Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2015-жылдын 18-февралы, № 2-р
жаран Данияр Асанович Сарбагишевдын кайрылуусунун негизинде 2013-жылдын 3-августундагы № 182 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиевдин,
судьялар - Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,
сот жыйналышынын катчысы - М.Э.Толобалдиевдин катчылыгы менен,
кайрылуучу тарап: жаран Д.А.Сарбагишевдын,
жоопкер-тарап: ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү М.И.Арзиевдин,
башка жак - ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү А.Ш.Шукурбековдун, ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү Д.Б.Абакировдун жана Т.У.Саалаевдин, ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлү Н.Д.Андашеванын катышуусу менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциянын 97-беренесинин 1, 6-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 1, 4, 18, 19, 24, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, ачык сот жыйналышында жаран Данияр Асанович Сарбагишевдын кайрылуусуна байланыштуу 2013-жылдын 3-августундагы № 182 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.
Ишти кароого жаран Д.А.Сарбагишевдын өтүнүчү себеп болду. 2013-жылдын 3-августундагы № 182 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренеси эгерде адам Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн же башка аскердик түзүмдөрүнүн катарында аскердик кызматты өтөбөсө, же болбосо запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоодон өтпөсө, же үй-бүлөлүк абалдан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдүү (аскерден тышкары) кызмат өтөбөсө, прокуратура органдарына кызматка алынышы мүмкүн эмес деп тыюу салынганын караштырган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу ишти кароого негиз болду.
Сот жыйналышына ишти даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы Ч.А.Айдарбекованын маалыматын угуп, берилген материалдарды изилдеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2014-жылдын 25-августунда жаран Д.А.Сарбагишевден 2013-жылдын 3-августундагы № 182 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренеси конституциялуу эместигин таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Сунушталган материалдарга ылайык, Бишкек шаарынын Ленин райондук аскердик комиссариатынын чакыруу медициналык комиссиясы 2009-жылы арыз берүүчүнү "орто даражадагы миопия" дартына байланыштуу аскердик кызматты өтөөгө жараксыз деп табышкан.
2010-жылы арыз берүүчү көрүүсүн калыбына келтирүү боюнча операция жасаткан, анын натыйжасында анын көрүүсү толугу менен калыбына келтирилип, 2012-жылы Д.А.Сарбагишев кайрадан Бишкек шаарынын Ленин райондук аскердик комиссариатынын чакыруу медициналык комиссиясынан өткөн, анда аны ден соолугуна байланыштуу альтернативдик (аскерден тышкары) кызматка жарактуу деп табышкан.
Андан кийин, 2013-жылы "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды, ага ылайык "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесинин 3-бөлүгү 8-пункт менен толукталган, ага ылайык адам, эгерде Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн же башка аскердик түзүмдөрүнүн катарында аскердик кызматты өтөбөсө, же болбосо запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоодон өтпөсө, же үй-бүлөлүк абалдан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөбөсө, прокуратура органдарына кызматка алынышы мүмкүн эмес жана көрсөтүлгөн кызматты ээлей албайт.
Арыз берүүчү Д.А.Сарбагишевдын пикири боюнча, прокуратура органы аскердик кызматтан өтүү (же, айрым учурларда, үй-бүлөлүк абалдан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдик (аскерден тышкары) кызматтан өтүү) кызматка кирүүдөгү милдеттүү шарт болуп саналган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинен, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен жана ушуга окшогон мекемелерден айырмаланып, аскердик мекеме болуп эсептелбейт.
Өз кайрылуусунда арыз берүүчү, ал өзүнүн альтернативдик (аскерден тышкары) кызматты үй-бүлөлүк абалдан келип чыккан негиздер боюнча эмес, ден соолугуна байланыштуу негиздер боюнча өткөндүгүнөн улам, аны Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына жумушка кабыл алуу үчүн адистер резервине алууда сынакка катышуу үчүн жол берилбегенин көргөзгөн. Буга байланыштуу, арыз берүүчү Д.А.Сарбагишев 2013-жылдын 3-августунда кабыл алынган № 182 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп эсептейт жана мыйзамдын жогоруда көрсөтүлгөн ченемин конституциялуу эмес деп таанууну суранат.
Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 7-октябрындагы аныктамасы менен арыз берүүчүнүн өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган.
Соттук жыйналышта кайрылуучу тарап өздөрүнүн жүйөлөрүн колдоп, аны канааттандырууну суранышты.
Жоопкер-тараптын өкүлү М.И.Арзиев кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болбой, мыйзамдын талашка түшкөн ченеми Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп чыгып, соттук жыйналышка катышкан башка жактын түшүндүрүүлөрүн угуп, төмөнкүдөй тыянактарга келди:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 2013-жылдын 3-августунда кабыл алынган № 182 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренеси менен киргизилген толуктоолор анын органикалык бөлүгү болуп саналат жана бир бүтүн катары каралышы керек, бул иш боюнча Конституциялык палатанын кароосунун предмети болуп "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесинин 3-бөлүгүнүн 8-пункту саналат, анда эгер, адам Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн же башка аскердик түзүмдөрүнүн катарында аскердик кызматты өтөбөсө, же болбосо запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоодон өтпөсө, же үй-бүлөлүк абалдан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөбөсө, прокуратура органдарына кызматка алынышы мүмкүн эмес деп тыюу салынган.
"45-берене. Прокурорлор, прокуратура органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлери. Прокурордун жана тергөөчүнүн кызмат ордуна дайындала турган адамдарга коюлуучу талаптар
3. Адамдар прокуратура органдарына жана мекемелерине кызматка кабыл алынбайт жана көрсөтүлгөн кызматты ээлей албайт:
8) эгерде Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн катарында аскердик кызматты өтөбөгөн, же болбосо запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоодон өтпөгөн, же үй-бүлөлүк абалдан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөбөгөн учурларда алынышы мүмкүн эмес".
2013-жылдын 3-августундагы № 182 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, "Эркин-Тоо" гезитинин 2013-жылдын 13-августундагы № 67 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген.
2009-жылдын 17-июлундагы № 224 "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, "Эркин-Тоо" гезитинин 2009-жылдын 24-июлундагы № 67 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы мыйзам болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасы укуктук мамлекет болуп саналат, адамдын укугун жана эркиндигин эң жогорку баалуулук деп жарыялайт жана бардыгынын сот жана мыйзам алдында бирдейлигин тааныйт. Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 1-бөлүгү, 16-беренесинин 1, 3-бөлүктөрү, 20-беренесинин 1-бөлүгү).
Мыйзам чыгаруучу тарабынан адамдын укугун жана эркиндигин басмырлаган мыйзамдардын кабыл алынуусуна болгон конституциялык тыюу адамдын укугун жана эркиндигин мамлекет тарабынан толук камсыз кылууга багытталган жалпы эреже болуп саналат жана аларды негизсиз же мыйзамсыз чектөөлөрдөн коргоону көздөйт.
Аны менен бирге, адамдын укугу жана эркиндиги конституциялык маанилүү максаттарда, мыйзам тарабынан аныкталган тартипте чектелиши мүмкүн, бул учурда уруксат берилген чектөөлөр укукту жокко чыгаруу же кемсинтүү болуп саналбайт. Кыргыз Республикасынын Конституциясы адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында чектелүүсүнө жол берет (20-берененин 2-бөлүгү).
Жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык аныктамага Адам укуктарынын Жалпы декларациясынын жоболору негиз берет, анда өз укуктары менен эркиндиктерин иш жүзүнө ашырууда ар бир адам эң оболу башкалардын укуктары менен эркиндиктерин тийиштүү түрдө таанууну жана урматтоону камсыз кылуу жана демократиялык коомдо адеп-ахлактын, коомдук тартиптин жана жалпы бакубаттыктын акыйкат талаптарын канааттандыруу үчүн мыйзам тарабынан белгиленген чектөөлөргө гана дуушарланууга тийиш деп каралган (29-берененин 2-бөлүгү). Окшош ченем Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын 4-беренесинде каралган.
Киргизилген чектөөлөр конституциялык максаттарга шайкеш болушу керек, ал эми аларды киргизүү тартиби, аракети жана аны токтотуу мыйзам тарабынан жөнгө салынат.
