн, сактоого өткөрүлгөн акча, буюм, баалуу буюмдарынан тышкары).
20. Топографиялык карта, компас, топография, күрөш, ит багуу, курал түзүлүшү боюнча чыгармалар.
21. Аскердик жана башка форма кийими, алардын курулуштары.
22. Бекитилбеген үлгүдөгү кийим-кече, баш кийим жана бут кийим (тапочка, спорттук кийим жана спорттук бут кийимден тышкары).
23. Кооз карандаш, боек, көбөйтүүчү кагаз.
24. Порнография материалдары, буюмдары.
25. Электрондук-эсептөөчү машиналар.
26.Электр тиричилик буюмдары (заводдо даярдалган электр кайнаткычтан тышкары).
27. ЖАК жана жазык аткаруу системасы жана ушул Эрежелер бекитпеген тартипте алынган буюмдар, тамак-аш.
28. Кара көз айнектер.
Эскертүү:
1. Ушул тизмек жатак-абактарда жаза өтөгөн соттолгондорго колдонулат, буга 5, 9, 14, 22, 26-пункттары кирбейт.
2. КТБ, өзгөчө режимдеги жалгыздык камераларында, ошондой эле түрмөдөгү катуу режимге которулгандарга чай, кофе алууга тыюу салынат.
3. Башка мекемеге которууда соттолгондорго жеке буюмдарын бекитилген тартипте сатып алган тамак-аш жана буюмдарды гана алууга уруксат берилет.
4. Соттолгондор алып жүрүүчү буюмдардын, тамак-аштын санын жергиликтүү шартты жана мүмкүнчүлүктөрдү эске алып мекеменин жетекчиси аныктайт. Соттолгондор алып жүрүүчү буюмдардын, тамак-аштын, кампада сактоодогу буюмдарын кошкондо жалпы салмагы 50 кг ашпашы керек.
5. Теле жана радио приемниктер коллективдик колдонуу үчүн гана алынып, администрация аныктаган жерге жайгаштырылат.
6. Спорттук кийимди жана спорттук бут кийимди спорттук-массалык иш чаралар өткөрүлгөндө кийүүгө уруксат берилет.
Эрежелерге
2-тиркеме
1. Тамеки, ширеңке, күйгүзгүч.
2. Бекитилген тартиптеги кийим, баш кийим, бут кийим жана төшөнчү.
3. Ич кийим (жылуу жана жөнөкөй), ачык түстөгү эмес футболкалар, свитерлер, ачык түстөгү эмес спорттук кийимдер.
4. Бет аарчылар, кур, байпактар, кол кап, чокой, үй тапочкалар, спорттук бут кийим, жип, шарф, сүлгү.
5. Жуунуучу буюмдар (атыр-чарба самындар, тиш жуугуч щетка, паста, шампунь, тарак, крем).
6. Жоолук, рейтуз, кур, бюстгальтер, марля, гигиена пакеттери, кебез, косметика буюмдары (аялдар үчүн).
7. Күзгү, электр устарасы же механикалык устара, (бир жолку) зыянсыз устаралар.
8. Бут кийим жана кийим щеткалар, бут кийим майы.
9. Идиш аяк, очки кап, самын, тиш щетка, кружка, кашык.
10. Стол үстүндөгү оюндар.
11. Окуу куралдары, дептерлер, почта конверттери, открыткалар, маркалар, жөнөкөй карандаштар, калемсаптар.
12. Адабий чыгармалар.
13. Фотосүрөттөр, фотоальбомдор.
14. Крест, баалуу эмес темирден жасалган дин буюмдары.
15. Таяктар, протез, майып коляскалары (врачтын уруксаты менен).
16. Баалуу металлдан эмес кол саат же чөнтөк саат, түрмөдө колдонууга болбойт.
17. Жеке пайдалануучу радиоприемник.
Эскертүү:
1. Аталган тизмектегилер менен түзөтүү мекемесинин дүкөнү камсыздайт.
2. Соттолгондорго бул тизмекте көрсөтүлбөгөн алгачкы керектелүүчү буюмдарды жана башка буюмдарды сактоого жол берилбейт.
3. Соттолгондор жеке пайдаланган музыкалык аспап сактоочу кампага же клубга өткөрүлөт. Аны күн тартиби бекитилген убакытта, атайын бөлүнгөн жерде пайдаланууга уруксат берилет.
