Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-августу № 480
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-июнундагы № 323 “2014-2015-окуу жылына кесиптик орто билим берүүнүн адистиктеринин тизмегин жана билим берүү уюмдарында окугандарды кабыл үчүн бюджеттик орундардын санын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына окуучуларды кабыл алуу үчүн бюджеттик орундардын санын кайра бөлүштүрүү максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-июнундагы № 323 “2014/2015-окуу жылына кесиптик орто билим берүүнүн адистиктеринин тизмегин жана билим берүү уюмдарында окугандарды кабыл үчүн бюджеттик орундардын санын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- төмөнкү мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
«21. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги эмгек рыногунун кесиптик орто билимге ээ адистерине болгон керектөөсүн эске алуу менен, 2014-2015-окуу жылына кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына окуучуларды кабыл алуунун жыйынтыгын талдап чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчёт берсин.»;
- аталган токтомдун тиркемесинде:
2-пункттагы «100» цифралары «75» цифраларына алмаштырылсын;
3- пункттагы «450» цифралары «550» цифраларына алмаштырылсын;
5- пункттагы «43» цифралары «68» цифраларына алмаштырылсын;
30-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
31-35-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин:
“
31 | 190604
| Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо | 75 |
32 | 190605
| Көтөрүүчү-унаалык, курулуш, жол машиналарын техникалык пайдалануу | 25 |
33 | 190701
| Ташууларды уюштуруу жана унаа кыймылын башкаруу (унаанын түрлөрү боюнча) | 25 |
34 | 210406 | Байланыш тармактары жана коммуникация тутумдары | 25 |
35 | 220206 | Маалыматтарды иштетүүнүн автоматташтырылган тутумдары жана башкаруу (тармактар боюнча) | 50 |
”;
38-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
44-пункттагы «100» цифралары «75» цифраларына алмаштырылсын;
45-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
“
45 | 120301 | Жерге жайгаштыруу | 25 |
”;
51 жана 52-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин:
“
51. | 260903 | Тигилген буюмдарды моделдөө жана конструкциялоо | 25 |
52. | 2010-жылдын апрель, май жана июнь окуяларында курман болгон адамдардын балдары үчүн жана кайрылмандар макамы бар адамдар үчүн, ошондой эле чет өлкөдө жашаган этностук кыргыздар үчүн орундардын саны (*) |
50 | |
”;
69-72-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин:
“
69. | 070907 | Живопись | 16 |
70. | 071402 | Социалдык-маданий иштер жана элдик көркөм чыгармачылык | 94 |
71. | 071202 | Китепкана таануу | 71 |
72. | 100105 | Мейманкана тейлөөсү | 20 |
”;
79-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
“
79. | 160905 | Аба унаасында ташууларды уюштуруу жана башкаруу | 25 |
”;
“Бардыгы” сабындагы “4925” цифралары “4975” цифраларына алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |