Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-июну № 324
Кыргыз Республикасынын аймагыида убакытты эсептөө жөнүндө
Жарандардын, коомдун жана мамлекеттин убакыт жөнүндө так маалымат алууга болгон керектөөсүн камсыз кылуу максатында "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Убакыттын жана жыштыктын улуттук эталону аркылуу калыбына келтирилүүчү, сакталуучу жана берилүүчү Кыргыз Республикасынын бирдиктүү убакыты Кыргыз Республикасынын аймагында эсептөө сааттык алкактардын эл аралык тутуму боюнча жүргүзүлөөрү белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү убакыттын так маанисин эсептөөнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө калкка маалымдасын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |