Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-июну № 345
"Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда Бишкек шаарында 2014-жылдын 16-июнунда кол коюлган Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Өнүктүрүү саясатын колдоо боюнча экинчи операция) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда Бишкек шаарында 2014-жылдын 16-июнунда кол коюлган Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Өнүктүрүү саясатын колдоо боюнча экинчи операция) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда Бишкек шаарында 2014-жылдын 16-июнунда кол коюлган Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Өнүктүрүү саясатын колдоо боюнча экинчи операция) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын финансы министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда Бишкек шаарында 2014-жылдын 16-июнунда кол коюлган Каржылоо жөнүндө макулдашуу (Өнүктүруү саясатын колдоо боюнча экинчи операция) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө билдирсин.
3-берене.
Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|