Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-июну № 350
"Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда Бишкек шаарында 2014-жылдын 19-июнунда кол коюлган Инвестициялык климатты жакшыртуу программасы - З-подпрограмма боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамыным долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелтендер жактырылсын:
- "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда Бишкек шаарында 2014-жылдын 19-июнунда кол коюлган Инвестициялык климатты жакшыртуу программасы - 3-подпрограмма боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда Бишкек шаарында 2014-жылдын 19-июнунда кол коюлган Инвестициялык климатты жакшыртуу программасы - 3-подпрограмма боюнча гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын экономика министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берсне.
Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда Бишкек шаарында 2014-жылдын 19-июнунда кол коюлган Инвестициялык климатты жакшыртуу программасы - 3-подпрограмма боюнча гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Азия өнүктүрүү банкына аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|