Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-июну № 341
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын 1996-жылдьгн 30-октябрындагы № 56 «Энергетика жөнүндө» Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 3-статьяда:
Сегизинчи абзацта «энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр «лицензиар» деген сөзгө алмаштырылсын;
- он төртүнчү абзацта «энергетика жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана мамилелерди жөнгө салууну жүзөгө ашырууга» деген сөздөр «энергетика жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды;» деген сөздөргө алмаштырылсын»;
- төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
«отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан лицензия берүү жана электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газына тарифтерди белгилөө аркылуу отун-энергетикалык комплексинин субъекттеринин ишин мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы;».
2. 8-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар «Энергетика чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу, отун-энергетикалык комплексти жөнге салуу жана энергетика чөйрөсүн көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар энергетикалык ишканалардан өз алдынча иштейт жана алардын өндүрүштүк жана чарбалык ишине кийлигишпейт. Бул ыйгарым укуктуу органдардын функциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.».
4. 10-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
5. 12-статьяда:
- «энергетика чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча мамлекеттик орган» деген сөздөр «энергетика чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу, отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу жана энергетика чөйрөсүн көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- «мүмкүнчүлүккө ээ» деген сөздөр «мүмкүнчүлүгү бар» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
«Электр энергетикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» газетасы, 1997-жылдын 12-февралы, № 8) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 2-статьяда:
- отуз биринчи абзацта «энергетика жаатында мамилелерди жөнгө салуу» деген сөздөр «энергетика жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу функциялары» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы отуз үчүнчү жана отуз төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
«отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан лицензия берүү жапа электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газына тарифтерди белгилөө аркылуу отун-энергетикалык комплексинин субъекттеринин ишин мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы:»
Эсеп борбору - электр энергиясынын ашыкча агымы жана коромжусу боюнча маалыматтарды жыйноо, текшерүү, тууралыгын текшерүү, талдоо, электр энергиясынын балансын түзүү, электр энергетика базарынын бардык катышуучулары үчүн эсеп жүргүзүү, ошондой эле электр энергетика базарынын катышуучуларынын өз ара эсептешүүлөрүнө мониторинг жүргүзүү боюнча борборлоштурулган маалыматтык аналитикалык тутумду пайдалануу менен кызмат көрсөтүүчү өз алдынча уюм.
2. 3-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
3. 5-статьяда:
- биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Юридикалык жана жеке жактар отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү уруксаттаманын негизинде иштин төмөнкүдөй түрлөрү менен алектенүүгө укуктуу:
- электр энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү, сатуу, экспорттоо жана импорттоо (энергиянын жаңыланып туруучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр энергиясын өндүрүүнү, ошондой эле 1000 кВт чейин кубаттуулукта жеке пайдалануу үчүн энергиянын бардык булактарынан электр энергиясын өндүрүүнү кошпогондо);
- жылуулук энергиясын өндүрүү. берүү, бөлүштүруү жана сатуу (энергиянын жаңыланып туруучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр энергиясын өндүрүүнү, ошондой эле жеке пайдалануу үчүн энергиянын бардык булактарынан жылуулук энергиясын өндүрүүнү кошпогондо).»;
- экинчи бөлүктөгү «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна» деген сөздөр «лицензия берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына» деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 6 жана 12-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын.
5. 13-статьянын биринчи бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
6. 15-статьяда:
- биринчи бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
- экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Электр менен жабдууга типтүү контракт бөлүштүрүүчү ишканалардын жана керектөөчүлөрдүн укуктарын жана милдеттерин регламенттейт, ошондой эле электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынын жана/же керектөөчүлөрдү эскертүүсүз өчүрүүнүн натыйжасында топтолгон реалдуу зыянды компенсациялоо боюнча берүүчүнүн милдеттерин милдеттүү түрдө карашы керек.».
7. 18-статьяда «энергетика чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча» деген сөздөр «отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча» деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 21-статьяда:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Тарифтер төмөнкүдөй принциптерге ылайык белгиленет:»;
- төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
9. 25-статьядагы, 27-статьянын экинчи бөлүгүндөгү, 32-статьянын үчүнчү бөлүгүндөгү «энергетика чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча» деген сөздөр «отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча» деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
«Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» газетасы, 2011-жылдын 8-августу, № 66) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-берененин он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«ыйгарым укуктуу орган - табигый жана уруксат берилген монополияларды жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү, монополиялык ишкердикти жана кара санатай атаандаштыкты чектөө, жоюу жаатындагы мамлекттик саясатты жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органдары».
2. 22-берененин 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|