Эрежелерге
3-тиркеме
Төш белгиси
┌─────────┬───────────────────────┐
│Иванов │ │
│Н.П. │40 мм │
│10 отряд │ │
└─────────┴───────────────────────┘
90 мм
┌─────────┬───────────────────────┐
│Бригадир │20 мм │
└─────────┴───────────────────────┘
80 мм
Соттолгондор үчүн айырмалоочу төш жана жең белгилердин үлгүлөрүн баяндоо:
Төш белги ар кандай түстөгү (кызылдан башка) материалдан төрт бурчтук түрүндө 90x40 мм өлчөмдө болот.
Ичине алюмин же типографиялык боек менен соттолгондун фамилиясы, аты, атасынын аты баш тамга менен жана отряд номери жазылат, четтерине 5 мм болгон чийме түшүрүлөт.
Соттолгондордун арасынан дайындалган бригадирлер жана мастерлер төрт бурчтук түрүндө 80x20 мм болот жана "Бригадир" "Мастер" деген жазуулар түшүрүлөт.
Төш белги жана кийимге оң жагына жең белги сол жеңге тигилет.
Эрежелерге
4-тиркеме
Соттолгондор үчүн болжолдуу күн тартиби
Тургузуу - 6.30 сааттан кем эмес.
Физзарядка (узактыгы) - 15 мүнөткө чейин.
Даарат алуу, төшөк жыюу - 10 мүнөткө чейин.
Эртең мененки кароо, эртең мененки жана кечки текшерүү - 40 мүнөткө чейин.
Эртең мененки тамактануу - 30 мүнөткө чейин.
Жумушка чыгаруу - 40 мүнөткө чейин.
Жумуш убагы - эмгек мыйзамдарына ылайык.
Түшкү тамактануу - 30 мүнөткө чейин.
Жумуштан келүү, кечки даарат алуу - 25 мүнөткө чейин.
Кечки тамактануу - 30 мүнөткө чейин.
Жеке убакыт - 1 саатка чейин.
Тарбиялоо боюнча иш чаралар - 1 саатка чейин.
Адабий-массалык иштер, мектепте, кесиптик окуу жайында окуу - график менен.
Уйкуга даярдануу - 10 мүнөткө чейин.
Уктоо (үзгүлтүксүз) - 8 саат.
Отбой - 22.30 сааттан кеч эмес.
Эскертүү:
1. Күн тартиби ар бир түзөтүү мекемесине жергиликтүү шартка, күндүн узактыгына, жыл мезгилине жараша түзүлөт.
2. Эгерде соттолгондор өндүрүштө бир нече смен менен иштесе, күн тартиби ар бир сменага өзүнчө түзүлөт.
3. Карантин бөлүмүндө, жаза өтөөнүн катуу тартибинде, КТБ, өзгөчө режимдеги мекемелердин жалгыздык камерасында, АИЗО, ошондой эле ар жыл сайын берилчү төлөнгөн өргүүдөгү жана обочолонгон участоктордо кармалган соттолгондор үчүн өзүнчө күн тартиби түзүлөт.
4. Соттолгондорду эс алууга чыгаруу алардын каалоосу менен болот, буга камераларды техникалык текшерүү жүргүзүлгөн мезгил кирбейт.
Эрежелерге
5-тиркеме
Башталды _________________________________________________________
Бүттү ____________________________________________________________
┌─┬───────────┬───────────────┬─────────────┬─────────┬───────┬───────┐
│№│Кабыл алган│Кабыл алган │Арыз берген │Коюлган │Кабыл │Атка- │
│ │же арыз │адамдын │же кабыл │маселенин│алынган│рылганы│
│ │берген күн │фамилиясы, аты,│алууга келген│мазмуну │чечим │туура- │
│ │ │кызматы │соттолгон │ │ │луу │
│ │ │ │адамдын │ │ │белги │
│ │ │ │фамилиясы, │ │ │ │
│ │ │ │аты │ │ │ │
├─┼───────────┼───────────────┼─────────────┼─────────┼───────┼───────┤
│1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │
├─┼───────────┼───────────────┼─────────────┼─────────┼───────┼───────┤
└─┴───────────┴───────────────┴─────────────┴─────────┴───────┴───────┘
Эскертүү:
Журнал номерленип, тигилип, мөөр басылып, мекеменин кеңсе кызматкеринин колу коюлат.
Эрежелерге
6-тиркеме
Өздүк эсебинде _________ сом бар Квитанция № _____________________
Анын ичинде түзөтүү мекемесинде иштеп тапканы ________________ сом
Соттолгон ________________________________________________________
(фамилиясы, аты,)
Бухгалтер ________________________________________________________
"__" ______________________ 20__-ж.