3. Мамлекеттик кызматтагы тең укуктуулук жана басмырлабоо тууралуу конституциялык принциптер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жана жарандарга мамлекеттик кызматка кирүүдө, мыйзамда каралган тартипте кызматка көтөрүлүүдө бирдей укукту жана бирдей мүмкүнчүлүктү кепилдейт.
Мамлекеттик кызматка болгон бирдей мүмкүнчүлүк түшүнүгүнүн мазмунун жарандардын бардык мамлекеттик кызматты эч кандай басмырлоосуз ээлөөгө болгон укугу түзөт. Бирок, бул - жаран талап кылууга укуктуу, ал эми мамлекет талап кылган кызмат менен аны камсыз кылууга милдеттүү дегенди түшүндүрбөйт. Мамлекеттик кызмат тармагындагы, мамлекеттик кызматкерлердин эмгек ишмердүүлүгү менен шартталган өзгөчө талаптарды жана чектөөлөрдү орнотуу Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген укуктарды жана эркиндиктерди бузуу же чектөө катары каралбайт. Мамлекеттик кызмат тармагындагы укуктук жөнгө салуунун мындай өзгөчөлүгү туруктуулук, кесипкөйлүк, иш-билгилик, ордун басуучулук, алмашуучулук жана анын тутумун дайыма жакшыртуу принциптерин ишке ашырууну камсыз кылат. Айрым бир кызматтык орунга иштөөнүн шартында коюлган тиешелүү чектөөлөр укуктук жөнгө салуунун бардык тармактарында уруксат берилет жана ал ишмердүүлүгүнүн түрүнө жана шарттарынын өзгөчөлүгүнө жараша ар кандай категорияларына таандык болгон адамдын укуктук макамынын айырмасына байланыштуу. Бул учурда, жалпы маанилүү конституциялык максаттарга ылайык, мыйзам чыгаруучу тарабынан киргизилип, объективдүү деп эсептелген жана негизделген чектөөлөр Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, тең укуктуулук принцибин бузуу жана басмырлабоого тыюу салуу катары каралбайт. Мындай укуктук көз карашты Конституциялык палата өзүнүн 2014-жылдын 30-апрелиндеги № 27-р чечиминде билдирген.
4. Кыргыз Республикасынын прокуратурасы мамлекеттик бийликтин органы болуп саналат, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөйт, анын укуктук макамы Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
Прокуратура органдарындагы жана мекемелериндеги кызмат мамлекеттик кызматтын түрү болуп саналат жана "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамда бекитилген принциптер менен шарттарда аныкталган, прокурордук кызматкерлер болсо жогоруда аталган Мыйзамдын талаптарын эске алган мамлекеттик кызмат боюнча милдеттерди аткарган мамлекеттик кызматкерлер болуп саналат (44-берене).
Буга байланыштуу, прокуратура органдарында жана мекемелериндеги кызмат мамлекеттик кызматтын атайын түрү болуп саналат, ал Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган, ага жүктөлгөн функциялар менен милдеттерди ишке ашырууга байланышкан мындай кызматтарга кирүү, аны аткаруу жана мындай кызматты токтотуунун өзгөчө түрү болуп саналат жана башка мамлекеттик органдардагы мамлекеттик кызматтар менен окшош эмес.
Буга ылайык, мамлекеттик кызматты аткаруунун бийик деңгээлин камсыз кылуу максатын көздөгөн, прокуратура органдары менен мекемелеринин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүгүнө байланыштуу алардын уюштуруу милдеттери, принциптери менен шартталган атайын талаптарды орнотуу, мамлекеттик кызматка болгон бирдей жеткиликтүүлүккө болгон укукту бузуу катары каралбайт, укуктар өзүнүн эмгекке болгон жөндөмдүүлүгү, Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген кесипти жана эмгек ишмердүүлүгүн тандоо болуп саналат (16-берененин 3-бөлүгү, 20-берененин 2-бөлүгү, 42-берененин 3-бөлүгү, 52-берененин 4-бөлүгү) же бул чектөөлөрдүн конституциялык түзүлүшү менен макул болбогондук болуп саналат (20-берененин 2-бөлүгү).
