Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-июну № 358
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К. Келдибеков демилгелеген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-июнундагы № 358 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К. Келдибеков демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутундуга келди.
Ушул мыйзамдын долбоорунда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 222-беренесин 25 пайыздан кем эмес өлчөмдөгү бөлүштүрүлбөгөн пайда эсептелген жана төлөнгөн дивиденд деп тааныларын жана акционердин катышуу үлүшүнө ылайык төлөнгөн булактан жалпы негизде салык алына турганын белгилөөчү 5-бөлүк менен толуктоо сунушталган. Ошондой эле 223-беренесинин 5-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 222-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык эсептелген жана төлөнгөн дивиденд болуп таанылган бөлүштүрүлбөгөн пайда кирешенин төлөөлөрүнө кирээрин караган экинчи абзац менен толуктоо сунушталган.
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин l-бөлүгүнө ылайык дивиденддер акционерлердин менчиги болуп санала тургандыгын белгилейбиз. Дивиденддер акционерлер арасында алардын менчигинде турган акциялардын санына пропорционалдуу бөлүштүрүлөт.
Мында, акционердик коом дивиденддерди төлөөгө жыл ичиндеги иштин жыйынтыгы боюнча акционердик коомдун карамагында калган таза пайданын 25 пайыздан кем эмесин жумшоого тийиш.
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык дивиденддерди төлөө мөөнөтү жана тартиби коомдун уставы же акционерлердин жалпы чогулушунун чечими менен аныкталат.
Берилген Мыйзам долбоорундагы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 222-беренесин толуктоочу 5-бөлүгүн "25 пайыздан кем эмес" деген сөздөрдөн мурда "салык салуу максатында" деген сөздөр менен толуктоо зарыл деп эсептейбиз.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул мыйзам долбоорун жогоруда аталган сунуштарды эске алуу менен кабыл алуу мүмкүн деп эсептейт.