Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2018-жылдын 22-январындагы N 49 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 21-январы № 31
"Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин туризмди
өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын Программасы жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын
2-февралындагы № 33 токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча координациялык кеңештин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жана кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин туризмди өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын Программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-февралындагы № 33 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтомго тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.".
2. "Кыргыз Республикасында 2010-жылга чейин туризмди өнүктүрүү боюнча иш-чараларынын Программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-февралындагы № 33 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-январындагы № 1 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 21-январындагы № 31 токтомуна тиркеме |
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-февралындагы № 33 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Координациялык кеңешинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Координациялык кеңешинин төрагасынын орун басары.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөр жай, соода, туризм, чакан, орто бизнес, транспорт, коммуникация, курулуш жана архитектураны өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы;
Кыргыз туризм академиясынын ректору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Мейманкана жана ресторан бизнеси ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын экстремалдык туризм жана альпинизм федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Жамааттарга негизделген кыргыз туризм ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
"Муза туризма и путешествия" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору (макулдашуу боюнча);
Кыргызстан профсоюздар федерациясынын "Кыргызсоветкурортунун" төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча);
"Karven Group" компаниясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Пансионаттар ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Хаятт Ридженси" отелинин башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча);
Туристтик операторлордун кыргыз ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
"Тянь-Шань трэвэл" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору (макулдашуу боюнча);
"САТ" Борбордук-Азиялык туристтик корпорациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
"САТS" жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Аппарат жетекчиси- министри |
М.Исмаилов |