Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-июлу № 371
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Банги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Too" газетасы, 2013-жылдын 15-марты, № 20) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
9-берене:
- төмөнкүдөй мазмундагы 71-пункт менен толукталсын:
"7) эгерде администрациялык укук бузгандыгына же кылмыш жасагандыгына шектенүүгө жетиштүү далилдер болсо, администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жарандардын жеке өздөрүн, алардын буюмдарын, кол жүктөрүн, багажын, автоунаа каражаттарын кароону, протоколдорду түзүүнү, буюм заттарын, каражаттарын, буюмдарын жана документтерин алууну жүзөгө ашырууга;";
- төмөнкүдөн мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21) "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте банги заттарды контролдоо боюнча органдын расмий өкүлдөрүн чет мамлекеттерге жана эл аралык уюмдарга жиберүүгө.";
- төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Ушул берененин 71-пунктунда көрсөтүлгөн жетиштүу негиздер деп изин суутпай издөө иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ыкчам-издөө иш-чараларын жүзөгө ашырууда жарандан, анын буюмдарынан же болбосо автоунаа каражатынан табылган банги каражаттары, психотроптук заттар, жана/же мыйзамсыз жүгүртүүгө тыюу салынган башка буюм заттар, заттар же каражаттар (уруксат берүүчү документтери жок болгон учурда) жөнүндө банги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине белгилүү болгон маалыматтардын бар экендиги түшүндүрүлөт.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2,116-бер.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
12-беренеде:
- 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"банги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринен;
жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринен;";
- 5-бөлүк "ички иштер," деген сөздөрдөн кийин "банги заттарды контролдоо, жазык-аткаруу тутумунун" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомостгору, 1999-ж., № 8, 396-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
1.151-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"банги заттарды контролдоо боюнча кызматтын катардагы кызматкери (курсанты);".
2. Мыйзамдын тиркемесинин "Банги заттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине ыйгарылуучу атайын наамдар" графасынын "Кенже аскердик наамдар, класстык чендер, атайын класстык чендер жана атайын наамдар" бөлүмүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"банги заттарды контролдоо кызматынын катардагы кызматкери (курсанты);".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|