АРЫЗ
Мага төмөнкү товарларды алганга уруксат берүүңүздү суранам:
┌─┬───────────────────────┬────────────┬─────────────┬────────────────┐
│№│ Товардын аталышы │ Саны │ Берилди │ Сумма │
├─┼───────────────────────┼────────────┼─────────────┼────────────────┤
│1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │
├─┼───────────────────────┼────────────┼─────────────┼────────────────┤
└─┴───────────────────────┴────────────┴─────────────┴────────────────┘
__________________________
(соттолгондун колу)
ТИЛ КАТ
__________________________________________________________________
(жазуу түрүндө)
суммада товар алдым. Бул сумманы менин өздүк эсебимден алып салууңузду өтүнөм.
__________________________
(соттолгондун колу)
"__" ______________________ 20__-ж.
Эрежелерге
7-тиркеме
№ ___ КҮБӨЛҮК
__________________________________________________________________
(соттолгондун фамилиясы, аты)
Туулган жылы _________, Кыргыз Республикасынын КК _____ беренеси боюнча соттолгон, жазанын башталышы _________ жазанын бүтүшү _________________ _______________________________________________________________________
(КР ЖАК 69-б. боюнча чыгууга негиз)
байланыштуу узак, кыска мөөнөткө (керектүүсүнүн алды сызылат) түзөтүү мекемесинен (тергөө изоляторунан) _____________________________________ _______________________________________________________________________
(бара турган жагы)
жакка _____ суткага чыгууга, анын ичинде ________ сутка жолуна, уруксат берилди.
"__" _________ 20__-ж. жаза өтөп жаткан __________________________ _________________________________________________________ дареги боюнча түзөтүү мекемесине (тергөө изоляторуна) келүүгө милдеттүү.
Телефон __________________________________________________________
Мекеменин жетекчиси ______________________________________________
(фамилиясы)
Сүрөттүн __________________________
орду (колу)
(Түзөтүү мекемесинин "__" _______________ 20__-ж.
гербдүү мөөрү)
________________________ ички иштер органынын жетекчисинин белгиси
(соттолгондун келгени, кеткени тууралуу белгинин орду)
Келди ____________________________________________________________
(күнү, убагы герб мөөрү)
Кетти ____________________________________________________________
(күнү, убагы герб мөөрү)
№ _ КҮБӨЛҮКТҮН БӨЛҮГҮ
Мекеменин жетекчисинин № ___ "__" ________________________ 20__-ж. буйругунун негизинде соттолгон ________________________________________ _______________________________________________________________________
(фамилиясы, аты, туулган жылы, КР КК ______ б. мөөнөтү)
узак, кыска мөөнөткө (керектүүсүнүн алды сызылат) түзөтүү мекемесинен (тергөө изоляторунан) _________________________________________________ _______________________________________________________________________
(КР ЖАК 69-б. ылайык, эмненин негизинде экени жазылат)
байланыштуу ___________________________________________________________
(бара турган жак)
жакка __ суткага чыгууга, анын ичинде __ сутка жолуна, уруксат берилди.
Күбөлүк "__" ____________ 20__-ж. берилди.
__________________________
(соттолгондун колу)
Кетти "___" ________________ 20__-ж.
Келди "___" ________________ 20__-ж.
Атайын бөлүктүн жетекчиси ________________________________________
(фамилиясы)
________________________________________
(колу)
Эрежелерге
8-тиркеме
ТИЛ КАТ
Мен, кол койгон соттолгон ________________________________________ бул тил катты жазуумдун себеби, мага түзөтүү мекемесинен (ТИЗО) кыска (узак) мөөнөткө тышкары жүрүү тартибин түшүндүрүштү.
Мага эркинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн баш тартканым үчүн жоопкерчиликке тартылуум жөнүндө эскертилди.
"__" ____________ 20__-ж. _______________________
(соттолгондун колу)
Тил катты алдым __________________________________________________
(кызматы, фамилиясы)
__________________
(колу)
"__" ____________ 20__-ж.
