Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-июну № 361
Пенсиялык топтолгон каражаттарды инвестициялоонун натыйжаларын эсептөө тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу
Пенсиялык топтолгон каражаттарды инвестициялоонун натыйжаларын эсептөөнүн бирдиктүү методикасын аныктоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Пенсиялык топтолгон каражаттарды инвестициялоонун натыйжаларын эсептөө тартиби жөнүндө убактылуу жобо бекитилсин.
2. Бул токтом 2013-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана 2015-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
3. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |