Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-июну № 323
2014-2015-окуу жылына кесиптик орто билим берүүнүн адистиктеринин тизмегин жана билим берүү уюмдарында окугандарды кабыл алуу үчүн бюджеттик орундардын санын
бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-августундагы № 480 токтомунун редакциясына ылайык)
“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-2015-окуу жылына кесиптик орто билим берүүнүн адистиктеринин тизмеги жана билим берүү уюмдарына окугандарды кабыл алуу үчүн бюджеттик орундардын саны тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору кесиптик орто билим берүүнүн ведомстволук уюмдарына карата 2014-2015-окуу жылына бюджеттик негизде окугандарды кабыл алуу планын бекитишсин.
21. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги эмгек рыногунун кесиптик орто билимге ээ адистерине болгон керектөөсүн эске алуу менен, 2014-2015-окуу жылына кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына окуучуларды кабыл алуунун жыйынтыгын талдап чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчёт берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-августундагы № 480 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж. К. Оторбаев |