Эрежелерге
9-тиркеме
Конвойсуз же коштоосуз жүрүүгө укуктуу адамга берилүүчү
ӨТКӨРМӨНҮН ФОРМАСЫ
Биринчи бети:
ӨТКӨРМӨ
Экинчи бети:
__________________________________________________________________
(мекеменин аталышы)
№ ___ ӨТКӨРМӨ
3x4 см. сүрөт орду
Фамилиясы ________________________________________________________
Аты ______________________________________________________________
Атасынын аты _____________________________________________________
Иштеген жери, кызматы ____________________________________________
Жүрүү маршруту ___________________________________________________
Жүрүү убактысы "_____ сааттан "_____" саатка чейин
"__" _______________________ 20__-ж. чейин берилди
Мекеменин жетекчиси ______________________________________________
"__" ____________ 20__-ж. чейин жарактуу ________________
(колу)
"__" ____________ 20__-ж. чейин узартылды ________________
(колу)
МО
Үчүнчү бети:
Өткөрмөнү колдонуу эрежелери
1. Өтмө бекитилген маршрут менен жүрүүгө гана жарактуу.
2. Өтмөнү башка адамга бергенде, маршрутту бузганда жана КПП келбей калганда же берилген убактан кечигип келгенде күнөөлүү адам жоопкерчиликке тартылат.
Өтмөнү колдонуу эрежелери мага жарыяланды.
"__" ____________ 20__-ж. ____________________
(соттолгондун колу)
Эскертүү:
1. Өтмө катуу кагаздан, ачык түрдө 16x11 см өлчөмдө жасалат.
2. Иштеген жери же жүрүү маршруту өзгөрүлсө өтмө алмаштырылат.
Эрежелерге
10-тиркеме
ТИЛ КАТ
Түзөтүү мекемесинен тышкары конвойсуз же коштоосуз жүрүүгө укуктуу адамдын, ошондой эле мекеменин администрациясынын көзөмөлүнө камактан бошотулган адамдардын жүрүш-туруш эрежелери мага ______________________ _______________________________________________________________________
(соттолгондун фамилиясы)
жарыяланды.
Аталган эрежелерди бузгандыгым үчүн жоопко тартылаарым жөнүндө эскертилди.
"__" ____________ 20__-ж. ____________________
(соттолгондун колу)
Эрежелерге
11-тиркеме
Соттолгондорго конвойсуз же коштоосуз жүрүүгө, түзөтүү
мекемесинин администрациясынын көзөмөлүнө камактан
бошотулган адамдарга укук берүү жөнүндө
ТОКТОМ
__________________________________________________________________
(соттолгондун аты, фамилиясы, атасынын аты, туулган жылы)
Кыргыз Республикасынын КК ___ б. боюнча ___ жылга эркинен ажыратууга соттолгон, анын ичинен ____ өтөп бүттү жана оңолуу жолуна түштү.
Кыргыз Республикасынын ЖАК ____ б. жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
Соттолгон ________________________________________________________ конвойсуз же коштоосуз жүрүүгө, түзөтүү мекемесинин администрациясынын көзөмөлүнө камактан бошотууга (тиешелүүсүнүн асты чийилет) уруксат берилсин.
Түзөтүү мекемесинин жетекчиси ____________________________________
(наамы, колу, фамилиясы)
"__" ____________ 20__-ж.
Эрежелерге
12-тиркеме
Соттолгон ________________________________________________________
(фамилиясы, аты, туулган жылы)
"__" ____________ 20__-ж.
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
(конвойсуз же коштоосуз жүрүүгө, мекеменин администрациясынын
__________________________________________________________________
көзөмөлүнө мекемеден тышкары жашоого берилген укукту алып
__________________________________________________________________
таштоого негиз болгон жана эрежелерди бузган себептер)
Кыргыз Республикасынын ЖАК ___ б. жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
Соттолгон ________________________________________________________ конвойсуз же коштоосуз жүрүүгө, түзөтүү мекемесинин администрациясынын көзөмөлүнө мекемеден тышкары жашоого берилген (тиешелүүсүнүн асты чийилет) укук "__" ____________ 20__-ж. баштап алынсын.
Түзөтүү мекемесинин жетекчиси ____________________________________
(наамы, колу, фамилиясы)
"__" ____________ 20__-ж.
Эрежелерге
13-тиркеме
ТИЛ КАТ
Мен, _____________________________________________________________
(фамилиясы, аты)
мага Кыргыз Республикасынын жазык аткаруу системасынын жана түзөтүү мекемелеринин ички күн тартибинин талаптарындагы соттолгондор менен түзөтүү мекемелеринин эркин жалданган жумушчуларынын ортосундагы өз ара мамилени, ошондой эле режим талаптарын сактоо боюнча бөлүгү белгилүү экендиги тууралуу тил кат берем.
Мага соттолгондор же алардын бир туугандары менен кызматтык эмес кандайдыр бир байланыштарды түзгөн учурдагы жоопкерчилик жөнүндө эскертүү берилди.
