Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июнундагы № 361 токтому менен бекитилген |
1. Бул Убактылуу жобо Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - Соцфонд) пенсиялык топтолгон каражаттарды ишенимдүү башкарууну ишке ашырган мезгилде колдонулуучу, пенсиялык топтолгон каражаттарды инвестициялоонун натыйжаларын эсептөөнүн эрежелерин белгилейт.
2. Отчеттук жыл аяктагандан кийин жылына бир жолу камсыздандырылган жарандардын энчилүү камсыздандыруу эсептеринин топтомо бөлүгүндө аларды чагылдыруу үчүн чогултулган пенсиялык каражаттарды инвестициялоонун натыйжалары эсептелип чыгарылат. Бул Убактылуу жобонун максаты боюнча отчеттук жыл катары 1-январдан 31 -декабрга чейинки мезгил эсептөө мезгили болуп саналат.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ар бир инвестициялык портфели үчүн төмөнкүлөр эсептелет:
- пенсиялык топтолгон каражаттарды администрациялоого жана инвестициялоого байланыштуу жумшалган чыгымдарды эске алуу менен пенсиялык топтолгон каражаттарды инвестициялоонун натыйжасында эсептөө мезгилинде алынган кирешенин салыштырмалуу чоңдугу -инвестициялык портфелдин өсүшүнүн коэффициенти;
- пенсиялык топтолгон каражаттарды инвестициялоонун - инвестициялык портфелдеги чыгымдардын натыйжасында эсептешүү мезгилинде жумшалган жана инвестициялык портфелди түзгөн чыгымдардын салыштырмалуу чоңдугу - инвестициялык портфелдин чыгымдарынын коэффициенти
4. Соцфонддун инвестициялык портфели үчүн инвестициялык портфелдин өсүшүнүн коэффициенти (к_өсүш) төмөнкү формула боюнча үтүрдөн кийин он экинчи белгиге чейинки тактыкта эсептелет:
К_өсүш = Sk7 (So+Sn-Sm), мында
Sk - отчеттук жылдын акыркы жумуш күнүндөгү абалы боюнча Соцфонддун инвестициялык портфелин түзгөн таза активдердин наркы;
So - мурдагы эсептөө мезгилинин, жылдын акыркы жумуш күнүндөгү абалы боюнча инвестициялык портфелди түзгөн таза активдердин наркы;
Sn - эсептөө мезгилинин ичинде Мамлекеттик пенсиялык топтомо фонддун (мындан ары - МПТФ) эсебине келип түшкөн чогултулган пенсиялык каражаттардын суммасы;
Sm - эсептөө мезгилинин ичинде МЧПФтин эсебинен төлөөлөргө жумшалган пенсиялык топтолгон каражаттардын суммасы.
Отчеттук жылдын акыркы жумушчу күнүндөгү (мурдагы эсептөө мезгилиндеги, жылдын акыркы жумушчу күнүндөгү) абалы боюнча инвестициялык портфелди түзгөн таза активдердин наркын эсептөөдө эсептөө мезгилиндеги (мурдагы эсептөө мезгилинин, жылдын) жыйынтыгы боюнча эсептелген керектүү чыгымдардын өлчөмүнүн чегинен ашкан суммалар эске алынат.
5. Инвестициялык портфелдин чыгымдарынын коэффициенти (К_чыгымдар) ар бир инвестициялык портфель үчүн төмөнкү формулабоюнча үтүрдөн кийин он экинчи белгиге чейинки тактыкта эсептелет:
К_чыгымдар = R/ (So+Sn-Sm), мында
R - инвестициялык портфелди түзгөн, пенсиялык топтолгон каражаттарды администрациялоо жана инвестициялоо боюнча эсептешүү мезгилинде жумшалган чыгымдардын суммасы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген зарыл болгон чектүү өлчөмүнө жараша эсептелген чыгымдардын суммасынан ашпайт:
So+Sn-Sm - бул Убактылуу жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн чоңдуктар.
6. Инвестициялык портфелдин өсүшүнүн коэффициентинин жана инвестициялык портфелдин чыгымдарынын коэффициентинин эсеби төмөнкүлөрдүн негизинде эсептелет:
- пенсиялык топтолгон каражаттар инвестицияланган пенсиялык активдердин нарктарынын эсептеринин;
- пенсиялык топтолгон каражаттар инвестициялоодон алынган кирешелер жөнүндө отчеттордун.
7. Ушул Убактылуу жобого ылайык инвестициялык портфель үчүн эсептелген, курамына эсептешүү мезгилинин аягында камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтолгон каражаттары кирген осүш коэффициенти жана чыгымдар коэффициенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте энчилүү камсыздандыруу эсебинин топтомо бөлүгүндө чагылдырылат.
8. Ушул Убактылуу жобого ылайык эсептелген жана энчилүү камсыздандыруу эсебинин топтомо бөлүгүндө чагылдырылган инвестициялык портфелдин өсүш коэффициенти, аларды инвестициялоонун натыйжаларын эске алуу аркылуу камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтолгон каражаттарынын суммаларын эсептөө үчүн пайдаланылат, ал төмөнкү формула (Sз/л) боюнча эсептелинет:
Si=S(j-l)
Sз/л = Sj + £ SiKiK(i+l)...K(j-l), мында
Si
i - эсептешүү мезгили (i=j - учурдагы жыл);
Si - энчилүү камсыздандыруу эсебинин топтомо бөлүгүндө чагылдырган жана жылда i жайгаштыруу үчүн берилген пенсиялык топтолгон каражаттардын суммасы;
Sj - энчилүү камсыздандыруу эсебинин топтомо бөлүгүндө чагылдырылган жана учурдагы жылда берилген (бериле турган) пенсиялык топтолгон каражаттардын суммасы.
ki -ушул Убактылуу жобого ылайык i -эсептөө мезгилинде эсептелген жана энчилүү камсыздандыруу эсебинин топтомо бөлүгүндө чагылдырылган i -эсептөө мезгилинин аягындагы абалы боюнча камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтолгон каражаттары кирген инвестициялык портфелдин өсүү коэффициенти.