Мындай көз караш эмгек жана иш тармагындагы басмырлоого карата 1958-жылдын 25-июнундагы № 111 Эмгекти эл аралык уюштуруу конвенциясынын 1-беренесинин 2-пунктуна да каршы келбейт, ага ылайык айрым бир иштерге байланыштуу бөтөнчө (квалификациялык) өзгөчөлүктөргө негизделген эмгек жана иш тармагындагы айырмачылык, жокко чыгаруу жана артыкчылык берүү басмырлоо болуп саналбайт.
Ошентип, прокуратура органдарындагы жана мекемелериндеги кызмат өзгөчөлүгүн эске алуу менен, мыйзам чыгаруучу прокурордук кызматкерлердин кызматына талапкерлик кылган адамдарга өзгөчө талаптарды орнотот. Бирок, прокуратура органдарына жана мекемелерине кызматка кирүү жана өтүү менен байланышкан укуктук жөнгө салууларды ишке ашырып, мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Конституциясынан келип чыккан акыйкаттуулук, теңдик жана шайкештик принциптерин кармануу менен коомдук жана жеке кызыкчылыктардын, конституциялык маанилүү баалуулуктардын ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылышы керек, ал эми киргизилген ченемдер колдонуудагы укуктук жөнгө салуу тутуму менен катар айкындуулук, ачыктык, кош маанилүү эместик жана макулдашуу критерийлерине жооп бериши керек.
5. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Ата-Мекенди коргоо - жарандардын ыйык парзы жана милдети. Жарандарды аскер кызматын өтөөдөн бошотуунун же аны альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат менен алмаштыруунун негиздери жана тартиби мыйзам менен белгиленет (56-берене). Ошентип, конституциялык ченемдин жогоруда көргөзүлгөн жоболорун ишке ашыруучу болуп, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы саналат.
Жарандар чакыруу боюнча аскердик кызматты өтүшөт, ага төмөнкүлөр кирет: мөөнөттүү аскердик кызмат; запастагы офицерлердин кызматы; согуш мезгилинде мобилизация жарыялангандагы кызмат; аскердик жыйындарды өтүүдөгү кызмат, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандык жогорку окуу жайларынын аскер факультеттеринде жана кафедраларында окуу ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгү). Бул учурда, жарандар аскердик кызматты альтернативдик кызмат менен алмаштырууга укуктуу, аны өтүү тартиби жана негиздери мыйзам менен белгиленет (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 56-беренесинин 2-бөлүгү).
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык альтернативдик кызмат Кыргыз Республикасынын жарандарына алардын курагын, диний көз караштарын, үй-бүлөлүк абалын, соттолгондугунун болушун же ден-соолугун эске алып, мөөнөттүү аскердик кызматтын ордуна берилүүчү кызматтын түрү деп түшүндүрүлөт.
Мекенди коргоо үчүн чакыруу боюнча же альтернативдик кызматта аскердик кызматты өтөө жолу менен конституциялык милдеттерин аткарышы жаранды кесиптик ишмердүүлүктү жоопкерчиликтүү жана ак ниеттүү ишке ашырууга жөндөмдүү адам катары мүнөздөйт жана өзгөчө абройлук талап катары каралышы мүмкүн, аны мамлекет прокуратура органдарына жана мекемелерине кызматка турууга талапкерлик кылган адамдардан талап кылууга укуктуу.
Буга байланыштуу мыйзам чыгаруучу прокуратура органдарында жана мекемелеринде кызматты укуктук жөнгө салууну ишке ашырып, алдында турган милдеттердин өзгөчөлүгүн эске алуу менен жана бир учурда чакыруу боюнча аскердик кызматтын кадыр баркын жана жагымдуулугун жогорулатуу максатын көздөп, эгер адам Куралдуу күчтөрдүн катарында же Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн катарында кызмат кылбаса, же запастагы офицерлер программасы боюнча же үй-бүлөлүк абалдан улам альтернативдик (аскерден тышкары) кызматтан аскердик даярдыктан өтпөсө, прокуратура органдарына жана мекемелерине кызматка алынбайт деген шартты киргизди.
Келтирилген ченемдик жөнгө салуу Куралдуу күчтөрдүн катарында же Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн катарында кызмат өтөбөсө, же запастагы офицерлер программасы боюнча же үй-бүлөлүк абалдан улам альтернативдик (аскерден тышкары) кызматтан аскердик даярдыктан өтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясы аркылуу ага жүктөлгөн Мекенди коргоо боюнча милдетти аткарбаган, жана ошону менен, прокурордук кызматкерлер ээ болууга тийиш болгон тиешелүү моралдык-нравалык сапаттарды көрсөтө албаган адамдарды прокуратура органдарына жана мекемелерине кызматка алууга уруксат бербөөгө багытталган.
6. Эгерде адам Куралдуу күчтөрдүн катарында жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүнүн катарында кызматты өтөбөсө, же запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдыктан же үй-бүлөлүк абалдан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдик (аскерден тышкары) кызматтан өтпөсө (45-берененин 3-бөлүгүнүн 8-пункту), прокуратура органдарына жана мекемелерине кызматка алууга тыюу салууну караган, талашка түшкөн "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдери "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында (32-берене) каралган башка негиздер боюнча альтернативдик кызмат өтөгөн адамдардын мындай кызматка кирүүсүнө жол бербейт. Негизинен, соттолгондугу үчүн альтернативдик кызмат өтөгөндөр, Куралдуу күчтөрдө кызмат кылуу жана курал алып жүрүүгө дин тутуусу жол бербеген диний мекемелердин мүчөлөрү, ден соолугунун абалы боюнча альтернативдик кызмат өтөгөндөр прокуратура органдарына жана мекемелерине алынбайт.
Мурда соттолгондугу үчүн альтернативдик кызмат өтөгөндөр "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык прокуратурада мурда соттолгон адамдардын кызмат кылуусуна тыюу салган жоболордун күчү менен прокуратура органдарында жана мекемелеринде кызмат орундарын ээлей албайт (45-берененин 3-бөлүгүнүн 4-пункту).
Прокуратуранын алдында турган, юридикалык таасир этүү үчүн анын кызматкерлери тарабынан атайын каражаттарды жана курал-жаракты колдонуу менен атайын чараларды колдонууга каралган милдеттердин өзгөчөлүгүн жана максатын эске алуу менен, кандайдыр бир акталган жагдайлар түзүлөт, ага ылайык Куралдуу күчтөрдө кызмат кылууга жана курал алып жүрүүгө дин тутуусу жол бербеген, дин ынанымдары боюнча альтернативдик кызматтан өткөн диний мекемелердин мүчөлөрү прокуратура органдарына жана мекемелерине кызматка кире албайт.
Талашка түшкөн ченемден келип чыккандай, ден соолугунун абалы боюнча альтернативдик кызматтан өткөндөр да прокуратура органдарына жана мекемелерине кызмат өтөөдө чектелген.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ден соолук абалы боюнча альтернативдик кызматка Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жободо каралган мөөнөттүү аскердик кызматтан өтөөгө чектөөсү бар адамдар чакырылат, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 771 токтому менен бекитилген мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган, ага ылайык адамдардын аскердик кызмат өтөөгө жарактуулугун аныктоо максатында күбөлөндүрүү учурундагы ден соолугунун абалы изилденип, бааланат. Бул учурда чакырылуучунун ден соолугунун өзгөрүшү мүмкүн болгон учурлар эске алынат.
"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесинин 2-бөлүгүндөгү талаптардан улам, прокуратура органдарында жана мекемелеринде кызмат кылууга талапкерлердин ден соолугунун абалы боюнча жарактуулугу кызматка орношкондо аныкталат. Буга байланыштуу, эгер тиешелүү медициналык корутунду бар болсо, ден соолугунун абалы боюнча альтернативдик кызмат өтөө үчүн негиз болуп кызмат кылган себептер, анын өзгөрүшү мүмкүн болгондугун эске алып, прокуратура органдарында жана мекемелеринде кызмат кылууга тоскоолдук кылган жагдай катары каралбашы керек.
Буга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу тиешелүү мыйзамга бул чечимде келтирилген укуктук көз караштардан келип чыккан, зарыл болгон өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизиши керек.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8, 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41, 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып Конституциялык палата
ЧЕЧТИ:
1. "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесинин 3-бөлүгүнүн 8-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ден соолугунун абалы боюнча альтернативдик кызматтан өткөн адамдарды прокуратура органдарына жана мекемелерине кызматка алуунун мүмкүндүгүн камсыз кылуучу өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилсин.
3. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.
5. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы