Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-июну № 334
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-бер.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 54-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) юридикалык. жана жеке жактар тарабынан мамлекеттик бюджеттин пайдасына иш жүзүндө төлөнгөн салык төлөмдөрү жөнүндө.".
2. 167-беренеде:
- 34-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 44-пункт менен толукталсын:
"44) кайтарылуучу камсыздандыруу сый акылары жана сатып алынуучу суммалар, ошондой эле ушул Кодекстин 165-беренесинин 1-бөлүгүнүн 18-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, ишкердик ишти жүргүзүүгө байланышпаган жеке адам менен түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу учуру келип чыккандагы камсыздандыруу суммалары жана ордун толтуруу.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 923-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 6-берененин 4-бөлүгү күчүн жоготту деп тааньшсын.
3-берене. Ушул Мыйзам 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|