"__" ____________ 20__-ж. ____________________________
(фамилиясы, колу)
Инструктаж берген ________________________________________________
(кызматы, фамилиясы, наамы)
"__" ____________ 20__-ж. ____________________________
(колу)
Эрежелерге
14-тиркеме
Соттолгонду сыйлоо жөнүндө
ТОКТОМ
Соттолгон ________________________________________________________
(фамилиясы, аты, туулган жылы)
_______________________________________________________________________
(сыйлоого негиз болгон себептер)
Кыргыз Республикасынын ЖАК __ б. жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
Соттолгон ________________________________________________________
(фамилиясы, аты, туулган жылы)
_______________________________________________________________________
(сыйлоонун түрү)
Түзөтүү мекемесинин жетекчиси ____________________________________
(наамы, колу, фамилиясы)
"__" ____________ 20__-ж.
Токтом мага жарыяланды ___________________________________________
(соттолгондун колу, күнү)
Эрежелерге
15-тиркеме
Соттолгонго тартип жазасын берүү жөнүндө
ТОКТОМ
Соттолгон ________________________________________________________
(фамилиясы, аты, туулган жылы)
_______________________________________________________________________
(жазалоого негиз болгон себептер)
Кыргыз Республикасынын ЖАК ___ б. жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
Соттолгон ________________________________________________________
(фамилиясы, аты, туулган жылы)
режим талаптарын бузгандыгы үчүн ______________________________________ _______________________________________________________________________
(жазалоонун түрү, зарыл учурда АИЗО, КТБ ж.б. камоо)
Аны режим талаптарын одоно бузуучу деп белгиленсин _______________
(ооба, жок)
Түзөтүү мекемесинин жетекчиси ____________________________________
(наамы, колу, фамилиясы)
"__" ____________ 20__-ж.
Токтом мага жарыяланды ___________________________________________
(соттолгондун колу, күнү)
Токтомду отряд башчысы (тарбиялоочу) __________________ жарыялады.
(фамилиясы, колу)
Эскертүү:
Ушул Эрежелердин 40-бапсынын 17-абзацына ылайык, соттолгонду АИЗО, жалгыздык камерасына (24 сааттан жогору эмес) түзөтүү мекемесинин жетекчисинин нөөмөт жардамчысы тарабынан аталган токтом боюнча, соттолгонго жарыялабастан жүргүзүлөт.
Эрежелерге
16-тиркеме
Мекемелердеги жатаканалар камсыздала
турган эмеректердин жана буюмдардын
БОЛЖОЛДУУ ТИЗМЕГИ
Соттолгондордун санына жараша бир же эки ярустан турган темир тор керебеттер.
Керебеттердин жанындагы тумбочкалар (эки соттолгон адамга бирөө).
10-12 орундуу стол.
Табуреткалар (эки соттолгон адамга бирөө).
Кружкасы менен ичкен суу үчүн бачок.
Репродуктор.
Илме саат.
Ашкана, консерва ачуучу бычак (бир секцияга экөө), кайчы (50 адамга бирөө).
Тыш кийим үчүн илгич.
Эскертүү:
1. Соттолгондор үчүн жуунгуч өзүнчө бөлмөдө 10 адамга 1 кран эсебинен коюлат.
2. Ашкана, консерва ачуучу бычак жана кайчы маркаланып, тизмек менен бирге нөөмөтчүдө сакталат.
Эрежелерге
17-тиркеме
Түзөтүү мекемелериндеги КТБ жана түрмөлөрдөгү камералар
камсыздала турган эмеректердин жана буюмдардын
БОЛЖОЛДУУ ТИЗМЕГИ
Соттолгондордун санына жараша бир же эки ярустан турган же вагон тибиндеги темир тор керебеттер (жалпы, катууланган, катуу режимдеги мекемелердин КТБ кулпуланган бүктөмө керебеттер коюлат).
Тамак ичүүчү стол - 1.
Столдун узундугуна жараша отургуч - 2.
Дубалга урулган шкаф же тамак-аш сакташ үчүн соттолгондордун санына карата бөлүктөр менен жабылган полка - 1.
Кружкасы менен ичкен суу үчүн бачок - 1.
Керебеттердин жанындагы тумбочкалар (эки соттолгон адамга бирөө).
Стол үстүндө ойнолгон оюндар - шахмат, шашка, домино (берилчү норма боюнча).
Шыпыргы, калак, чака (тазалоочу убакытка берилет).
Репродуктор.
Тыш кийим үчүн илгич.